Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:30

Мигранттардын укук коргоочусуна иш козголду


Бахром Хамроев.
Бахром Хамроев.

Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттардын жана качкындардын укугун коргогон адвокат Бахром Хамроевди полиция "адамдарды мыйзамсыз каттоого тургузган" деп айыптап жатат.

Юрист жана укук коргоочу Бахром Хамроев Өзбекстанда туулган, бирок 1992-жылдан бери Орусияда жашайт. Ал Москвадагы “Мемориал” укук коргоо уюмунда борбор азиялыктардын укуктарын коргоо боюнча иш алып барат жана алардын Орусияда жаңы жашоо башташына көмөктөшүп келет. Бирок азыр "адамдарды мыйзамсыз каттоого тургузган" деп Хамроевдин өзүнө кылмыш иши козголуп отурат.

Орусиянын Ички иштер министрлиги Бахром Хамроев өз батирине эки адамды – өзбекстандык жана тажикстандык качкындарды мыйзамсыз каттоого тургузган деп шек саноодо. Башкача айтканда, алар ушул даректе жашабаса деле, каттоого тургузуп, документтерди өз колу менен толтурган деп айыптап жатат. Өз мекениндеги куугунтуктан качып келген бул адамдарды орус бийлиги экстрадиция кылууга аракеттенгенде Хамроев Адам укуктары боюнча Европа соту аркылуу алардын Орусияда качкын макамын алышына жетишкен.

- Бизде алар дайыма менин батиримде болушат деген макулдашуу болгон эмес. Алар эркин адамдар. Бирок качкын Валишер чынында эле менин үйүмдө жашаган. Мен командировкага кеткен кезде батириме аны калтырып кетчүмүн. Бул эки киши тең Орусиядан баш паанек алган. Бийлик болсо алардан каттоосун талап кылат, - деди Бахром Хамроев​.

Укук коргоочунун айтымында, эгер өзбекстандык жана тажикстандык жарандар учурунда каттоого турбаса, алар "каттоого турган эмес" деп да соттолушу толук мүмкүн болчу. Эгер алар өз мекенине депортация болсо, бул өлүмгө тете иш болмок.

Бахром Хамроев Орусиянын соту 20 жылга соттогон украиналык режиссер Олег Сенцовду колдогон акция өткөргөн.
Бахром Хамроев Орусиянын соту 20 жылга соттогон украиналык режиссер Олег Сенцовду колдогон акция өткөргөн.

Укук коргоо органдары козголгон кылмыш ишинин алкагында эки адам катталган дарегинде жашабай турганын далилдеш үчүн Хамроевдин үйүн бир канча жолу тинтишкен. Өзүн болсо бир канча жолу полицияга чакырып, суракка алышкан.

Бахром Хамроевге кылмыш ишинин козголушун анын укук коргоочулук иши менен байланыштыргандар да бар. Адвокат Тимофей Широков буларга токтолду:

- Бул жерде сөз “чоюлган” батирлер жөнүндө болуп жаткан жок. Ал чындап эле муктаж адамдарды каттоого тургузган. Жөн гана каттоого турмак түгүл, ал адамдар ошол жерде жашаган. Бирок бийлик болбогон бир нерселерге, алардын үйдө убактылуу болбогонуна гана жармашып жатат. Албетте, Бахром Махдонович алардын кароолчусу эмес да.

Өз мекенинде жасалма айып менен иш козголуп, эл аралык издөөгө алынган адам убактылуу жашап жаткан өлкөсүндө көп кыйынчылык тартат. Алардын бири Фируз да учурда Хамроевден адвокаттык жардам сурап жүрөт. Аны тергөө абагында бир жыл отургандан кийин департациялоо борборуна жөнөтүшкөн, бирок укук коргоочулардын кийлигишүүсү менен Фируз эркиндикке чыкты.

- Биз Орусиядан баш калка алганга аракеттенип жатабыз. Анткени бул жерде менин үй-бүлөм, балдарым бар. Эгер мени үйгө кетирип жиберишсе, аларды ким багат? Ал эми үйгө жөнөтүп жиберсе, Өзбекстандан кайра кайтып келбейсиң, - дейт Фируз.

Сот укук коргоочу жана юрист Бахром Хамроевди “адамдарды мыйзамсыз каттоого тургузган” деген айып боюнча күнөөлүү деп тапса, анда ири айыппул төлөшү мүмкүн же үч жылга чейин соттолушу ыктымал.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG