Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Молдова: Мигранттын добушу маанилүү


Чет жактагы молдовандардын көбү өлкөсүндөгү коммунисттик режимге каршы
Чет жактагы молдовандардын көбү өлкөсүндөгү коммунисттик режимге каршы

Молдовада эртең чечүүчү парламенттик шайлоо өтөт. Ал өлкөнү азыркы саясий туңгуюктан чыгарышы мүмкүн, же жаңы башаламандыктарга алып келиши да ажеп эмес. Көп нерсе чет-мамлекеттердеги молдовалыктардын шайлоого катышаар-катышпасына жараша болот.

Тюдор Стратан дээрлик 10 жыл мурда Испанияга көчүп кеткен. Азыр эки перзенттин атасы Стратан - Европанын эң жакыр өлкөсүндөгү тууган-туушкандарына жардам кылып жүргөн молдовандардын чоң диаспораларынын биринин өкүлү.

Расмий маалыматтарга ылайык, учурда жарым миллиондой молдован чет-өлкөлөрдө мигрант болуп жүрөт. Айрым башка эсептерге караганда, чет жактарда жүргөн молдовандар бир миллиондон ашат экен. Бул - Молдованын калкынын төрттөн бир бөлүгү. Молдован мигранттары өлкөсүнө жиберген акча алардын өзүнүн өлкөсүнүн Ички дүң продуктусунун үчтөн бир бөлүгүн ээлейт.

Биз бу шайлоодон көптү үмүттөнүп жатабыз
Ошентсе да чет-өлкөлөрдө жүргөн молдовандардын көпчүлүгү 29-июлдагы парламенттик шайлоого катыша албай калышат.

Тюдор да шайлоого бара албайт, анткени Испанияда Молдова бир да шайлоо бекетин ачпай турганын билдирген. Эң эле жакын деген бекети Португалияда ачылат.

“Лиссабон мен жашаган жерден миң чакырым алыста орун алган, - дейт Тюдор. - Ал жакка барыш үчүн акча да керек, убакытты да алат. Чынында, уят эле болдук. Коммунисттерге картайган молдовандар гана добуш берет, бирок алар Молдованын келечеги эмес”.

Шайлоо азыр өлкө саясий туңгуякка кептелип турган учурга туш келип турат. 5-апрелде өткөн шайлоодо коммунисттер жеңди деп табылган эле. Бирок оппозиция анын жыйынтыгы бурмаланды деп, нааразылыкка чыккан.

Алардын артынан жини келген миңдеген добуш берүүчүлөр көчөгө чыгып, парламентке да, президенттин ишканасына да чабуул коюшкан. Мамлекет бул өңдүү демонстрацияны эгемендүүлүк алгандан бери, 18 жылдан бери, көрө элек болчу.

Молдовадагы акыркы демонстрациялардын биринде ага чыккандар "Коммунизмди тарыхтын таштандысына ыргытууга" чакырып жатышты
Коммунисттер эки жолу тең мамлекет башчыны тандай албай коюшкандан кийин, президенттик мөөнөтү аяктап бараткан Владимир Воронин парламентти таркатып, жаңы шайлоо өткөрүүнү буйруду.

Азыр либерал идеяларды каалаган молдовандар 2001-жылдан бери бийликте турган коммунисттик партияны бу шайлоодо жыгууну самашат.

Лондондо курулуштарда иштеген 29 жаштагы Силвиу Маркутса өзү менен бирге иштеген молдовандарды да шайлоого сөзсүз катышып, өз тандоосун жасаганга үндөп жатыптыр.

“Биз бу шайлоодон көптү үмүттөнүп жатабыз, - дейт Маркутса. - Көп нерсени биз чече алабыз, анткени чет-өлкөлөрдө жашаган молдовандар арбын. Мен баарына: “Коркпогула, шайлоого келип катышкыла! Биз өзгөртө алабыз” демекчимин”.

29-июлдагы шайлоодо Маркутса Либералдар партиясына добуш бере турганын айтты. Ал шаардын борборунда жашайт, андыктан Лондондогу молдовалык консулдук кызматта добуш бере алат. Бирок Тюдор Стратан сыяктуу көптөгөн молдовандар шайлоого катышайын десе да, жакын арада шайлоо бекетинин жоктугунан катыша алышпайт.

Чет-өлкөлөрдө шайлоо бекеттеринин аздыгынан апрелдеги шайлоодо болгону 17 миң молдован добуш бере алды. Анын үстүнө, чет мамлекеттерде мигрант болуп жүргөндөрүнүн көбү, кыргыз мигранттарындай эле, мыйзамсыз иштешет. Демек, шайлоого катышууга укугу да жок. Добуш берүүгө тоскоолдуктардын дагы бири – анын мурдагыдай жекшембиде эмес, шаршембиде өтүп жатышы. Чет-мамлекеттердеги ишканалардын кайсынысы молдовандар шайлоого катышып калышсын деп, 2-3 саатка жумуштан бошотмок эле?

Молдовандардын диаспораларынын өкүлдөрү чет-мамлекеттерде кошумча шайлоо бекеттерин ачуу өтүнүчү менен президент Воронинге кат да жолдошкон. Алар интернет аркылуу добуш берүүгө да уруксат берилишин каалашкан. Муну Еврокеңеш менен Европарламент колдоп чыгышты. Бирок бийликтер буга көп каражат керек деп гана тим болушкан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG