Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:44

Молдова: Президентти тандаганга жарабаган жаңы парламент


Молдовалыктар акыркы жыйынтыкты күтүп жатышат
Молдовалыктар акыркы жыйынтыкты күтүп жатышат

Жекшембиде Молдовада парламентке шайлоо өттү. Андагы добуштар толугу менен эле саналып бүттү, бирок расмий жыйынтык чыгарыла элек. Анткени Борбордук шайлоо комиссиясы азыр шайлоого байланыштуу арыздарды карап жатат. Азырынча айтылган алдын ала жыйынтыкка караганда, Европага ыктаган башкаруучу альянс алдыда баратат. Бирок ага кирген партиялардын баарынын добушун кошкондо да, алар президентти өз алдынча тандаш үчүн зарыл болгон 61 орунду ээлей алышпады. Бул дегени соңку бир жарым жылдан берки саясий туңгуюктан өлкө жакын арада чыкпай калышы ыктымал дегенди билдирет.

Молдовалыктар соңку эки жылдан бери үчүнчү ирет парламентти шайлашты. Бул ирет да алар өлкөнүн келечеги тууралуу өздөрүнүн каалоосун ачык көрсөтө алышкан жок.

Эч кимди сүйүнтпөгөн жыйынтык

Добуштар толук саналып бүткөндөн кийинки ахыбал өлкөдө орусиячыл коммунисттер менен батышчыл башкаруучу коалиция ортосундагы көптөн берки тирешүү дагы улана турганын айгиниледи.

Алдын ала жыйынтыктарга караганда, шайлоочулардын 42% добушун алган коммунисттер Молдовада дале эң алдыдагы саясий күч бойдон калышууда. Премьер-министр Влад Филаттын Либерал-демократиялык партиясына 29,4% добуш тийгени айтылууда. Андан ары 12,7% добуш топтогон Демократиялык партия жана 10% добушу менен Либералдык партия турат. Ошол коалициядагы төрт партиянын бири – “Биздин Молдова альянсы” – бул ирет парламентке кириш үчүн 5% тосмодон өтө алган жок.

Премьер-министр Филат шайлоо күнү кечинде алардын коалициясы үчүн алдыда аткара турган иш көп болоорун белгилеген.

“Биз бул шайлоонун жыйынтыгын майрамдай алабыз, - деди өкмөт-башчы, - бирок ал майрам да шайлоонун жыйынтыгындай эле кыска болушу керек. Бул көбүрөөк жоопкерчилик дегенди, эртеңден тарта биз шымаланып ишке киришишибиз керек дегенди билдирет”.

"Виски ичкенге эрте..."

Коммунисттик партия болсо былтыр июлда парламенттеги көпчүлүктөн айрылып калгандан бери мунасага барууну токтоткон өңдүү. Анын расмий өкүлү Марк Ткачук азыр алар расмий жыйынтыкты күтүп жатышканын билдирди.

“Азыр виски ичип жаткандар - биз билебиз, алар шампан ичишпейт - бир аз ашыгып жатышат дегим келет, - дейт Ткачук. – Коммунисттик партия болсо шашылбайт. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялагандан кийин гана биз ага ачык комментарий бере баштайбыз”.

Коммунисттер бул жолку шайлоодо 101 орундуу парламенттен кеминде 65 орунду ээлейбиз го деп болжошкон. Бирок азырынча айтылган жыйынтыктарга караганда, аларга болгону 42 орун тийет.

Молдовадагы бул жолку шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун 300 ашуун байкоочусу көз салышты. Байкоочулардын ал миссиясы алдын ала баяндамасында добуш берүү ачык жана акыйкат өткөнүн, демократиялык стандарттарга жооп бергенин билдирген эле.

Бүтпөгөн сериал

Бул өлкөдө былтыр марттан бери президент жок. Анын милдетин азырынча парламенттин спикери Михай Гимпу аткарып жатат. Гимпу парламентте европачыл коалицияны да башкарат.

Былтыр жазындагы шайлоодо коммунисттер утканына нааразы болгондор Кишиневдо массалык башаламандык уюштурушкан. Июлда кайра шайлоо өткөрүлүп, анда коммунисттер парламентте көпчүлүк орунду реформачыл коалицияга алдырып коюшкан эле. Бирок коммунисттер баары бир парламентте президентти шайлаш үчүн добуш берүүгө бөгөт коюп койгонго добушу жетиштүү болчу. Ошентип, Молдовада соңку дээрлик эки жылдык саясий кризистин учурунда парламент эки ирет тең президентти шайлай албай, таркатылган. Байкоочулар бул ирет да ал туңгуюктан чыгуунун жолу көрүнбөйт дешет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG