Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Молдова: шайлоодо европачылдар алдыда


Молдова Европанын эң жакыр өлкөлөрүнүн бири жана 4 миллиондой элинин 78 процентке жакыны молдовандар, калган 14 проценти орустар жана украиндер.
Молдова Европанын эң жакыр өлкөлөрүнүн бири жана 4 миллиондой элинин 78 процентке жакыны молдовандар, калган 14 проценти орустар жана украиндер.

30-ноябрда Молдовада болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы белгилүү боло баштады. Алдын ала эсептөөлөр көпчүлүк эл Европа биримдиги менен жакындашууну каалаган партиялар үчүн добуш бергенин көрсөтүүдө.

Анткен менен бир да партия өз алдынча өкмөт түзө алчудай эмес. Ошон үчүн башка партиялар менен коалиция түзүшү зарыл болот, сыягы.

Бюллетендердин 91 проценти саналгандан кийин, европачыл үч партия: Либерал демократтык партия (19,45%), Демократтык партия (15,7%) жана Либералдык партия (9, 4%) чогуу 44, 55 % процент добуш алганы маалым болду. Орусиячыл Социалисттер партиясын шайлоочулардын 21, 4 % колдогон жана алар Компартия (17,9) менен бирге 39 % добушка ээ.

Европачылдар өз ара мунасага барса, 101 орундуу парламентте көпчүлүктү түзүп калат. Бирок мурда алардын ич ара ыркы жок болгондуктан, коалицияга биригүү боюнча сүйлөшүү катаал болушу мүмкүн.

Либерал-демократтык партия жана Демократтык партия европачыл коалициянын бир канаты жана 2009-жылдан бери бийликте. Бул өкмөт июнда Евробиримдик менен Ассоциациялык, ошондой эле эркин виза режимине кол койгон. Либералдар болсо былтыр башкаруучу коалициядан чыгып, оппозицияга кошулган.

Социалисттер партиясы өлкөнүн Москва башындагы Бажы биримдигине кирүүсүн жактайт.

Европачылдар, тескерисинче, Бажы биримдигин Путиндин мурдагы советтик республикалар менен байланышты бекемдөөнүн жана Батыштын региондогу таасирин чектөөчү механизми деп эсептешет.

Кишиневдун көчөлөрүнө илинген Социалисттер партиясынын шайлоодогу үгүт жарнагы. 29-ноябрь, 2014-жыл
Кишиневдун көчөлөрүнө илинген Социалисттер партиясынын шайлоодогу үгүт жарнагы. 29-ноябрь, 2014-жыл

Коммунисттик партия Молдованын Евробиримдикке интеграциялануусуна каршы эмес. Бирок Москва менен жакшы мамиле күтүүгө чакырып, молдовалык өндүрүшчүлөрдү коргобойт деп, Ассоциациялык келишимдин соода бөлүгүн кайра кароого чакырууда.

30-ноябрдагы шайлоого үч күн калганда орусиячыл “Patria” партиясы сырт өлкөдөн мыйзамсыз каржыланган деп, өнөктүктөн четтетилди. Анын лидери Ренато Усатый айыптоону четке кагып, Орусияга учуп кетти.

Расмий Москва орусиячыл партиянын шайлоодон чыгарылышы саясий өнөктүк демократиялуу өттүбү деген олуттуу суроо жаратарын билдирди.

Молдовада добуш берүү чыр-чатаксыз өткөнү кабарланууда. Бирок, маалымдалгандай, Москвада эмгектенген молдовалыктар добуш берүү үчүн узак кезек күтүштү. Орусияда молдовалыктар үчүн беш шайлоокана ачылган. Молдованын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, былтыр чет өлкөдө 300 миңдей адам иштеген. Ал эми Улуттук банк акчага которгон адамдардын санына таянып, 700 миңдей эмгек мигранты бар деп эсептеген. Чет элдик диаспора менен байланыш агенттигинин билдиришинче, чет өлкөдө 650 миң молдовалык бар болсо, алардын 300 миңи Орусияда иштейт.

Парламенттик шайлоого жикчил жана Москва колдогон Приднестровье региону катышкан жок. Кишиневдун амирин тааныбаган бул чөлкөмдө 200 миңден ашун Молдова жараны жашайт.

Молдованы кекиртектен алган нерсе-бул коррупция. Бул жөнүндө өлкөнүн 2001-2009-жылдардагы президенти, коммунисттердин лидери Владимир Воронин да шайлоо күнү айтты:

Владимир Воронин.
Владимир Воронин.

- Мен акыркы беш жылда уланып жаткан балакеттен, ошондой эле коррупция менен мафиядан биротоло айрылуу үчүн добуш бердим. Бул нерсе Молдованы бардык букаралары менен чогуу чырмап алган. Ошол үчүн биз өнүкпөй жатабыз...

Ал эми премьер-министр Юрие Лянке өлкөнү коррупциядан чыгаруу үчүн Батыштан кесипкөй адистерди алып келиш керек дейт:

- Эң маанилүү нерсе бул жакка келүүчү жана бизге системаны реформалоого жардамдашуучу батыштык профессионалдарды: пенсиядагы юристтерди, судьяларды, коррупцияга каршы эксперттерди табуу.

Молдова парламентинин мурдагы төрагасы, Либералдык партиянын лидери Михай Гимпунун оюнча да өлкө колу таза сотторго, полициячыларга жана кызматкерлерге муктаж.

Молдова Европанын эң жакыр өлкөлөрүнүн бири жана 4 миллиондой элинин 78 процентке жакыны молдовандар, калган 14 проценти орустар жана украиндер.

XS
SM
MD
LG