Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:09

Молдова: "тамыр тартышкан" жолугушуу


4-январда Молдова президенти Игорь Додон Приднестровье регионунун башчысы Вадим Красносельский менен жолугушат.

Молдовадан бөлүнүп, өзүн республика деп жарыялаган регион башчысы менен жолугушуу диалогдун башталышына негиз боло алабы? Молдованын орусиячыл президенти Додон Орусия колдогон жикчил регионду кайтаруу аракетин Молдова саясат таануучулары кандай баалайт?

Президент Игорь Додондун Фейсбук аркылуу маалымдаганына караганда, ал өзүн Приднестровье Молдова Республикасы деп жарыялаган региондун башчысы Вадим Красносельский менен 4-январда жумушчу жолугушуу өткөрөт.

Игорь Додондун айтымында, жолугушуу Приднестровье маселеси боюнча сүйлөшүүнү активдештирүү үчүн зарыл. Бул маселе 17-январда Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүдө да негизги темалардан болмокчу.

Красносельский өз кезегинде, 2006-жылдагы референдумдун негизинде Приднестровьенин көз карандысыздыгына жана Орусия менен тыгыз байланышка артыкчылык берерин билдирген. Бирок Приднестровьенин көз карандысыздыгы боюнча референдум Молдова жана эл аралык коомчулук тарабынан таанылган эмес.

Ноябрь айындагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Игорь Додон президенттик мөөнөтү учурунда Приднестровье маселесин чечүүгө убада кылган. “Бизде чечилбеген бир нече маселе бар. Сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелген кырдаал биз үчүн кабыл алгыс” деген Додон.

Молдовалык саясат таануучулар Молдова президенти Игорь Додондун Приднестровье регионун өлкө курамына кайтарууга сынчыл көз карашта. Саясат таануучу Игорь Волнецки:

- Бул таанышуу сапары болот. Молдованын жаңы президенти менен Приднестровьенин жаңы башчысы бири биринин "тамырын тартып көрүп", диалог жүргүзүү мүмкүндүгүн байкашат. Анда маанилүү бир нерсе чечилет деп күтүүгө болбойт. Ал жолугушуунун өзү башкы натыйжа болуп калат.

Волнецки 2003-жылы Молдова маселесин чечүү боюнча Орусия сунуштаган концепцияны эске салды. Козактын меморандуму деп аталган ал сунушта Молдованы федералдаштыруу каралган. Федеалдык мамлекет Молдова, Приднестровье жана Гагаузиядан турууга тийиш болгон. Бирок Молдованын ал кездеги президенти Владимир Воронин ал планды аткарууга каршы чыккан. Анткени Молдова коомчулугунда федералдашууга каршылык күчтүү болгон.

Волнецкинин пикиринде, Москва бул ирет да Молдованы федералдаштырууну алдыга түртүшү күтүлөт. Федералдашкан Молдовада Приднестровье жана Гагаузия тышкы саясатка таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, Молдованын Европа Биримдигине киришине тоскоолдук жаратышы керек.

Молдовалык дагы бир саясат таануучу Игорь Боцан да 4-январда таанышуу сапары болот дейт. Анын пикиринде буга чейинки президент Владимир Воронин Додонго караганда көбүрөөк орусиячыл президент болгон. Бирок ал ага Приднестровье маселесин чечүүгө жардам берген эмес дейт:

- Бизде тажрыйба бар. Воронин президенттигинин башында ага караганда көбүрөөк орусиячыл болгон. Ал президент Владимир Путинге Орусия жараны Смирновду чакыртып алууну да сунуштаган. Бирок кийинчерээк Москванын маселени чечүүгө кызыкдарлыгы жок деп билдирүү жасоого аргасыз болгон. Ошону менен бул жаңжал көп мезгилдик болуп токтоп калды.

500 миңдей калкы бар Приднестровье региону 1991-жылы СССР тараган мезгилде өзүн Приднестровье Молдова Республикасы деп жарыялаган. Молдова менен жикчилдер ортосунда согуш чыгып, эки тараптын тиреши күчөгөн.

2006-жылы Приднестровье референдум өткөрүп, эгемендүүлүгүн жарыялаган болчу. Молдова бул чөлкөмдө өткөрүлгөн референдум жана шайлоолорду тааныган эмес. Жикчил регионду өзүнө кайтаруу аракетин жасап келатат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG