Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Монголиянын Ички жана Борбордук Азиядагы өрнөгү


Цахиагийн Элбэгдорж Улаан-Баатар шаарында шайлоо өнөктүгү маалында эл алдында ыр аткарып берди. 2009-жылдын 22-майы. EPA.
Цахиагийн Элбэгдорж Улаан-Баатар шаарында шайлоо өнөктүгү маалында эл алдында ыр аткарып берди. 2009-жылдын 22-майы. EPA.

Монголиянын жаңы шайланган президенти Цахиагийн Элбэгдорж 18-июнда салтанаттуу түрдө ант берип, кызматына киришти. Оппозициядагы Демократиялык партиянын өкүлүнүн 24-майдагы президенттик шайлоодо жеңип чыгышы пост-коммунисттик Монголияда демократиялык жараян ырааттуу өнүгүп баратканын айгинеледи жана бул өлкөнүн батышындагы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн (“-стандарынын”) бир катар бийлик төбөлдөрүнүн коммунисттик режимден кийин элдин демократияга даярдыгы дээрлик жокко эсе, ошондуктан мындай коомдо өткөөл доор үчүн авторитардык башкаруу абзел деген жоболорун төгүнгө чыгарган мисал болду.


Президент эл үмүтүн актай алабы?

Гарвардда таалим алган 46 жаштагы Цахиагийн Элбэгдорж (Tsakhiagiin Elbegdorj ) мырза буга чейин эки жолу өкмөт башчы кызматын аркалаган, андан тышкары Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламенттин) спикеринин орун басары да болгон. Анын негизги атаандашы – Монгол Элдик Революциялык партиясынын өкүлү, мурдагы мамлекет башчы (тактап айтканда, шайлоо өнөктүгү маалында да президент болуп турган) Намбарын Энхбаяр мырза болчу.

Мурдагы коммунисттик доордо жеке бийлеген партия болгон МЭРП ушул тапта да парламентте үстөмдүк кылат. Демек, демократ президент үчүн олуттуу реформаларга жол ача турган жаңы мыйзамдарды парламентке сунуш кылуу оңой-олтоң иш эмес.

Элбэгдорж мырза сот системасын реформалоо сыяктуу тармактарда олуттуу ыйгарым укуктарына ээ болсо да, мурдагы коммунисттердин партиясынын көзөмөлүндөгү парламент добуштардын үчтөн-экисин топтоо аркылуу президенттик ветону жеңүү укугуна эгедер.

Президент Элбэгдорж Жапониядан тышкары АКШ, Канада сыяктуу Батыш өлкөлөрү менен тыгыз кызматташтыкты өрчүтүү, ошондой эле бийлик бутактарындагы, экономикадагы, өзгөчө түстүү кендерди өндүрүү тармагындагы коррупцияны ооздуктап, бул тармактарды өнүктүрүүгө жетишүү, чет өлкөлүк компаниялар менен алтын жана башка кендерди өздөштүрүү боюнча адилетсиз түзүлүп калган эки тараптуу келишимдерди кайра карап, оңдоо сыяктуу иш-чараларга убада берген.

Мурдагы президент болсо көбүнесе коңшу Кытай жана Орусия менен алакаларды чыңдоо иши менен алектенип келди.

2,7 миллион калкы бар өлкөнүн калайыгынын үчтөн бири ушул тапта тукулжураткан жакырчылыктын азабын чегип, күнүнө 5 доллардык каражатка гана жан багып келет. Алардын айрымдары өздөрүнүн жаңы президентин Барак Обамага теңеп, ага бакыбат турмушту камсыз кылуу жаатында өзгөчө үмүт артканын билдиришүүдө.

Эми жаңы мамлекет башчы сөздөн (убададан) ишке өтөөр учур башталды.

Президент Элбэгдорж 18-июндагы ант берүү аземи учурунда Гоби чөлүндөгү Ойу-Толгой алтын жана жез кенин канадалык тоо-кен компаниясы менен биргеликте өздөштүрүү ниетин жарыялады. Анын айтымында, бул кендин кирешеси кожоюндардын чөнтөгүнө кетпестен, карапайым жумушчулардын жана кенчилердин кызыкчылыгына жумшалмакчы.

Монголия Борбордук Азияга өрнөк боло алабы?

Албетте, Монголиянын жакырчылыгын, бул өлкөнүн газ жана мунайзат байлыктарынан куру жалак экендигин эске алганда, аны өздөрүнө өрнөк боло албай турган мамлекет катары саначу төбөлдөр Борбордук Азияда четтен табылат.

Бирок бул мурдагы көчмөндөрдүн өлкөсүндөгү демократиялык жараяндын деңгээли Борбордук Азиядагы реформачыл күчтөрдүн көзүн кызартып, суктандырып жатканы да анык.

2005-жылы парламент кабыл алган мыйзамга ылайык, мурдагы мамлекеттик сыналгы жана үналгы компаниясы коомдук болуп кайра түзүлгөн, ал эми өкмөттүк гезиттер бүт жеке менчикке өткөн (Кыргызстанда болсо 2005-жылдын 24-мартындагы Жоогазын ыңкылабындагы бул сыяктуу медия тармагындагы убадалар азырынча сөз жүзүндө кала берүүдө).

Жаңы кырдаалда коомдук үналгы жана сыналгы компаниялары башка жеке менчиктеги компаниялар менен ээн-эркин атаандаштык шартында иш алып барууда. Чет элдик байкоочулардын баамында, Коомдук сыналгы ("Монголтелевиз") учурдагы бийликке карата сын пикирлерди эч кандай цензурасы жок чагылдырат.

Жалпысынан, өлкөдө 300дөн ашуун басма жана сыналгы-үналгы маалымат каражаттары иш алып барууда.

Мурдагы өкмөттүк жана партиялык гезит болгон “Унэн” (“Чындык”) гезити эми бир гана партиянын (МЭРП) органы жана анын расмий (өкмөттүк) эч кандай макамы жок. Мурдагы өкмөттүк “Ардын эрх” (“Эл эрки”) гезити болсо эми популярдуу эркин гезитке айланып, “Одрийн сонин” (“Күндөлүк кабарлар”) деп аталып калды.

Жалпысынан, Монголиянын азыркы демократиялык нуктагы ийгиликтери бул мамлекеттин батышындагы Борбордук Азия аймагынын өлкөлөрүнүн (“-стандарынын”) бир катар бийлик төбөлдөрүнүн жана айрым “чоң акырдан жем жеген саясат таануучу теоретиктеринин” коммунисттик режимден кийин элдин демократияга даярдыгы дээрлик жокко эсе, ошондуктан “биздин мамлекетте пост-коммунисттик өткөөл доор үчүн авторитардык башкаруу усулу абзел” деген жоболорун жокко чыгарган мисал болду.

Монголиянын эң башкы сабактарынын бири – өлкөдөгү шайлоочулардын өз добуштарын коргой алганында болду.

Бул - өтө олуттуу күрөш менен коштолгон татаал жараян экенинде да шек жок.

Маселен, 2008-жылы 29-июнда өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланып, Улуу Хуралдагы 76 орундун 39дайы МЭРПга тийди деген алгачкы кабарды уккан шайлоочулар 1-июлда нааразылык чараларын баштап, бийликтеги партиянын башкеңсесин кыйратууга чейин барышкан. Бери дегенде беш демонстрант кагылышуудан набыт болгон.

Быйыл май айындагы президенттик шайлоо жергиликтүү коомчулуктун кылдат байкоосу астында өткөнү түшүнүктүү.

Дүйнөгө тээ орто кылымдарда Чыңгыз-ханды берген Монголия, ошентип, эми, ХХ кылымдын башында да, Ички жана Борбордук Азияда шайлоо жараянын аракеттеги демократиялык көрүнүш жана усул катары жүзөгө ашырып, пост-коммунисттик өткөөл доор сөзсүз эле авторитаризмге алып барбай турганын таасын далилдей алган өрнөктүү өлкө болуп отурат.

XS
SM
MD
LG