Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Москва-Вашингтон: жаңы "шпион жаңжалы"


АКШдан мыйзамсыз экспорттолгон микроэлектрондук чиптер ушул МиГ-35 аскерий учагын курууда да колдонулушу мүмкүн экени айтылды
АКШдан мыйзамсыз экспорттолгон микроэлектрондук чиптер ушул МиГ-35 аскерий учагын курууда да колдонулушу мүмкүн экени айтылды

“Орусиянын чалгын кызматтары АКШдан электрондук жогорку технологиялуу компоненттерди мыйзамсыз экспорттоо түйүнүнө катыштыгы жок”, - деп билдирди расмий Москва. Шаршембиде АКШнын Юстиция министрлиги Америкада жасалган электрондук буюмдарды орус чалгын кызматтарына жөнөткөн топту кармаганын билдирген.

Нью-Йорктогу федералдык прокурорлор шаршембиде 11 адамга айып тагылганын жарыялашты.

АКШда аскерий радар жана байкоо салуучу, жардыруучу куралдарда колдонула турган өтө күчтүү микроэлектрондук буюмдардын экспортун өкмөт өзгөчө кылдат текшерип турат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Александр Лукашевич бейшембиде бул боюнча Москванын позициясы тууралуу айтып, кармалган адамдар “тыңчылык” үчүн айыпталбаганына басым жасады.

"Америка тараптан бул боюнча келген түшүндүрмөдө “айыптар криминалдык мүнөздө экени жана эч кандай чалгын кызматтарынын иши менен байланышы жок экени” жөнүндө айтылган", - деди ал.

Лукашевич соңку окуя боюнча адамдар кармалганы тууралуу америкалык бийликтер убагында Москвага кабар жеткиришпегенине тынчсыздануусун билдирди.

"АКШнын бийликтери биздин мекендештер кармалганы жөнүндө убагында биздин консулдук кызматтарга кабар жеткиришпегени бизде өтө олуттуу суроолорду жаратты. Азыр Орусиянын Вашингтондогу элчилиги жана Хьюстондогу башкы консулдук кызмат камалган баардык орус жарандары менен консулдук сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө аракет кылып жатышат", - деди орус Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Александр Лукашевич.

Негизги фигура

Нью-Йорктогу федералдык айыптоочулардын айтымында, азыр жогорку технологиялуу буюмдарды экспорттоо түйүнүнө кирген болушу мүмкүн деген шек менен кармалгандардын арасында Казакстанда төрөлгөн, бирок орус жана америка жарандыгын алып жүргөн Александр Фишенко да бар.

ФБРдин кабарына караганда, Фишенконун Техастагы электроника компаниясы орус өкмөтүнүн катталбаган агенти катары иштеген.

Орусиялык айрым саясат таануучулар менен саясатчылар кезектеги “тыңчылык жаңжалы” менен Кошмо Штаттарындагы президенттик шайлоонун ортосундагы байланыш тууралуу сүйлөп жатышат. Бирок орус Тышкы иштер министри Сергей Лавров Исламабаддагы маалымат жыйынында “азыркы окуя менен шайлоонун эч кандай байланышын көрбөй жатканын” билдирди.

Америкалык эксперттер болсо мыйзамсыз сатылып кеткен ал микроэлектрондук чиптер менен микропроцессорлор Орусияда кемелерге каршы жасалчу ракеталарда жана МиГ-35 аскерий учактарында колдонулушу мүмкүн дешет.

Бирок Орусиядагы учак куруучу МиГ корпорациясында алар эч качан сырттан мыйзамсыз жол менен алынган технологияны колдонбой тургандыктарын айтышты.

Жети киши камалды

Америкалык прокурорлор Фишенко менен анын компаниясындагы бир топ кызматкерлер федералдык экспорт документтерин жасалма жол менен даярдап, өз ишинин чыныгы максатын жаап жашырышкан дешет.

Азыр Кошмо Штаттарында укук коргоо органдары Фишенко менен анын ишине байланышы болгон деп шектелген жети кишини камашты. Алардын ишениминде, буга байланышы бар дагы үч киши азыр Орусияда жашырынып жүрүшөт.

Кармалгандардын баары Хьюстондо ушул күндөрү соттолгону жатышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG