Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Москва: Ош базарына окшош метро...


Москва. Добрынинский метросу.
Москва. Добрынинский метросу.

“Данисте” берүүбүздө Москвадагы мекендештерибиздин турмушунан бир үзүм. Берүүбүздүн башкы каарманы – чет жерде самсы сатып, тиричилик кылган Созул эже.

Москвадагы Добрынинский метросу Бишкектеги Ош базарындай эле. Метродон чыга бериште бозо, самса, жарма, курут саткан эжелерди, Украина-Кыргызстанга алып кетем деген айдоочуларды, “миграциялык документ жасатып берем” деген 18-23 жаштагы уландарды, аларга жашырынып насыбай саткан байкени кезиктирүүгө болот. Добрынинский метросунда Кыргызстандын Москвадагы элчилиги жайгашкандыктан аны айланчыктаган кыргызстандык мигранттардын чогулуп турчу жери ушул.

Өткөндө Москвада көптөн бери жашап, жогорку окуу жайлардын биринде сабак берген бир тааныш эже “азыр дагы бирөө метронун оозунан бозо ал деп асылса же документ жасап берем десе, дароо полицияга чалам, алар орустардын жеринде менин элимди уят кылып, намысын жерге тепсеп жатат” дейт. Ал эженин кейип-кепчигенин түшүнсө болот.

Метронун оозунда тургандардын көбү мыйзамсыз ишмердүүлүк менен алек. Шаардын борборунда үйдө жасалган тамак-аш сатууга уруксат жок. Ал эми “миграциялык документ жасайм” дегендин баарын Орусиянын Кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча камап койсо болот.

Бардыгынан мурун метродон чыга бериште акча төлөп тээп кетчү шаардык велосипеддердин жанында каргадай тизилип отурган мекендештер, метронун айланасындагы жайнаган түкүрүк, кечкисин таштандыга толгон айлана-чөйрө жергиликтүү калктын көңүлүн иренжитпей койбойт.

Москвада самсы саткан Созул.
Москвада самсы саткан Созул.

Бул ирет метронун тегерегиндеги жоон топ мекендештердин арасынан самсы сатып турган жашы элүүгө чамалаган Созул эжеге көзүм түштү. Өткөн-кеткендерге заңкылдап “самсы” деп кыйкырып турганы менен, бул ишке жакында эле чыкканы байкалат.

- Орусияга жер сатып алып, үй салайын деген үмүттө келгем. Келгениме төрт жыл болду, эч нерсеге жете элекмин. Кыргызстанга барсаң эч нерсе жок, зарыгып кайра келесиң. Бул жакта тапканың күнүмдүк тиричиликке кетет. Мен өзүм жалгыз бой энемин. Балам дагы ооруп, жаңы эле бутуна турду. Өзүм самсы сатып чыкканыма аз эле болду. Вахтерша болуп иштейм. 17 миң рубль айлыкка. Үч күн иштеп, үч күн бошмун. Анан акчанын тартыштыгынан үйдөн самсы жасап алып, ушул жакка чыктым...

please wait

No media source currently available

0:00 0:09:31 0:00

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG