Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Даңазалуу Аун Сан Су Чжинин жеңиши


Аун Сан Су Чжи жактоочулары алдында. Янгон, 9-ноябрь, 2015-жыл.
Аун Сан Су Чжи жактоочулары алдында. Янгон, 9-ноябрь, 2015-жыл.

Мьянма же мурдагы Бирма өлкөсүндөгү тарыхый шайлоо айтылуу Аун Сан Су Чжи айымдын жеңиши менен аяктоодо. Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси, он беш жыл үй камагында олтурган оппозиция лидери жеке өзү президенттик кызматка бара албайт. Бирок анын партиясынын шайлоодогу жеңиши толук ырасталса, Мьянманын аскер диктатурадан демократияга карай жолундагы бурулуш окуя болот.

Акыркы чейрек кылым ичиндеги алгачкы эркин шайлоодо оппозицияга уттуруп жатканын Мьянманын бийликтеги “Тилектештик биримдиги жана Өнүгүү” партиясы дүйшөмбү күнү моюнга алды.

Шайлоо жыйынтыгы азыр толук чыга элек, бир мандаттуу округдар боюнча добуштарды саноо али уланууда.

Бирок Аун Сан Су Чжинин "Демократия үчүн Улуттук лига” партиясындагы активисттер билдиргендей, саналган добуштардын 70% алар үчүн берилгенин көргөзүүдө.

Тарыхый деп мүнөздөлгөн азыркы шайлоодо жеңип чыгабыз деген бекем ишенимде турганын мурдараак үгүт өнөктүгү учурунда Аун Сан Су Чжи өзү дагы айткан болчу:

- Биздин “Демократия үчүн Улуттук лига” партиябыз шайлоодо чоң ажырым менен жеңүүнү, бирок татыктуу жана ар-намыс менен жеңүүнү көздөйт. Биз шайлоодо ыплас жол менен камсыздалган жеңишти каалабайбыз. Биздин көз карашыбыз - шайлоодо чыр-чатак менен жеңгенден көрө уттурган артык.

Аун Сан Су Чжи буга дейре 1990-жылдагы акыркы эркин шайлоодо жеңип, бирок армия шайлоо жыйынтыгын кабыл алган эмес.

Ал саясий өнөктүктүн артынан мянмалыктар “Су апа” деп аташкан даңазалуу айым үй камагында он беш жылдай отурууга мажбур болду.

Оппозиция лидеринин жактоочулары. 9-ноябрь, 2015-жыл.
Оппозиция лидеринин жактоочулары. 9-ноябрь, 2015-жыл.

Эми шайлоо тарыхынын 25 жылдан кийин кайра кайталанып жатышынын урматына кечээ “Демократия үчүн Улуттук лига” партиясынын борбордогу кеңселери алдында Аун Сан Су Чжинин сүрөтү түшүрүлгөн, “биз жеңдик” деген жазуусу бар футболкаларды кийген жактоочулары майрамдоого өтүштү.

Жактоочулары алдына чыккан Аун Сан Су Чжи аларды сабырдуулукка жана шайлоонун расмий жыйынтыгын күтүп турууга чакырды.

8-ноябрда калктын 80% катышкан шайлоо Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкөнүн ондогон жылга созулган аскерий диктатурадан демократияны карай олку-солку багытындагы бурулуш учур катары бааланууда.

Шайлоо армия бийликти президент Тейн Сейндин жарандык өкмөтүнө тапшыргандан төрт жылдан кийин өттү.

Азыркы өкмөт жана армия башчысы шайлоо жыйынтыгын урматтайбыз, деп ырастаганы менен Аун Сан Су Чжинин партиясынын шайлоодогу жеңиши ырасталса, бийлик кандай бөлүштүрүлөрү азырынча анык эмес.

Анткени, армиянын бийликтеги таасири али сакталуу.

Шайлоо өнөктүгү учуру.
Шайлоо өнөктүгү учуру.

Конституция боюнча парламенттеги 664 орундун 25% армия үчүн ажыратылган. Алар шайланбастан эле келишет.

Президент башкаруучу өкмөттүн ички иштер, коргоо жана чек ара министрлерин дайындоо армия башчысынын ыйгарым укугундагы маселе.

Армия холдинг компаниялар аркылуу экономиканы көзөмөлдөй алат.

Парламенттен алган орундары Аун Сан Су Чжинин партиясына өкмөттү куроого мүмкүндүк берген учурда да өзү президенттин кызматына бара албайт. Бирок ал эгер шайлоодо жеңсе, президенттен жогору турган бийлик формуласын табарын билдирген.

Аун Сан Су Чжи АКШ президенти Барак Обама менен. 14-ноябрь, 2014-жыл.
Аун Сан Су Чжи АКШ президенти Барак Обама менен. 14-ноябрь, 2014-жыл.

Аскерий диктатура өкүм сүргөн кезде кабыл алынган Конституция үй-бүлө мүчөлөрү арасында чет элдик жараны бар адамдын президент болушуна тыюу салат.

Калкы 50 миллиондон ашкан Мьянма менен мурда жакындан Кытай гана кызматташып келсе, саясий реформаларга кадам ташталып, саясий айыпкерлер абактан бошотулуп, өлкө чет элдик инвесторлорго ачыла баштагандан бери ал Батыш мамлекеттеринин да кызыгуусун жаратууда. 2014-жылы ноябрда Барак Обама тарыхта АКШнын Мьянмага барган алгачкы президенти болду.

Мьянмада тарыхый шайлоо аяктады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG