Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

НАТО Украина кризисин талкуулоодо


НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны. Брюссел, 26-февраль, 2014
НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны. Брюссел, 26-февраль, 2014

НАТОнун тышкы иштер министрлери Орусия Украинанын Крым аймагын аннексиялап алгандан кийин алгачкы жыйынга чогулду.

НАТО Украинага куралдуу жардам бербей тургандыгын жарыялаган. Бирок өз курамындагы Чыгыш Европа мүчөлөрүн, айрыкча Балтика мамлекеттерин "коргоосуз калтырбайбыз" деп сөз берген. Бул өлкөлөргө Кошмо Штаттар кошумча согуш учактарын жибергени маалым.

Орусия Крымды аннексиялап алгандан бери биринчи жолу НАТОнун тышкы иштер министрлери жыйынга чогулушууда. Дипломаттардын айтымында, министрлердин согуштук машыгууларды күч алдыруу, чыгыштагы мүчө мамлекеттерге көбүрөөк аскер жиберүү жана НАТО күчтөрүн бул тарапта туруктуу жайгаштыруу сыяктуу маселелерди карашы болжолдонгон.

Украинанын тышкы иштер министринин кызматын аткарып жаткан Андрей Дещица, НАТО өкүлдөрү дагы Украинанын куралдуу күчтөрүн бекемдөөгө жардам сунуштары айтылган.

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен "Азаттыктын" ооган кызматына НАТО Украина менен кызматташтыгын бекемдөөгө макулдашкандыгын жана жыйында НАТО-Украина комиссиясынын саясий деңгээлдеги жыйыны пландалгандыгын билдирди.

Министрлер мындан тышкары НАТОнун Орусия менен кызматташуусун сөз кылышат, бирок бүгүн кандай чечимдер кабыл алынаары анык эмес. Бул жыйындан бир күн мурун Орусия Украинанын чыгыш чек арасына жакын аймактардан аскерин алып кетип жаткандыгын жарыялаган эле.

Германиянын өкмөтү билдиргендей, Орусиянын президенти Владимир Путин канцлер Ангела Меркелге бул тууралуу телефондон сүйлөшкөндө билдирген. Орусиянын Коргонуу министрлигинин маалыматына караганда, түштүктөгү Ростов аймагынан машыгууга катышкан жөө аскерлер батальону чыгарылат.

Пентагондун эсебинде, Орусиянын Украина менен чектеш аймагына жакын жерлерде азыр 40 миңдей аскер турат.

АКШнын Мамкатчысынын өкүлү Жен Псаки эгер аскерлер чыгарылса, бул маанилүү кадам болуп калаарын билдирди.

Орусиянын батыш чек арасына аскер топтошу - Украинанын башка аймактарына да басып кириши мүмкүн деген кооптонууну пайда кылган эле.

Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев дүйшөмбүдө Крымга барып, баш калаа Симферополдо жана Орусиянын кара деңиз флоту жайгашкан Севастополдо болду. Ал Орусия бул аймакты басып алгандан кийинки Москвадан келген эң мартабалуу өкүл болуп калды.

Премьер Медведев инвесторлорду кызыктыруу үчүн Крым «атайын экономикалык аймак» деп жарыяланарын маалымдады.

Украина Медведевдин Крым сапарын сынга алып, аны «эл аралык жүрүм-турумдун эрежелерин одоно бузуу» деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG