Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

НАТО жана Орусия, Украина, Грузия кызматташтыгы


НАТО баш катчысы Андерс Фог Расмуссен украин тышкы иштер министри Константин Гришченко менен сүйлөшүүдө. Берлин, 15-апрель.
НАТО баш катчысы Андерс Фог Расмуссен украин тышкы иштер министри Константин Гришченко менен сүйлөшүүдө. Берлин, 15-апрель.

15-апрелде НАТОнун тышкы иштер министрлери Орусия, Грузия жана Украина ортосундагы байланыштарды талкуулоо үчүн Берлинде чогулушту.

НАТОнун министрлери 3 өлкөнүн жогорку даражадагы расмий адамдары менен жолугушууларды өткөрдү.

НАТОго (Түндүк атлантикалык альянс) мүчө 28 өлкөнүн тышкы иштер министрлери Берлинде 2 күндөн бери жолугушууларды уюштурушууда. Күн тартибинде – Түндүк атлантикалык альянстын Орусия, Грузия жана Украина менен кызматташуусу.

Жыйын пленардык сессия менен башталып, анда министрлер НАТОго мүчө эмес өлкөлөр менен дипломатиялык байланыштарды жакшыртуу үчүн түзүлгөн кызматташтык программаларын талкуулашты.

2008-жылдын сентябрь айында түзүлгөн НАТО-Грузия комиссиясынын сессиясын
Альянстын генералдык катчысы Андерс Фог Расмуссен өзү ачты. Бул комиссиянын форматында НАТОго мүчө болууну каалаган Грузияга саясий кеңештер берилип келет.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жыйындын катышуучуларына Вашингтон Орусиянын “төбөлдөрү” менен ок чыгарбоо келишимин так аткаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып келе жатканын билдирип өттү. Аталган келишим 2008-жылы Тблиси менен Москванын ортосундагы Грузиянын региондору боюнча талаштан чыккан согуштан кийин түзүлгөн.

Буг кошумча Расмуссен Альянс жетекетеген Ооганстандагы күчтөрдүн ишине Грузия чоң салым кошуп жатканын белгилеп өттү жана өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Грузия НАТОго мүчө эмес өлкө катары Ооганстанга аскер күчтөрүн жөнөткөн.

- НАТО-Грузия мамилелери соңку жылдарда аябай жакшырды. Бул НАТОго, Грузиянын өзүнө, Евро-Атлантика чөлкөмү үчүн чоң пайда жана бул Грузиянын коопсуздукту сактоо боюнча ролун жакшыртты.

Бирок НАТО баары бир Грузияны реформалар боюнча көбүрөөк аракеттерди көрүүгө үндөп кетти.

НАТО-Украина комиссиясы да Берлинде өз ишин баштап, эки министр коопсуздук, атап атйканда Ооганстан, Балкан жана Иран маселелери боюнча талкууларды уюштурушту.

Расмуссен Украинанын президенти Виктор Януковичтен НАТО жана Украинанын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча убадаларды алганын билдирип өттү.

- Мен Киевге февралда барганымда, президент Янукович мурдагы убадалар калыбында калганын дагы бир жолу айтты.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Берлинге 15-апрель күнү кечке жуук келиши күтүлүүдө. Ал НАТОнун Орусиядагы консулу менен жолугат.

Талкууланчу негизги маселелер НАТО-Орусия менен биргеликте түзүлгөн ракеталык коргонуу программасын талкуулоо. Бул программа өткөн жылы Лиссабондо өткөн НАТОнун саммитинде кабыл алынган. Буга кошумча Ооганстанга биргеликте көмөк көрсөтүү, тагыраак айтканда, ооган армиясын орус тик учактары менен камсыз кылуу да талкууланат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG