Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

НАТО Сирия маселесинде Түркияны колдоду


Түркиянын ырастоосунда, Сирия анын дал ушундай F-4 "Фантом" үлгүсүндөгү учагын атып түшүргөн.
Түркиянын ырастоосунда, Сирия анын дал ушундай F-4 "Фантом" үлгүсүндөгү учагын атып түшүргөн.

НАТО альянска мүчө Түркияга анын Сирия менен жаңжалында колдоо көрсөттү. Мындай зарылчылык түркиялык аскерий учак өткөн аптада Сирия тараптан атып түшүрүлгөнүнө байланыштуу жаралды. Бул аралыкта түрк өкмөт башчысы кокус Сирия чек арада коркунуч жаратса, ошол замат чара көрүлөрүн эскертти.

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссендин айтымында, Түндүк атлантикалык альянс Түркия Сирия менен аскерий учагынын атып түшүрүлүүсүнөн улам Сирия менен чатакташып жаткан кезде ага катарлаш туруп, “бекем тилектештигин” көрсөтөт.

Расмуссен НАТО кеңешинин Түркиянын өтүнүчүнө ылайык, 26-июнда чакырылган жыйынынан кийин буларга токтолду:

- Альянстын коопсуздугу – ажырагыс. Биздин Түркия менен тилектештигибиз бекем. Сирияныкындай кадамдарды кабыл алынгыс деп эсептейбиз жана чечкиндүү түрдө четке кагабыз. Бул - сириялык бийликтер эл аралык нормаларды, тынчтыкты жана коопсуздукту, адам өмүрүн көзгө илбегенинин дагы бир мисалы.

Түркиянын өтүнүчүн канааттандырып, атайын жыйынга чогулуу менен НАТО өз уставынын төртүнчү беренесин гана аткарды. Бирок уставдын 5-беренесине кайрылган жок.

Жыйын алдында түрк өкмөт башчысынын орун басары Бюлент Арынч Анкара НАТО бешинчи беренеге кайрылуусун көздөрүн айткан эле.

Ал берене боюнча Түркия учагынын Сирия тараптан атып түшүрүлүүсү бүткүл альянска кол салгандык катары кабылданып, НАТО Түркияны коргоо боюнча чараларга баруусу керек болчу.

Анкаранын Дамаскка эскертүүсү

Бул аралыкта түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган 26-июнда парламентте сөз сүйлөп жатып, Түркиянын чек арасы кокус Сирия тараптан бузулса, чара көрүлөрүн убада кылды:

- Акыркы инциденттен кийин биз жаңы абалга өттүк. Коопсуздук жагынан Сирия режими биздин чек арада жараткан коркунучтар менен эч качан келише албайбыз жана муну жазасыз калтырбайбыз. Сирия режимине Түркиянын чечкиндүүлүгүн жана жөндөмүн сынап, жаңылыштык кетирбөөнү эскертебиз. Жаңы абалга ылайык, Түркиянын аскер күчтөрүнүн аракеттенүү эрежеси өзгөрдү. Түркияга Сирия чек арасынан жакындаган жана тобокелчилик жараткан кандай аскерий элемент болбосун, аскерий коркунуч катары бааланып, аскерий бута катары мамиле жасалат.

Эрдоган парламентте сүйлөгөн учурунда кошумчалагандай, акыркы кездери Сириянын тик учактары Түркиянын аба мейкиндигин беш ирет бузган, бирок Түркия чара көргөн эмес.

Расмий Дамасктын ырастоосунда, Түркиянын аскерий учагы Сириянын аба мейкиндигин бузгандыктан аны атып түшүрүүгө сириялык тарап толук укуктуу болчу.

Түркия болсо, Жер ортолук деңизинин чыгыш бөлүгүндө радарлардын ишин текшерип, машыгуу учуусунда жүргөн учак Сириянын аба мейкиндигин бир ирет капыстан бузуп алган, бирок атып түшүрүлгөндө эл аралык аба мейкиндикте жүргөн деп ырастоодо.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG