Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Ооганстанда сейрек чымчыктар табылды


Чымчыктардын Acrocephalus scirpaceus деген түрү Таиландда 2006-жылы табылган.
Чымчыктардын Acrocephalus scirpaceus деген түрү Таиландда 2006-жылы табылган.

Ооганстандын аймагындагы Памир тоолорунда сейрек кездешчү чымчыктардын түрү көбөйгөн жер табылды. Жапайы табиятты сактоо коому таранчынын түркүмүнө кирген Acrocephalus scirpaceus деген чымчыктарды жана балапандарын тапканын жарыялады.

Бул коом уруш жүрүп жаткан өлкөдө жаныбарларды сактап калуу максатында изилдөө жүргүзгөн жападан жалгыз уюм.

Алгач чымчыктардын бул түрү 1867-жылы Индияда табылган. Экинчи ирет көп жылдардан кийин, 2006-жылы Таиландда пайда болгон. Эми Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Вакхан деген алыскы аймагында табылып отурат.

АКШда жайгашкан Жапайы табиятты сактоо коомунун изилдөөчүсү Роберт Тимминс ал жайды 2008-жылы эле куштардын үндөрүн тасмага жаздырып жүрүп тапкан. Бирок чымчыктар чындап эле сейрек кездешчү топко кирээрин аныктоо үчүн убакыт талап кылынды.

Изилдөөчүнүн айтымында, ал Ооганстанга кайтып барып чогулткан маалымат чымчыктардын бул түрү жөнүндөгү буга чейинки пикирлерди өзгөрттү.

- Буга чейин айрым окумуштуулар бул жергиликтүү чымчыктар, алар алыс аралыкка учушпайт деп санашчу. Таиландда жана Ооганстанда табылган чымчыктардын генетикасы бири-бирине абдан окшош болуп чыкты. Алар жер которгон же мигрант куштардын бир эле түркүмүнө кирет болушу керек. Алар эки жакка учуп жүрүшкөнүн билүүнүн өзү эле чоң ачылыш.

Канаттуулар тукумдаган жердин табылышы Ооганстанда "биологиялык сырлар" дагы көп экенинен кабар берет.

- Изилдөө учурунда Ооганстанда буга чейин каттала элек дагы 2 түркүмдү таап алдык. Өлкө аймагында ачылыш жасай турган андай жерлер дагы көп.

Вакхан Тажикстан, Пакистан жана Кытайдын ортосунда, Гиндукуш тоолорунун арасында орун алган. Ал жерде Вакхан жана Памир дарыялары кошулуп, Аму Дарыя башат алат. Ошол оазисте куштардын дагы 50 чакты түрү табылган. Дарыянын боюндагы жайды андан тышкары коен, суусар, каршкырлардын өзгөчө түрлөрү байырлашат.

Бул ачылыш согуш тынбай келаткан Ооганстан үчүн жакшы кабар, - деп эсептешет окумуштуулар.

Эми ошол сейрек кездешчү жайды коргоо зарыл. Атап айтканда, дарыя жээгиндеги бак дарактардын кыйылышын алдын алуу үчүн жергиликтүү элди отундун башка түрү менен камсыздоо абзел. Андан тышкары токойлорду кыюунун ордуна азыркы айдоо жерлерин жана жайыттарды жакшылап өнүктүрүш керек, - деген кеңеш беришет изилдөөчүлөр.

XS
SM
MD
LG