Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Астана "өрдөк учурдубу" же...


Президенттер Барак Обама менен Нурсултан Назарбаев Сеулдагы саммитте, 26-март, 2012-жыл
Президенттер Барак Обама менен Нурсултан Назарбаев Сеулдагы саммитте, 26-март, 2012-жыл

Расмий Ак Ордо президенттер Обама менен Назарбаев жолукканда, АКШнын жетекчиси айтты деп жалган маалыматты элге таратканы коомчулуктун бүйүрүн кызытууда.

Президент Обама Сеулдагы саммит алдында Казакстан жана Украинанын ядролук куралдарын “жакшы сакталчу жайларга өткөргөнүнө” канааттануусун билдирген. Обама саммиттен тышкары убакта Назарбаев менен кездешип, расмий Астана кабарлагандай, ядролук коопсуздук, эки жактуу кызматташуу боюнча пикир алмашкан.

Казакстандын кээ бир маалымат булактарынын билдиришинче, Назарбаев быйыл ноябрда президенттик шайлоого түшчү Обамага ийгилик каалап, тумар белекке берген. Алардын ичинен Казакстандын президентинин басма сөз кызматы, аны ээрчий Tengrinews.kz сайты Казакстан-АКШ лидерлеринин кездешүүсүндө Обама айтты деп жарыялаган үч сүйлөм казакстандык интернет колдонуучулардын арасында түрдүү пикирлерди жаратты.

Ак Ордо расмий жарыялаган кабарды окусак, Барак Обама Назарбаевге кайрылып: "Мен Казакстанда көп партиялуу парламентти түзүүгө жол ачкан өткөн шайлоонун жыйынтыгын жактайм. Сиздин жетекчилигиңиз алдында Жаңы-Өзөндө кырдаал калыбына салынганын өзгөчө белгилегим келет. Мунун баары Казакстандын эли өз лидерине зор ишеним артканын көрсөттү”, - деп айткан экен.

Бирок бул үч сүйлөм Ак үйдүн расмий сайтына чыккан президент Обаманын сөзүндө жок. Ошондой эле Вашингтон жарыялаган видеотасмада да Обама Назарбаевге кайрылып, жогоруда Ак Ордо маалымдагандай көшөкөрлөнбөйт.

Казакстандын “Руханият” партиясынын мурдагы төрагасы Серикжан Мамбеталин Казакстан-АКШ президенттеринин Сеулдагы кездешүүдө айтылган сөздөрүн баштан аяк тыңшап, андан Обаманын “көп партиялуу парламент жана Жаңы-Өзөн тууралуу” сөзүн укпаганын айтат. Ал Facebook баракчасында Tengrinews.kz сайтынын кабарын “куру сөз” деп, ал үчүн басылманы “сотко берсе эмне болот” деген суроо талкууланууда.

Жасулан Ханалиев деген бир жаран “чынында эле Жаңы-Өзөн жана көп партиялуу парламент жөнүндө эч нерсе айтылбаптыр... Мен “Тенгриньюска” ишенип алыптырмын”, деп өкүнөт. Өзүн Абеке Сыргели деп тааныштарган адам расмий Астана менен Батыштын өкмөттүк мекемелери жарыялаган маалыматтар дал келбеген учурлар мурда да болгонун эстейт. “Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон менен Казакстандын тышкы иштер министри Эржан Казыханов жолугушканда да ушундай болгон. Эштон айымдын сөздөрү мүлдө бурмаланып берилген”, - деп жазат Ханалиев.



АКШ жана Казакстан президентеринин 26-марттагы Сеулдагы кездешүүсү тууралуу Ак үй жарыялаган 12 мүнөттүк видеотасманы көрүңүздөр. Обаманын сөзү Назарбаевге дароо орусчага которулган.

XS
SM
MD
LG