Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Ядролук заттарга көз арткандар көп


(Солдон оңго) Президенттер Илхам Алиев, Нурсултан Назарбаев, Барак Обама жана Ли Мен Бак Ядролук коопсуздук боюнча Сеулдагы саммитте сүрөткө түшкөнү тизилип жатышат. 27-март, 2012
(Солдон оңго) Президенттер Илхам Алиев, Нурсултан Назарбаев, Барак Обама жана Ли Мен Бак Ядролук коопсуздук боюнча Сеулдагы саммитте сүрөткө түшкөнү тизилип жатышат. 27-март, 2012

Сеулда бүгүн ядролук коопсуздук боюнча эки күндүк эл аралык саммит аяктады.

Эки күндүк жыйында 50дөн ашуун мамлекеттин жетекчилери ядролук материалдарга террорчулардын ээ болуусуна мүмкүндүк бербөөнүн жолдорун талкуулашты.

27-мартта Түштүк Корея, АКШ жана Кытайдын лидерлери ядролук коопсуздукту камсыздоо үчүн дүйнө өлкөлөрүн өз ара кызматташууну күчөтүүгө үндөштү.

Cеулдагы саммитте АКШ президенти Барак Обама дүйнө коомчулугун ядролук куралдардын коруну кыскартуу үчүн “олуттуу жана узак мөөнөттүк чараларды кабыл алганга” чакырды. Анткени жакшы сакталбаган ядролук материалдарга жетүүнү каалаган “ниети каралар” же, Обаманын сөзү менен айтканда, “жаман оюнчулар” дале арбын.

Сеулдагы жыйындын катышуучулары АКШ президенти Барак Обаманын сөзүн тыңдашууда. 27-март, 2012
Сеулдагы жыйындын катышуучулары АКШ президенти Барак Обаманын сөзүн тыңдашууда. 27-март, 2012
Албетте дале коркунуч бар экенин тана албайбыз,-деди Обама. –Көптөгөн ниети каралар береги коркунучтуу материалдарга аң уулап жүрүшөт. Ал материалдар көпчүлүк жерлерде жетиштүү күзөтүлбөйт”.

Түштүк Кореянын президенти Ли Мен Бактын айтышынча, эл аралык кызматташуу мыкты байытылган урандын жана плутонийдин кыянатчылардын колуна түшүүсүн мүмкүн болушунча азайтканга керек:

- Бизге уран жана плутонийди жогорку деңгээлде байытууну минималдаштыруу, ошондой эле ядролук материалдардын мыйзамсыз бир колдон экинчи колго өтүүсүн таап аныктоо жана ага каршы чара көрүү үчүн жакшы эл аралык кызматташуу керек.

“Ядролук коопсуздукту бекемдөө үчүн оңтойлуу эл аралык чөйрөнү” түзүү керек экенине Кытайдын президенти Ху Цзинтао көңүл бурду:

- Биз ядролук куралдардын жана ядролук терроризмдин жайылуу булактарын чектөөбүз, Улуттар уюмунун максаттарын жана принциптерин бекем тутуубуз зарыл. Өз ара ишенимге, пайдага, теңдикке жана кызматташууга, курч маселелерди жана эл аралык талаштарды жөндөөдө тынчтык жолдорун колдонууга негиз болгон коопсуздуктун жаңы концепциясын катуу кармануубуз керек. Ошондой эле ядролук коопсуздук үчүн зарыл ыңгайлуу эл аралык чөйрөнү түзүшүбүз абзел.

Жыйын башталган күнү Түндүк Корея узак аралыкка учуучу ракетаны пайдаланып, космоско жандоочу чыгарарын билдирди. Корея жарым аралында непада кандайдыр бир чатак чыгып кетсе, Пхеньян ядролук курал колдонот деп эбактан бери Түштүк Корея жана Жапония кооптонуп жүрөт.

Ошондуктан Сеул жыйынынын көпчүлүк катышуучулары Пхеньяндын орбитага жандоочу-спутникти учуруу планын тынчсыздануу менен кабыл алышты. Президент Барак Обама болсо Түндүк Корея менен Иранга эл аралык коомчулук ядролук куралдарды жайылтууну жөн карап тура албасын эскертти. Ал АКШ мындан ары да Орусия менен ядролук куралсызданууну улантууга кызыкканын жана Вашингтондо ядролук дүрмөттөрү зарыл болгондон бир кыйла көп экенин да кошумчалады.

Ядролук коопсуздукту чыңдоого арналган Сеулдагы саммитке 50дөн ашык өлкөнүн лидерлери катышты. Бул 2010-жылы Вашингтондо өткөн биринчи жыйындагыдан бир кыйла көп.

XS
SM
MD
LG