Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Иран шектүү объектти МАГАТЭге көрсөтпөй койду


Ирандын Бушер атомдук электр станциясы
Ирандын Бушер атомдук электр станциясы

Иран БУУнун Атомдук энергия боюнча инспекторлорун Тегерандын наптасындагы маанилүү аскердик ишканага киргизбей койду.

МАГАТЭнин директору Юкия Амано ошондой эле Ирандын атомдук программасынын аскерий мазмунун кантип тактоо боюнча да эки тарап мунасага жетпегенин билдирди. Эл аралык инспекторлор Парчин аскерий объектинде акыркы ирет 2005-жылы болушкан.

Парчин аскерий объекти Тегерандан 30 чакырым түштүк чыгышта жайгашкан. Дал ушул жайда Иран ядролук куралды жасоодо деп боолгонууда.

МАГАТЭнин директору Юкия Амано инспекторлордун Ирандагы эки күндүк сапарынын жыйынтыгына байланыштуу билдирүүсүндө “жигердүү аракеттерге карабай, тараптар бир мунасага келбегени” белгиленет.

Ирандын мындай жүрүм-туруму, серепчилердин баамында, өлкө ядролук технологияны электр энергиясын өндүрүү жана ракты дарылоо үчүн гана өнүктүрүүдө деген Тегерандын сөзүнө ишенбегенге түрткү берет.

МАГАТЭнин Иранга барган инспекторлор тобунун башчысы Герман Неркаертс Вена аэропортунда журналистерге интервью берүүдө. 22-февраль 2012
МАГАТЭнин Иранга барган инспекторлор тобунун башчысы Герман Неркаертс Вена аэропортунда журналистерге интервью берүүдө. 22-февраль 2012

МАГАТЭнин орун басар директору Герман Некарте 22-февралда Вена аэропортуна конор замат курган маегинде Тегерандын талаштуу ядролук программасы боюнча сүйлөшүү ийгиликсиз болгонуна токтолду.


- Биз бардык чечилбеген маселелерди жөндөө үчүн бир мунасага жеткенге аракет жасадык. Ирандын ядролук программасынын мүмкүн болгон аскерий кубатын өзүнчө талкууладык. Биз ошондой эле иликтөөлөрүбүзгө тиешеси бар объектиге киргенге да аракет кылдык. Тилекке каршы, биз не маселе боюнча, не объектиге кирүү боюнча бир келишимге жетпедик. Биз алга жылганга жолду аныктай албадык.

Маалымат булактарынын кабарлашынча, МАГАТЭнин ноябрдагы докладында Ирандын ядролук ишмердүүлүгү түздөн түз курал жасаганга багытталган болушу ыктымал экени жана массалык кыргын салчу бомба Парчинде сыналышы этимал деген ишаара жасалган. Ушундан соң Батыш өлкөлөрү Иранга каршы санкцияны катаалдаткан. Удаа эле Израил Ирандын ядролук объектилерине сокку урушу мүмкүн деген каңшаар тараган. Иран өз кезегинде Евробиримдиктин беш өлкөсүнө кара май сатуу токтотулат деп опурулган жана Франция менен Британиянын компанияларына мунай сатпай калганын эки-үч күн илгери билдирди.

Ирандын ядролук программасынын мүмкүн болгон аскерий кубатын өзүнчө талкууладык. Биз ошондой эле иликтөөлөрүбүзгө тиешеси бар объектиге киргенге да аракет кылдык.


Ирандын МАГАТЭдеги чабарманы Али Асгар Солтание өкмөттүк ИСНА агенттигине курган маегинде БУУнун атомдук энергия боюнча агенттиги менен дагы сүйлөшүү болот деген үмүтүн билдирди. Бирок, МАГАТЭнин кабарлашынча, азырынча Иран менен эч кандай сүйлөшүү мерчемделбеген.

АКШ өкмөтүнүн басма сөз өкүлү Жей Карней шейшемби күнү Вашингтондо Ирандын ядролук программасы боюнча талашты дипломаттык жол менен жөндөгөнгө убакыт бар экенин маалымдады.

- Маселе Ирандын осол жүрүм-турумунда; алар эл аралык милдеттенмелерине ылайык жашагандан баш тартууда. Мен жана башкалар айткандай, айрыкча, президент айткан сыяктуу, азыр дипломатиялык ишке, санкциялардын Ирандын жүрүм-турумун өзгөрткөнгө, Ирандын өз милдеттенмелерине жараша жашаганга макул болгонуна, сүйлөшүүлөргө кошулуп, бул маселени тынч чечкенге убакыт жана мейкиндик бар. Муну биз азыр сезип турабыз.

Ирандык куралдуу күчтөрү МАГАТЭнин инспекциясы Тегеранга келген тушта өлкө түштүгүндө кезектеги төрт күдүк аскерий маневрду баштады.
“Саролла” же “Кудайдын каары” деп аталган аскердик машыгуу Бушердеги атомдук электр станциясына чукул жерде өтүүдө. Иран мурдатан Батыш менен тирешүү курчу түшкөндө аскерий маневрду өткөрүүнү салт кылып алган.

Шаршемби күнү Ирандын куралдуу күчтөрүнүн командачысынын найыбы “душмандардын өлкөгө каршы аракетине жол берилбесин” билдирди. “Иран өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн бардык каражаттарды колдонот”,-деди Мухаммед Хейжази Фарси агенттигине.

XS
SM
MD
LG