Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Тажикстан: "эсти оодарган" гипермаркет


"Ашан" гипермаркетин көрүүгө келгендер.
"Ашан" гипермаркетин көрүүгө келгендер.

Тажик борбору Дүйшөмбүдө ачылган «Ашан» гипермаркетин көрүү үчүн тургундар узун кезекке турушту. Борбор калаада ачылган гипермаркет жетекчилиги элди батыра албай, кезек уюштурууга аргасыз болду.

Тажикстандын башкалаасы Дүйшөмбүдө курулган «Ашан» гипермаркети 21-июнда өлкө башчысы Эмомали Рахмондун катышуусунда ачылды. Бирок шаар тургундары соода борборго 22-июнда гана кире алышты. Дүкөн иштей баштаганда андагы баалар менен таанышууга келген тажикстандыктар бир нече сааттап кезек күтүштү.

- Биз жаңы дүкөндө эмнелер бар экенин, алардын баалары кандай экенин базар менен салыштырып көргөнү келдик. Жаңы дүкөндүн шарттары абдан жакты. Бардык нерсе бар экен. Баалары да арзан экен. Бирок эми ушул баалар ушундай болуп калабы же кардары көбөйгөндөн кийин кымбаттатып салабы деп, талкуулап турабыз.

“Ашан” деген соода маркасы менен белгилүү Француз соода борбору Борбор Азияда биринчи Тажикстанда ачылганын президенттин маалымат кызматы баса белгилеген. Ал маалыматка караганда, дүкөндө 400 жумушчу жана 70 башкаруучу иш оруну түзүлгөн.

“Ашанды” курган "Шивер Интернешнл" компаниясынын дүйнө өлкөлөрүндө үч миңден ашык соода борборлору бар. “Ашандын” тажик башкалаасындагы имараты төрт кабат болуп курулган. 1-кабатында 160 орундуу унаа токтоочу жайы, кампасы жана административдик иш бөлмөлөрү орун алган. Калган үч кабатына соода жайлары жайгашкан.

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы ал гипермаркеттин курулушун каржылоого 2014-жылы макул болгон. Гипермаркет франциялык "Ашан" компаниясына таандык. «Ашан Тажикстандын» башкы директору Фредерик Лоббев буларга токтолду:

- Чекене сооданы арзан баада жүргүзгөн ири дүкөндүн пайда болушу Тажикстанда революциялык мааниге ээ. Эми бул дүкөн баалардын арзандашына таасир этиши мүмкүн. Баалардын арзандыгы, дүкөндөгү тазалык, тандоо мүмкүнчүлүгүнүн чоңдугу жана жакшы тейлөө менен дүкөн тажикстандыктардын сүймөнчүгүнө айланат деп ишенем.

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын маалыматына караганда, тажик башкалаасында ачылган соода борбордун курулушуна 5 миллион евро бөлүнгөн. Мындан улам «Ашандын» акцияларынын бир бөлүгү ушул банктын менчиги деп саналат. Тажикстандыктар негизинен санитардык абалы талапка жооп бербеген базарларда же майда дүкөндөрдө соода кылып келишет.

XS
SM
MD
LG