Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Ыраакы Чыгыштагылар Жаңы Жылда жашай башташты


Австралиянын Сидней шаарында майрамдык фейерверк асман жаркытты. 2010-жылдын алгачкы мүнөттөрү.
Австралиянын Сидней шаарында майрамдык фейерверк асман жаркытты. 2010-жылдын алгачкы мүнөттөрү.

Дүйнө жүзүнүн калктары жаңы, 2010-жылды тосуп жатат. Жаңы, Барс жылынын ирегесинен аттаган улам жаңы шаарлар жана кыштактар майрамдык шааниге бөлөнүүдө.

Жаңы Жылды Австралияда шаттануу менен тосуп алышты.

Сидней шаарында майрамдык фейерверк асман жаркытып, котолоп чогулгандарды маашырлантты.

Жаңы Жылды алгачкылардан болуп тоскон ыраакы чыгыш элдеринин бири – жапондор болду.

Жапонияда кагылган коңгуроолор саат жебеси Жаңы Жылдын босогосун аттаганын салтанаттуу жар салды.

Жапондук синтоисттик ыбаадатканаларда диниятчылар “Охараи” деп аталган аруулануу – тазалануу жөрөлгөлөрүн жасашты.
Бул жөрөлгө Жаңы Жылга саналуу мүнөттөр калганда жасалат.

Токионун Мейдзи ыбаадатканасына чогулган бир нече жүздөгөн сыйынуучулардын арасында болгон Йасухито Оно аттуу 26 жашар дизайнер да арулануу жөрөлгөсүнө катышты.

- Менин угушума караганда, бул аруулануу жөрөлгөсү денемдеги бардык терс кубаттан тазаланышым үчүн шарт түзөт экен, - деди Оно.

Жаңы Жылды Индонезияда, Кытайда, Монголияда, Орусиянын Ыраакы Чыгышында, Сибирде жана башка аймактарда тосуп алышты.

Ылайым Барс жылы жалпы адамзат үчүн, анын ичинде кыргыз эли үчүн бакыбаттыктын, бейпилдиктин, демократиялык өнүгүүнүн жылы болсун, деген каалоо-тилектер айтылууда.


Видео тасма. Ала-Тоодогу жаңы жылдык маанай



Жаңы жылдык маанай
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00



Жаңы жылдын (Барс жылынын) алдында Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында бийиктиги 20 метрден ашкан татынакай балаты орнотулду. 2009-жылдын декабры (бештин айы). MiT.

XS
SM
MD
LG