Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:06

Австралия Эрдогандын сөзүн айыптады


Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Эреглидеги жолугушууда. 19-март, 2019-жыл.
Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Эреглидеги жолугушууда. 19-март, 2019-жыл.

Австралия Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Жаңы Зеландиядагы мечитте болгон кыргындан кийинки сөзүн айыптап, Анкара менен алакасынын “бардык шарттарын” карап чыгышы мүмкүн экенин эскертти.

Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон 20-мартта Канберрадагы басма сөз жыйынында Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Жаңы Зеландиянын эки мечитиндеги кыргын боюнча айтканын сындап, аны австралиялыктарды "мазактоо" катары баалады.

Моррисондун айтымында, түрк президентинин сөзүнөн улам өз өлкөсү Анкара менен мамилесин кайра карап чыгышы ыктымал:

Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон басма сөз жыйынында. Канберра. 20-март, 2019-жыл.
Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон басма сөз жыйынында. Канберра. 20-март, 2019-жыл.

"Түркия президенти Эрдогандын айтканы австралиялыктардын ар-намысын тепсейт жана азыркы кырдаалда акылга сыйбайт".

Режеп Тайып Эрдоган 19-мартта Эрегли шаарында өзү жетектеген "Ак партиянын" тарапкерлери менен жолугушууда мечиттерде кыргын салган адамды өлүм жазасына тартууга Жаңы Зеландияны чакырган. "Болбосо Түркия аны кылган ишин моюну менен тартууга мажбурлай алат" деп билдирген.

"Биздин 50 бир тууганыбызды мыкаачылык менен өлтүрдүңөр. Бул үчүн жооп бересиңер. Эгер Жаңы Зеландия силерди мажбурлабаса, биз жооп берүүгө аргасыз кылабыз".

Эрдоган түрк жергесине мусулмандарды жектеп келген ар бир адам Галлиполидеги кармашта өлгөн австралиялыктардай табытка салынып, артка кайтарылаарын айткан.

Биринчи дүйнөлүк согушта Түркиядагы Галлиполи жарым аралында түрктөргө каршы кармашта сегиз минден ашуун австралиялык жана жаңы зеландиялыктар курман болгон. Эки өлкөнүн жарандары жыл сайын апрелде жарым аралга барып, салгылаштын курмандыктарын эскеришет.

Австралиянын өкмөт башчысы Скотт Моррисон муну согушта өлгөн жоокерлерди шылдыңдоо деп атап, түрк президенти сөзүн кайра алат деген ишенимде экенин кошумчалады.

Эрдогандын айткандарын Жаңы Зеландиянын премьери Жасинда Ардерн да сындады.

"Жаңы Зеландиянын вице-премьери жана тышкы иштер министри ушул аптада Түркияга барат. Сапардын жүрүшүндө алар президент Эрдогандын сөзүнө байланыштуу нааразылык билдиришет".

15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде жума намаз маалында кыргын салып, адамдарга туш келди ок жаадырган киши 28 жаштагы Австралиянын жараны Брентон Таррант экени белгилүү болгон.

Терактта өмүрү кыйылган 50 кишинин сөөгү 20-марттан тартып жерге бериле баштады.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG