Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

“IG Nobel”: адегенде күлкүң келсе, кийин ойлоно баштайсың


“IG Nobel”дин медицина боюнча жеңүүчүсү Елена Боднар ачылышын Нобел сыйлыгынын ээлерине тартуулап жатат, АКШ, 1-октябрь 2009-жыл
“IG Nobel”дин медицина боюнча жеңүүчүсү Елена Боднар ачылышын Нобел сыйлыгынын ээлерине тартуулап жатат, АКШ, 1-октябрь 2009-жыл

Нобел сыйлыгынын дээрлик бардык ээлери аталып бүттү. Жыл сайын Нобел комитетинин тандоолору өтө саясатташкан деген сынды укса болот. “IG Nobel” сыйлыктарына арзыгандарды болсо эч ким антип күнөөлөй албайт. Алардын ачылыштары адегенде күлкү келтирсе, кийин ойлондура баштайт.

“IG Nobel” 1991-жылы Марк Абрахамс жана америкалык “Укумуштуу изилдөөлөр” журналы тарабынан Нобел сыйлыгына пародия катары негизделген. Сыйлык жыл сайын ар түрдүү майда-чүйдө, кээде күлкүлүү, кээде маанисиз жана пайдасыз, кээде кайталангыc изилдөөлөр менен ачылыштар үчүн берилип келет.

Швейцариянын Берн шаарынын университетинде соттук-медициналык эксперт болуп иштеген Стефан Боллигер пивонун бош бөтөлкөсү менен да адамдын баш сөөгүн жарса болот деген тыянакка келди. Ага өз практикасында мастардын мушташынан кийин далай жолу медициналык бүтүм дарядоого туура келген. Эмки жолу сотко көрсөтмө берүү үчүн чакырылганда мен сөзсүз пивонун бөтөлкөсү адамдын баш сөөгүн жара аларын, бош бөтөлкө толтурулган бөтөлкөгө караганда кооптурак болушу ыктымалдыгын айтам, - дейт ал.

Боллигер жана анын тобу бош бөтөлкөнү сындырууга көбүрөөк энергия талап кылынарын далилдөө үчүн бир нече эксперимент өткөрүшкөн. Швейцариялык изилдөөчүлөргө “IG Nobel” тынчтык сыйлыгы тапшырылды.

Медицина боюнча лауреат болуп украиналык доктур Елена Боднар аталды. Чернобыл кырсыгы болгон 1986-жылы ал медициналык кесиптик окуу жайын бүтүрүп жаткан. Кырсыктан кийин Елена радиоактивдүү ууланууга туш болгон балдар менен иштеп келди. Адамдардын жеке коргонуусу үчүн бир жабдык ойлоп табуу идеясы дал ошондо жаралган. Боднар аялдардын эмчек тарткычын керек болгондо маска катары колдонууну сунуш кылат:

- Абадагы зыяндуу заттардын салакаларын азайтса болот. Өзгөчө ар кандай табигый кырсыктар учурунда, маселен, жакында Австралиянын Сидней шаарында болгон кум куюну же өрт, террористтердин кол салуулары, жөнөкөй жардыруу, химиялык же билогиялык жардыруулардын кесепеттеринен коргонсо болот.

Бодвар эми Украинада андай эмчек таркычтарды чыгарууга кызыккан компанияларды издеп жатат.

Экономика тармагында сыйлык Зимбабве улуттук банкынын төрагасы Гидеон Гоного тапшырылды. Анын жетекчилигиндеги банк 1 центтен 100 триллион долларга чейинки банкноталарды чыгарган. Эми зимбабвеликтер күнүгө математикадан көнүгө алышат.

Америкалык дарыгер Доналд Унгер 60 жыл бою күнүнө эки ирет сол колунун бармактарын тырсылдатып жүрдү. Соңунда 83 жаштагы Унгер - бул артрит же муундардын шишүүсүнө алып келбейт деген жыйынтыкка келди. “Апа, сен жаңылышып жүрүптүрсүң!” дейт жаңы лауреат.

Кээде “IG Nobel” сыйлыгы ачык эле какшыктоо же мазактоо иретинде берилет. Алсак, экономика боюнча дагы бир жеңүүчүлөр болуп, Исландиянын 4 банкынын жетекчилери менен аудиторлору аталды. “Алар майда банктарды чоң банктарга жана чоң банктарды чакан банкка кантип тез айландырса болоорун көргөзүштү”, - дешет “IG Nobel” комитетинин мүчөлөрү . Эскерте кетсек, Исландия дүйнөлүк финансылык кризистен эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири, ал аз жерден банкрот болуп кала жаздаган.

Британиялык эки изилдөөчү ат коюлган уйлар сүт көбүрөөк беришет экен деп ырасташат. Андай болсо Кыргызстанда да бардык уйларга ат бере башташ керек экен!

Сыйлыкты кадимки Нобелдин ээлери тапшырышат. Аларга сөз сүйлөө үчүн туура 60 секунд берилет. 1-октябрда өткөн быйылкы аземге Нобел сыйлыгынын лауреаттары Пол Кругман, Орхан Памук, Волфганг Кеттерле катышышты.
XS
SM
MD
LG