Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:03

Грузияда 13 өлкөнүн аскер машыгуусу башталды


Грузияда 13 өлкөнүн аскер машыгуусу башталды
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

Грузиянын президенти Гиоргий Маргвелашвили өлкөнүн бир бөлүгүн окупациялагандыгы үчүн Орусияны айыптады. 1-августта АКШ жана НАТОнун башка мүчөлөрү менен эки жумалык аскердик машыгууну ачып жатып президент: “Биз бүгүн кошуна Орусия 20 пайыз жерин мыйзамсыз окупациялаган өлкөнүн аймагында турабыз”, - деди. Грузияда ушуну менен төртүнчү ирет өткөрүлүп жаткан машыгууга НАТОнун мүчөсү болбогон Украина, Армения жана Азербайжан да катышууда. Бир нече күндөн кийин Грузия менен Орусиянын ортосундагы 5 күндүк согушка 10 жыл болот. Куралдуу жаңжал Грузиянын курамындагы жикчил Түштүк Осетиянын айынан тутанган. Москва ошондой эле дагы бир жикчил республиканы – Абхазияны да колдоп жүрөт жана эки чөлкөмдү тең эгемен өлкө деп тааныган.

XS
SM
MD
LG