Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Google жетекчиси Түндүк Кореяга кетти


Google компаниясынын башчыларынын бири Эрик Шмидт Бээжиндеги аэропортто текшерүүдөн өткөндөн кийин, Кытай, 7-январь, 2013
Google компаниясынын башчыларынын бири Эрик Шмидт Бээжиндеги аэропортто текшерүүдөн өткөндөн кийин, Кытай, 7-январь, 2013

Google компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Эрик Шмидт менен АКШнын Бириккен улуттар уюмундагы мурдагы элчиси Билл Ричардсон төрт күндүк визит менен Түндүк Кореяга кетишти.

Бүгүн Бээжинден Пхеньянга жөнөп жатып, Ричардсон журналисттердин суроолоруна жооп берди. Айтмакчы, ал мурда АКШнын Нью-Мексико штатынын губернатору да болгон. Журналисттерге сүйлөп жатып, Ричардсон эң оболу Түндүк Кореяга алар эч кандай өкмөттүк билдирүү же кат алып барбай тургандыктарын баса белгиледи.

"Биз АКШнын өкмөтү менен эч кандай байланышы жок гуманитардык миссия менен баратабыз, - деди Ричардсон. – Биз Вашингтондогу өкмөттүн атынан бараткан жокпуз. Гуманитардык максатыбыз бар жана Түндүк Кореядагы экономикалык жагдайга баа беребиз. Ошондой эле, камалган америкалык жаран жөнүндө да сүйлөшөбүз. Түндүк кореялыктар ракетаны сынашканы мени да кыжаалатка салат. Биз алардын ядролук куралдан баш тартышын каалайбыз. Ал маселени да көтөргөнгө аракет кылабыз. Бирок АКШ өкмөтүнүн атынан эмес, жеке жаран катары гана сүйлөшөбүз".

Ричардсон мурда да Түндүк Корея менен гуманитардык жана дипломатиялык маселелер боюнча көп жолу жолугуп сүйлөшкөн. Бул ирет ал Пхеньянга жөнөгөн максатын ал жакта камакка алынган теги кореялык, америкалык жаран Кеннет Баени түрмөдөн бошотуу аракети менен түшүндүрдү. Бае былтыр камалган эле.

"Гуманитардык миссия"

Ричардсон Түндүк Кореяга жөнөрдөн мурда Баенин уулу менен сүйлөшкөнүн айтып, Пхеньянда ал түрмөдөгү жаран менен да көрүшкөнгө аракет кыларын кошумчалады.

"Биз финансылык, гуманитардык абал жөнүндө, анан камактагы жаран кармалган шарттары тууралуу сухбатташабыз. Мен Баенин уулу менен сүйлөштүм, ал атасын чыгарып келүүнү өтүндү. Бул оңой иш эмес. Бирок биз аны менен сүйлөшүп, абалын көргөнгө аракет кылабыз", - деди ал.

Америкалык саясатчы жана белгилүү ишкер дүйнөдөгү эң жабык деп эсептелген коммунисттик бул өлкөгө жөнөшкөнүн АКШ буга чейин сындаган. Вашингтондогу Ак Үй алардын сапары өткөн айда Пхеньян узак аралыкка жетчү ракетасын сынагандан кийин эле болуп жатканын айтып, азыр дүйнө Түндүк Кореяны бул үчүн айыптап жаткан чакта булар Пхеньянга жөнөгөнү туура эмес деген болчу.

АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда дипломатиялык алака жок.

Ричардсон болсо төрт күндүн ичинде алар түндүк кореялык саясий, экономикалык жана аскерий лидерлер менен сүйлөшүп, бир топ университеттерге барышарын айтты.

Технологиялык гигант эмнени көздөйт?

Мурдагы саясатчы жана дипломат ал жакка ушундай гуманитардык миссия менен жөнөгөнү аздыр-көптүр түшүнүктүү болгону менен, азыр көпчүлүк ага эмне үчүн Google компаниясынын мүдүрлөрүнүн бири да кошулуп жатканын түшүнбөй турат.

Эрик Шмидт – Түндүк Кореяда Ким Чер Ирдин уулу Ким Чен Ын былтыр бийликке келгенден бери бул мамлекетке барган алгачкы ири америкалык бизнесмен.

Шмиддин визити тууралуу сүйлөп жатып, Ричардсон бул өлкөдөгү чыныгы экономикалык жана социалдык абалды Шмидт өз көзү менен көрүүнү каалап жатканын билдирди.

Шмидт өзү жетектеген “Гуглдун” максаты деп “дүйнөдө бүт эл интернетке кеңири киргенге укук алышын” айтып жүрөт.

Түндүк Кореяда болсо Интернетти бийликтин гана айрым өкүлдөрү колдоно алышат. Аны колдонуш үчүн жарандарга расмий уруксат керек.

Ричардсон Түндүк Кореяга сапары учурунда бул өлкөгө финансылык жардам бере турганын да кыйытты. Бирок эмне жардам экенин тактаган жок.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG