Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Түндүк Корея Олимпиадага катышкысы келет


Ким Чен Индин сөзүн уккан кореялыктар.
Ким Чен Индин сөзүн уккан кореялыктар.

Расмий Сеул түндүк кореялык спортчулардын Пхёнчханда өтө турган кышкы Олимп оюндарына катышуусу боюнча сүйлөшүүнү сунуш кылды.

Түндүк Кореянын ХХIII Кышкы Олимпиадага катышууга ниети бар экенин алгач бул өлкөнүн лидери Ким Чен Ын жаңы жылдык кайрылуусунда билдирген. Ал мындай мүмкүнчүлүк эки тараптуу мамилени жөнгө салып, Корей жарым аралындагы чыңалган абалды басаңдатарын айткан. Эл аралык коомчулуктун катуу сынында жүргөн Ким Чын Ын эки өлкөнүн мамилесинин жакшырышына Олимпиада себепкер болооруна үмүт артты.

Ким Чен Ын.
Ким Чен Ын.

- Кышкы Олимп оюндары - Түштүк Корея үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Биз чын дилибизден бул оюндар ийгиликтүү өтүшүн каалайбыз. Биздин өлкөдөн делегациянын барышы тууралуу маселени карайбыз. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү жакын арада жолугуп, бул маселени сүйлөшүшү керек, - деген Ким Чен Ын.

Түндүк Кореянын лидеринин кайрылуусунан кийин Түштүк Корея эки тараптын расмий делегацияларынын жолугушуусун сунуш кылды.

Өз кезегинде Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Ким Чен Ындын сөзүн колдоп, "Олимпиада – кошуналардын мамилесин оңдош үчүн мыкты мүмкүнчүлүк" деди.

Түштүк Кореянын улуттук биримдик министри Чо Мён Гюн сүйлөшүүнү эки өлкөнүн чек арасынын кесилишиндеги Пханмунджом айылында өткөрсө болоорун билдирген. 9-январга пландалган жолугушуу 2015-жылдан берки Сеул менен Пхеньяндын ортосундагы жогорку деңгээлиндеги алгачкы сүйлөшүү болмокчу. Эки тарап андан бери бир нече жолу тынчтык жөнүндөгү сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө аракет кылган. Бирок ага Пхеньяндын өзөктүк курал программасы жолтоо болуп келген.

Кышкы Олимп оюндары Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 9-25-февралда өтөт. Эки тараптуу сүйлөшүү ийгиликтүү өтсө, Түндүк Корея өз спортчуларын январдын ортосуна чейин Олимпиадага катышууга жөнөтүшү керек болот. Ал эми алардын дүйнөлүк мелдештерге катышууга уруксат алышы - башка маселе.

Анткен менен Эл аралык Олимпиада комитети жана Оюндарды уюштуруучу комитети түндүк кореялыктардын Пхенчханда өтө турган кышкы таймаштарга катышуусун кубатташууда. Спорттук уюмдар муну менен Түндүк Корея тынчтыкка болгон ниетин көрсөттү деп сыпатташууда.

Чо Мөн Гүн.
Чо Мөн Гүн.

- Түндүк менен Түштүк Корея, Олимпиададан тышкары ортодогу мамилени жакшыртуу боюнча башка суроолорду талкуулай алабыз деп күтөбүз, - деди Түштүк Кореянын улуттук биримдик министри Чо Мөн Гүн.

Корей Элдик Демократиялык Республикасы менен Түштүк Корея 1950-1953-жылдардагы чатактан бери начар мамиледе. Андагы Түштүк менен Түндүктүн кагылышуусу эки тараптуу тынчтык келишими менен эмес, атышууну токтотуу жөнүндө чечим менен аяктаган.

Буга чейин Түндүк Корея ракеталарын сынаганы үчүн катуу сынга алынып, эл аралык санкцияларга кабылган. Былтыр ал алты жолу ядролук сыноо өткөрүп, кубаттуу ракеталык курал жасап жатканын дүйнөгө көрсөткөн. Өз өлкөсүн "тынчтыкты сүйгөн жана жоопкерчиликтүү өзөктүк курал державасы" деген Ким Чен Ын жаңы жылдык сөзүндө "АКШны ооздукташ үчүн" ядролук куралдын баскычы дайыма өзүнүн колунда экенин айткан.

Декабрдын аягында АКШ Түндүк Кореяга карата экономикалык санкцияларды кеңейткен. Аны улай БУУнун Коопсуздук кеңеши да ноябрда Пхеньяндын баллистикалык ракеталарын сынаганына жооп катары жаңы санкцияларды киргизген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG