Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Обама: Ооганстандан 34 миң аскер чыгат


Барак Обама Конгрессте жылдык кайрылуусун жасады. 12-февраль, 2013.
Барак Обама Конгрессте жылдык кайрылуусун жасады. 12-февраль, 2013.

АКШ президенти Конгресстеги жылдык кайрылуусунда Ооганстандагы аскердик операция 2014-жылы аяктайт деп жарыялады.

Президент Барак Обама жылдык кайырылуусунда Ооганстандагы аскердик операция 2014-жылы аяктайт деп жарыялады. Кайрылууда Иран темасы да козголду. Бирок негизги басым ички проблемаларга, биринчи кезекте экономикалык абалга жасалды.

Экинчи президенттик мөөнөткө шайлангандан кийинки алгачкы жылдык кайрылуусунда Обама Ооганстандагы 66 миң аскердик контингенттин жарымынан көбү мекенине кайтарылаарын айтты:

- Ушул жазда негизги роль Ооганстандын аскерлерине жүктөлүп, биздин күчтөр экинчи, колдоочу позицияларга өтөт. Эмки жылга чейин дагы 34 миң жоокер Ооганстандан үйлөрүнө кайтат. Аскерлердин санын кыскартуу улана берет. Жана келээрки жылдын соңуна чейин Ооганстандагы уруш аяктайт.

Бирок 2014-жылдан кийин да АКШ Ооганстанга жардамын уланта берет, - деп убада кылды Обама.

Ооганстандын коргоо министрлигинин маалымат катчысы Давлат Вазири “Азаттыктын” ооган кызматына Обаманын жарыясын мындайча комментариялады::

- АКШ президенти Барак Обаманын чечимин кубаттайбыз. Америкалык жоокерлердин Ооганстандагы эрдигин жогору баалайбыз. Жана үйлөрүнө аман-эсен жетип алышын тилейбиз. Биздин армия Ооганстандан чыгарылып жаткан аскерлердин ордун басууга кудуреттүү.

Өлкөнүн кайрадан “башаламандыкка” батышын алдын алуу үчүн Вашингтон ооган аскерлерин машыктыруу жана жабдуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атат.
Андан тышкары Кабул өкмөтү менен терроризмге каршы күрөшүү маселеси талкууланууда. Ага ылайык америкалык күчтөр “ал-Кайида” жана анын өнөктөштөрүн жок кылуу аракеттерин уланта алат.

Обама АКШ Ооганстанда жана башка өлкөлөрдө жүргүзүп келген операциялардын натыйжасында азыр мурдагы “ал-Кайиданын көлөкөсү гана” калды деди.

Президент ислам экстремизми коркунучуна туш болгон Йемен, Ливия жана Сомали өңдүү өлкөлөргө жардам берилет деп убада кылды. “Америкалыктарга олуттуу коркунуч туудурган террористтерге каршы тикелей аракеттерди уланта беребиз”, - деди Обама.

Белгилей кетсек, Пакистан, Йемен жана башка жерлерде шектүү согушкерлерге каршы колдонуп келген пилотсуз учактардын чабуулдары бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келүүдө деп катуу сынга кабылган.

Конгресстеги сөзүндө президент ошондой эле Иран темасына кайрылды. Атап айтканда, Обама Тегеранды атомдук программасы айланасындагы кризисти дипломатиялык жол менен чечүүгө үндөдү:

- Иран лидерлери дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн зарылдыгын түшүнүүгө тийиш. Себеби эл аралык коомчулук Иран милдеттенмелерин аткарышы керек деген талабында катуу турат. Ирандын атомдук куралга ээ болушунун алдын алуу үчүн бар аракетибизди жумшайбыз.

Тегеран болсо атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатканын четке кагып келатат.

Обама кайрылуу жасаардын алдында эде Түндүк Корея 3-ядролук сыноосун өткөргөн. Америка президенти муну провокация деп атап, жооп иретиндеги кадамдарды жетектээрин айтты.

Өз сөзүндө ал АКШ жана Орусиянын ядролук арсеналына да учкай токтолду. 2009-жылы Орусия менен стратегиялык куралды кыскартуу келишими түзүлгөндө 2018-жылга чейин ар бир өлкөдө 1 миң 550 даана ошондой курал калат деп көрсөтүлгөн. Обама арсеналды кыскартуу мындан ары да улантылаарын айтып, бирок так сандарды атаган жок.

Арийне ички проблемаларга жогорудагыдай эл аралык олуттуу темаларга караганда көбүрөөк көңүл бурулду.

Президент Конгрессти бюджет дефицити боюнча мунасага келип, финансылык туңгуюкка кептелүү коркунучун жоюуга чакырды.

Обама экономикалык ийгилик орто класстын өнүгүшүнө көз каранды деп эсептейт.
Президенттин кайрылуусунан көп өтпөй республикачылардын атынан расмий сүйлөгөн сенатор Марко Рубио Обаманын көпчүлүк сунуштарын четке какты.

"Президент салыктарды көтөрүү идеясынан баш тартат деп ишенем", - деди сенатор.

XS
SM
MD
LG