Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Б.Обама: Африка дүйнөдөн бөлүнүп калган жок


Гананы баш калаасы Аккра Обаманы жылуу тосуп алды, 11-июль, 2009
Гананы баш калаасы Аккра Обаманы жылуу тосуп алды, 11-июль, 2009

АКШнын алгачкы афро-америкалык президенти Барак Обама мамлекет башчы катары Африкага алгачкы сапары менен келди. Ганада ал Африканы дүйнөлүк процесстерден обочолонуп калган жок деди.

Барак Обама Африкага сапарын дал ушу Ганадан баштаганынын себебин бу өлкө аймактагы башка мамлекеттерге үлгү болчудай демократиялык баалуулуктарга ээ экени, коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп, экономикасы өнүгүп жатканы менен түшүндүрдү. «АКШ Африканын өнүгүшүнө» кызыкдар экенин айткан Обама, Гана континенттеги башка мамлекеттерге өнүгүүнүн жакшы мисалы боло алат деп белгиледи.

Ганалыктар Обаманы шаңдуу маанайда тосуп алышты. Обама Гананын баш калаасы Аккрага сапары учурунда мамлекеттин президенти Жон Атта Милс менен жолугушту.

АКШнын президенти бүгүн Гананын парламентинде сүйлөп жатып «Африкалыктар өзүнүн келечеги үчүн жоопкерчиликти өз колуна алышы керектигин, аймактын өнүгүшүнө коррупция жана түрдүү конфликттер тоскоолдук кылып жатканын» белгиледи.

Ал Батыш мамлекеттери Африкага берип жаткан каржылык колдоону мамлекеттердин жетекчилери туура пайдаланышы керектигин да айтты.

БаракЧОбама Ганага үй-бүлөсү менен Италияда «Чоң сегиздин» саммитине катышкандан кийин келип отурат. Ал жактагы саммитте дүйнөнүн ири мамлекеттери жакыр мамлекеттерге, анын ичинде Африкадагы өлкөлөргө да, айыл-чарбаны өнүктүрүү үчүн 20 млрд.доллар бөлө тургандыгын билдиришкен.

Ганалык бизнес-айым Нана Ампем Даркоа: «Афроамерикалык адам үчүн АКШнын президенти болуу оңой эмес. Мен аябай буга толкунданып турам. Мунун өзү ар бир жаш адамга алдыга максат коюп, ага жетүү үчүн күрөшсө, баары боло турганын көрсөтөт», - деп айтты.

АКШнын президенти Барак Обаманын атасы Кениядан болот, аялы Мишелдин ата-бабалары болсо - АКШга кул катары алынып келинген африкалыктардан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG