Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Барак Обама Израилге барды


Израил -- Премьер-министри Беньямин Нетаньяху АКШ президенти Барак Обманы тосуп алууда. 20-март, 2013.
Израил -- Премьер-министри Беньямин Нетаньяху АКШ президенти Барак Обманы тосуп алууда. 20-март, 2013.

Америкалык маалымат каражаттары жазгандай, Обаманын сапары – АКШ-Израиль достугун жана кызматташтыгын бекемдөө максатын көздөйт.

Барак Обаманын шаршембиде башталган үч күндүк сапары ар бир мүнөтүнө чейин тыкыр пландаштырылган. Күн тартибиндеги башкы темалар – Ирандын атомдук программасы, Сириядагы кырдаал жана палестин-израил сүйлөшүүсүн жандантуу аракети болмокчу.

Анткен менен, АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи орун басары Бенжамин Роудс бул сапар маалында кайсы бир маселе боюнча жаңы сунуш, же жаңы саясий көз караш айтылбайт деп эскертти.

- Биз башынан эле ачык айткандай, бул сапар кайсы бир маселе боюнча жаңы демилге көтөрүү, же кайсы бир маселе боюнча соңку чечим кабыл алуу максатын көздөбөйт. Израил менен АКШда жаңы өкмөт шайланды, ушундай учурда эки тараптуу стратегиялык сүйлөшүү өткөрүүнүн өзү маанилүү деп эсептейбиз.

Ошентип Обама кайра шайлангандан кийинки алгачкы президенттик сапары менен Израилге барды. Буга чейин ал 2008-жылы сенатор жана президенттикке талапкер кезинде барып кеткен экен. Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун иш кеңсеси АКШ президентинин сапарын уюштуруу операциясын “Бузулгус альянс” деп атап, Обаманы коштой келген 600дөй адам – америкалык сенаторлор менен бизнесмендер, АКШдагы жөөт коомчулугунун лидерлери менен журналисттерди өлкөнүн аскердик, илимий, социалдык жана маданий жетишкендиктери менен кеңири тааныштырууга катуу камданды.

Адегенде эле Обаманы Израилдин президенти Шимон Перес жана премьери Нетаньяху тосуп алышып, аэропорттон эле жөөт армиясынын антиракеталык коргонуу системасынын жаңы курал-жабдыктары көргөзүлдү. АКШ президенти алдыдагы күндөрү Израилдеги бир катар тарыхый жана маданий жайларды кыдырат. Мурдагы америкалык лидерлерден айырмаланып, Обама Израил парламенти - Кнессетте сүйлөбөйт, анын ордуна ал Иерусалимдеги Конгресстер залында чогулган миңдей адамга кайрылуу жасайт. 21-март күнү Барак Обама Иордан дарыясынын батыш жээгине барып, Палестина президенти Махмуд Аббас менен түшкү тамак үстүндө жолугушат.

Вашингтондун расмий өкүлдөрү Обаманын бул сапарынан чоң жаңылык күтпөгүлө деп эскерткени менен, эксперттер эгерде ал Палестина менен Израилдин жетекчилерин сүйлөшүүнү жандантууга көндүрсө, чоң жетишкендик болмок дешет. Экинчи бир маанилүү маселе – АКШда Израил өз алдынча Иранга абадан чабуул коюшу мүмкүн деген кооптонуу жок эмес. Барак Обама Израилге жөнөөр алдында тель-авивдик телеканалга берген интервьюсунда "дипломатиялык каражаттар таптакыр түгөнгөндө, АКШ да Иран кризисин аскердик жол аркылуу чечүүдөн кайра тартпайт. Бирок ал үчүн Иранга мөөнөт чектөө жолун колдобойт", - деп билдирди. Израил көптөн бери Иранга белгилүү мөөнөт берилсин деп талап кылып келатат.

Барак Обаманын өзүнө карата Израилде ар кыл пикирдеги адамдар бар. Шейшембиде Израил президентинин иш кеңсеси алдында демонстрация өтүп, АКШда Израилдин тыңчысы деп түрмөгө камалган америкалык офицер Жонатан Поллард бошотулсун, АКШ президентине Израилдин эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы “Эркиндик ордени” берилбесин деген ураан-чакырык айтылды. Буга чейин бир да америкалык президентке мындай сыйлык ыйгарылган эмес экен.

Барак Обама Израилден кийин иш сапарын Иорданияда улантат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG