Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Православдар Ыйсанын туулган күнүн белгилешүүдө


Бүгүн дүйнөдөгү православ христиандары Юлиан календары боюнча Ыйсанын туулган күнүн белгилеп жатышат. Айрым жерлерде майрам кандуу кагылышуулар менен коштолду.

Москвадагы Ыйса куткаруучунун чиркөөсүндө орус патриархы Кирилл өткөн түнү негизги диний жөрөлгөнү өткөрдү. Бул Кириллдин Орусиядагы ортодокс чиркөөсүнүн көсөмү катары алгачкы Рождество ибадаты болчу. Ыйса Куткаруучунун чиркөөсү 1990-жылдардын башында кайра курулган. Ыйсанын туулган күнү да Орусияда Советтер союзу кулагандан кийин расмий майрамдала баштады.

Орус президенти Дмитрий Медведев менен жубайы Светлана, 6-январь, 2009
Орусиядагы ушу башкы православ чиркөөсүнө чогулган 5000 жакын адамдын арасында өлкөнүн президенти Дмитрий Медведев да болду. Диний жөрөлгөнүн баары жылдагыдай эле башкы телеканалдар аркылуу түз ободо чагылдырылып турду.

Келген адамдардын бири Тамара: “Ыйсанын туулган күнүн баардык православ христиандары үчүн чоң майрам. Бул – жаңылануунун, тазалыктын, сулуулуктун, мээримдүүлүктүн жана келечекке болгон үмүттүн майрамы”, - деди.

Патриарх Кирилл өз сөзүндө Орусия оор кризисти баштан кечиргенин айтып, андан эл менен бийлик биргеликте чыга алганын билдирди.

Соңку кездери орус эл башчылары орус православ чиркөөсүнүн майрамдык иш-чараларын калтырбай, аларга катышып келатышат. Муну айрымдар мамлекет менен чиркөө жакындашып кеткендигин айгинилейт деп, орус жериндеги башка конфессиялардын укугун бузгандык катары сындап жүрүшөт.

Буга чейинки президент, азыркы премьер-министр Владимир Путин 10 жылдан бери Ыйсанын туулган күнүн, мисалы, бир жолу да калтырган жок. Бирок эң кызыгы – ушул мезгил аралыгында бу майрамды ал башкы чиркөөдө эмес, жумурияттагы анча белгисиз кичинекей чркөөлөрдө белгилеп келатат. Мисалы, быйыл да ал Рождествону Костромага жакын жердеги кичинекей чиркөөдө майрамдады.

Серб президенти Борис Тадич майрамды Косоводо белгиледи
Балканда болсо серб президенти Борис Тадич эки жыл мурда Сербиядан өзүн көзкарандысыз мамлекет деп жарыялап алган Косоводогу православ чиркөөсүнө барды. Тадич бул жер “биздин биримдиктин кепилдиги” деп, чиркөөгө эми жыл сайын келип тураарын айтты. Косовонун бийликтери Тадичтин өз алдынча сапарына каршылык көрсөтүшкөн жок.

100 жакын албан анын бул жакка келгенине нааразылык иретинде митингге чыгып, сербдерге каршы кыйкырып жатты. Аларды ошол аймакта абалга көз салып турган НАТОнун аскерлери таркатышты.

Бүгүн Юлиан календары боюнча Ыйсанын туулган күнүн, орус православ чиркөөсүнөн сырткары, иерусалим, серб, грузин, ошондой эле, Грециядагы байыркы афон кечилканасы да белгилеп жатат.

Негизги майрамдык жөрөлгөлөр Ыйса төрөлгөн деп эсептелинип жүргөн Вифлеемдеги чиркөөдө өттү. Бирок бул жерде палестин-израил жаңжалынын айынан майрам үзлүгтүккө учурай жаздады. Палестиналык христиандар аталган чиркөө жөөттөргө жер сатып жатат деп, майрамдык ибадатка катышпай коюшту. Ибадаттын алдынан кеминде 100 адам “Ыйык жер сатылбайт!” деген ураандар жазылган плакаттары менен демонстрацияга чыгышты.

Египеттин түштүгүндөгү Нага Хаммади шаарында болсо бул күнү чиркөөгө келип сыйынгандарга белгисиз бирөө ок жаадырып, жети киши набыт болду. Өлгөндөрдү жерге берүү учурунда жергиликтүү христиандар – копттор – менен полиция кагылыша кетти. Ноябрда ушул жерде мусулман кызды христиан эркек зордуктап кеткен эле. Полиция соңку окуяларды ушул факты менен байланыштырып жатат.
Грегориан календары боюнча Ыйсанын туулган күнүн Батыштагы көпчүлүк мамлекеттердеги католик-христиандары 25-декабрда белгилешкен.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG