Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Жылдын фильми - "Кулчулуктагы 12 жыл"


Жеңүүчүлөр: мыкты актер жана актриса - Мэттью Макконахи менен Кэйт Бланшетт, экинчи пландагы мыктылар - Лупита Нионго жана Жаред Лето, Калифорния, 2-март, 2014
Жеңүүчүлөр: мыкты актер жана актриса - Мэттью Макконахи менен Кэйт Бланшетт, экинчи пландагы мыктылар - Лупита Нионго жана Жаред Лето, Калифорния, 2-март, 2014

Дүйшөмбүгө караган түнү Лос-Анжелесте Голливуддун киноакадемиясынын “Оскар” сыйлыгынын быйылкы башкы байгеси – “Жылдын фильмин” – “Кулчулуктагы 12 жыл” тасмасы утту. Оскар статуэткаларынын саны боюнча биринчи орунга “Гравитация” фильми чыкты.

“Оскардын” 86-аземи алдын-ала күтүлгөндөй эле жыйынтыкталды.

Стив МакКуиндин “Кулчулуктагы 12 жыл” тасмасы АКШда 19-кылымда жашаган билимдүү, үй-бүлөлүү кишинин кантип уурдалып, кийин кулчулукта өткөргөн жылдары тууралуу жазылган китебине негизделген.

Номинациялардын санынын көптүгү боюнча алдыңкы орунда турган тасмалардын бири – космостогу катастрофа чагылдырылган “Гравитация” фильми чындап эле топтогон статуэткалары боюнча да алдыга озуп чыкты. Альфонсо Куарон “Гравитация” үчүн “мыкты режиссер” катары “Оскарды” алды. Бул фильмге тиешелүү башка сыйлыктардын баары техникалык жетишкендиктери үчүн берилди.

Актриса Сандра Буллок башкы ролдо ойногон бул тасманы атактуу режиссер Жеймс Кэмерон “Космос жөнүндөгү эң мыкты фильм” деп атаганы бар. Андагы окуянын жарымынан көбү компьютердик графика аркылуу жасалган, бирок көрүүчүнү чыныгы ачык космоско, андагы эң катаал кыйроого алып барат.

Жашоосундагы эң татаал учурда Нью-Йорктогу жашаган Жасмин бүт баарын таштап, сиңдисинин Сан-Францискодогу кичинекей батирине жашаганы кетет. Вуди Аллендин “Жасмин” фильминде башкы ролду ойногон австралиялык Кейт Бланшетт “Жылдын мыкты актрисасы” аталды.

"Академияга эң эле өзгөчө, мыкты актрисалардын оюнуна толо бул жылы күтүлбөгөн жана көз карандысыз бул сыйлык үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем", - деди Бланшетт.

Ал эми “Сатып алуучулардын Даллас клубу” тасмасында СПИД менен ооруган кишини ойногон Мэттью Макконахи “жылдын актеру” наамын алды.

- Биринчи кезекте мен жардам сурап кайрылчу Кудайга рахмат айтам. Ал менин жашоомду катардагы адамдын колунан келбеген, менин колумда жок мүмкүнчүлүктөр менен толтурду. Кудай “ыраазычылыктын жообу болот” деген фактыны илимий далилдей алды.

Белгилүү ырчы жана актер Жаред Лето ушул эле тасмада транссексуалдын ролун аткарганы үчүн “Экинчи пландагы мыкты актер” сыйлыгын алды. Ал өз жеңишин украиналыктарга арнай турганын белгиледи:

- Азыр бизди Украина, Венесуэла өңдүү дүйнөнүн чар тарабынан көрүп турган үмүткерлерге кайрылар элем: силер өзүңөрдү үмүт-максатыңарга жеткенге аракет кылып жаткан чакта, биздин ой-санааларыбыз силер менен, - деди Лето.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG