Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:42

Ош: Мурдагы депутат имарат талашууда


Талашка түшкөн имарат.

Керек-жарак бирикмесинин Ошто жайгашкан административдик имараты акционерлер менен мурунку депутат Мамат Орозбаевдин ортосунда талашка түштү.

Ош облустук керек-жарак коомунун акционерлери мекеменин башкы имаратын базар баасында сатууну көздөп жатышат. Ага кардар болгон мурунку депутат Мамат Орозбаев имаратты базар баасынан 12 эсе арзан турган баланстык баада сатып алгысы келет. Сөз болуп жаткан мекемеде кезинде азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун атасы да иштеп кеткени белгилүү.

Ош шаарынын чок ортосунан орун алган, эл арасында “Ош облустук керек-жарак коому”деген ат менен таанылган мекеменин 7 кабаттуу административдик имараты бар. Жалпы аянты 4 миң чарчы метр болгон бул имарат учурда акционерлер менен кардардын ортосунда талашка түштү. Азыр “Керек-жарак кооперативи” деп аталып калган мекеменин текшерүү комиссиясынын төрагасы Абдикарим Маметов талаштын жөнүн мындайча түшүндүрдү:

Абдикарим Маметов.
Абдикарим Маметов.

- Ош облустук керек-жарак коомунун 51% үлүшүнө ээлик кылган сегиз киши бар. Облустук жетекчилер ошол 51% үлүш ээлерин чогулушка катыштырбай туруп, биздин административдик имаратты Мамат Орозбаевге сатууга макулдук берип коюшкан. Алар 2013-жылы “имарат баланстык баада эмес, көз каранды эмес баалоочунун корутундусу боюнча реалдуу базар баасында сатылсын” деген жобону көңүлгө алышкан эмес. Ошондуктан 2017-жылдын 17-январында акционерлердин жалпы чогулушун кайра чакырып, 2016-жылдын 10-ноябрында имаратты Орозбаевге 51% үлүштү баланстык баада сатуу тууралуу токтомду жокко чыгардык. Буга нааразы болгон Мамат Орозбаев керек-жарак коомун сотко берди. Ошол эки токтомдун ортосундагы 2,5 айга жетпеген убакытта Орозбаев коомго бир тыйын да төккөн эмес. Ошондуктан коом Орозбаевге бир тыйын да карыз эмес.

Чындыгында эле керек-жарак коомунун акционерлери Ош шаарынын борборунан орун алган, пайдалуу аянты 4 миң чарчы метр болгон 7 кабат имаратты Мамат Орозбаевге баланстык баада сатуу тууралуу чечим кабыл алышкан. Мамат Орозбаев болсо “акционерлер кеңеши өз чечимин өзү жокко чыгара албайт” деген негизде керек-жарак коомунун азыркы жетекчилигин сотко берген.

Имараттын баланстык баасы эски 11 миллион сомго бааланган бойдон жаңыртылбай калып кеткен. Бул арада көз каранды эмес баалоочулар сөз болуп аткан имараттын азыркы базар наркын 139 миллион сомго баалашкан.

Мамат Орозбаев.
Мамат Орозбаев.

- Ал имаратты “базар наркында сатабыз” дегенден бери нечен жыл өттү! - дейт Мамат Орозбаев. - Аны базар наркында эмес,“төрт тыйынга алам” деген бир да кардар келген жок. Анан 2016-жылдын ноябрь айында керек-жарак коомунун жетекчилери мага кайрылып, “ошол имаратты сиз эле алып коюңуз, сизден башка ким алмак эле” деп суранышты. Чогулуш чакыртып, мага баланстык баада сатуу тууралуу чечим чыгарып беришкен. Мен ал имаратты сатып алыш үчүн банктан карыз алганмын. Акчаны банкка кайра алып барсам албады. Мен ошондон бери насыя төлөп атам. Мени убара кылышты.

Өздөрү билип туруп сатышты, эч ким каршы болгон жок. Анан мени жаш баладай кылып, алдап, токтомду жокко чыгарып, өз кызыкчылыктарын жогору коюп, мага башкача шарттарды коюп атышат. Ал мекемеде мен 40 жылдан ашык иштегем. “Жалпы чогулуш башкаруунун чечимдерин жокко чыгарат” деп жазылып турат. Бирок “өз чечимин өзү жокко чыгарат” деген жок. Мына ошол жобонун негизинде мен аларды сотко бердим.

Деген менен, ушул эле коомдун дагы бир мүчөсү Каныбек Ормонов учурда “акционерлер кеңеши өз чечимин өзү жокко чыгара албайт” деген жүйө менен соттошуп жаткан Мамат Орозбаев коомду өзү башкарып турганда көп эле чечимдер жалпы чогулуштун негизинде жокко чыгарылып жүргөнүн айтты:

Каныбек Ормонов.
Каныбек Ормонов.

- Мамат Орозбаев Ош облустук керек-жарак коомуна 10 жылдан ашык төрага болуп иштеген. Ал киши жогорку органдын чечимдерин бир нече жолу жокко чыгарган. Андай фактылар абдан көп. Эгер кааласа документтер менен көрсөтүп бере алабыз. Эми эле “жалпы жыйын өз чечимин өзү жокко чыгара албайт” дегенди бетке кармап жатат. Ал өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн жок сөздү чыгарып, элди адаштырып атат. Муну биз туура эмес деп эсептейбиз.

Ош облустук керек-жарак коомунун азыркы төрагасы Бектемир Ражапов аталган уюмдун бир топ мүлкүн арзан жана бекер алган Мамат Орозбаевдин акционерлерге таарынууга акысы жок деп эсептейт. Ражапов имаратты 11 миллион сомдук баланстык баа менен эмес, 139 миллион сом турган базар баасында сатып, акционерлерге да, мамлекеттик казынага да көбүрөөк пайда болушу үчүн күрөшүп жатканын айтты:

Азыр шаар четиндеги бир үйдү да эч ким 11 миллион сомго бербейт.

- Бул имаратты Мамат Орозбаев “11 миллион сомго алам” деп атат. Азыр шаар четиндеги бир үйдү да эч ким 11 миллион сомго бербейт. Жалпысынан алганда 200дөн ашык адам “ушул имарат сатылса пайдасын көрөбүз” деп үмүт менен отурат. Мен ошолордун ырыскысын коргоп атам. Эгер биз муну 11 миллион сомго сатсак, мамлекетке жүз миң сомдой гана пайда түшөт. Эгер имаратты базар баасында сатсак, мамлекетке 16 миллион сом, акционерлердин ар бирине 1-2 миллион сомдон пайда түшөт. Эч ким ыраазы болбосо да бул мекемеге Мамат Орозбаев ыраазы болушу керек эле. Орозбаевге биз 1996-жылы Бишкектен эки дүкөндү арзандатылган баада бергенбиз. Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылындагы “Кооператор” деген пансионатыбыздан 4 бөлмөлүү коттежди бекер бергенбиз. 2000-жылы биздин Мамакеев деп аталган 8 гектар жери жана бир нече имараттары менен кошо санаторийибизди Орозбаевге 2,5 миллион сомго бергенбиз. Ага да ыраазы болбой атат. Президенттин атасы Шарип Жээнбеков да биздин тармакта өмүр бою ак ниет менен иштеген. Ошол киши деле эч нерсе албай кетти. Андай кишилер бизде жүздөп саналат. Алардын эч бири келип талашкан жок. Дүнүйөнүн баарын Орозбаев талашып атат.

Бектемир Ражапов Мамат Орозбаев мекемеден алган насыясынын 2 миллион сомдон ашык карызын төлөбөй атканын да кошумчалады:

Бектемир Ражапов.
Бектемир Ражапов.

- 2010-жылы Орозбаев депутаттыкка баратканда биздин мекемеден 12% үстөгү менен 2,5 миллион сом насыя алган. Ушуну сүйрөп жүрүп жылда негизги карызды гана төлөдү. Бирок бүгүнкү күнгө чейин 2 миллион 300 миң сомго жетип калган пайызын төлөй элек. Азыр биз ага доо коюп, сотко берсек доодогу сумманын 10% бөлүгүн сотко төлөш керек. Аны төлөөгө акчабыз жоктугунан Орозбаевди сотко бере албай отурабыз.

Мамат Орозбаев болсо Ош облустук керек-жарак коомунан 8 жыл мурун насыя алганын ырастады. Бирок анын айтымында, тараптардын ортосунда насыянын өлчөмү, үстөк пайызы тууралуу келишимдер бар экенине карабай насыянын үстөгү тууралуу сөз болгон эмес.

- Насыя алгандардын менден башка он чактысы насыяларын төлөбөй жүрүшөт, - деди ал. - Мен алган акчанын негизги суммасын төлөп койгонмун. Эми ошондой деп сүйлөшүлгөн. Ал боюнча Финансы полициясына, прокуратурага арызданышты. Пайызы тууралуу сөз болгон эмес. “Кааласаң сотко бер” дедим.

Ош облустук керек-жарак коомунун 51% бөлүгүнө 8 ишкана жетекчилери ээлик кылат. Ал эми калган 49% бөлүгү 29 адамга үлүш болуп бөлүнгөн. Ош шаардык соту талашты Мамат Орозбаевдин пайдасына чечкен. Ош облустук соту өкүмдү керек-жарак коомунун пайдасына чыгарган. Жергиликтүү эки соттон эки ача чечим алган тараптар эми Жогорку сотто жолукмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG