Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Пакистанда белгилүү сопу ырчы өлтүрүлдү


Пакистандык ырчы Эмжад Сабри
Пакистандык ырчы Эмжад Сабри

Атактуу пакистандык ырчы Эмжад Сабри өткөн аптада Карачи шаарында атып өлтүрүлгөнүн полиция теракт деп сыпаттады. Кыянатчыл иш үчүн жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы өз мойнуна алды.

22-июнда мотоцикл минген белгисиз эки адам элге таанымал ырчы Сабриге унаасында отурган жерден ок жаадырган. Сопу, же суфилердин руханий ырлары менен аты чыккан өнөрпоз ооруканага жетпей көз жумган. Анын жанындагы тууганы кол салуудан жаракат алганы кабарланды.

Пакистандык маалымат каражаттары кол салууну “бир адамды бутага алган кылмыштуу чабуул жана теракт” деп сыпатташты. Карачи шаарынын полиция офицери Мукаддас Хайдер окуя тууралуу журналисттерге буларды айтты:

- Белгисиз эки киши мотоцикл айдап келаткан. Алар Сабрини унаасынын алдыңкы айнегинен мээлеген. Анын унаасы Хасан аянтына бурулганда, мотоциклчендер машиненин алдына чыгып, атайлап эле мээлеп, ок атышкан. Айнекте беш октун изи калган жана биз кылмыш болгон жерден да беш окту таптык. Кылмышкерлердин курмандыгы машинени айдап бараткан Сабри болгону анык.

Сабри Пакистандагы белгилүү каввали стилинде ырдаган музыкант эле. Анын чыгармаларынын түпкү тамыры сопучулукка, же мындайча айтканда исламдагы мистикалуу дүйнөгө барып такалат. Ырларында ал Кудайды даңазалап, пайгамбарга кайрылып баарлашып, динзар адамдарды алкай турган. 45 жаштагы Сабринин атасы, маркум Гулам Фарид Сабри да каввали стилинде ырдаган белгилүү өнөрпоз болгон.

Пакистандык ырчы Фахри Алам өзүнүн Твиттер барагында буга чейин коопсуздугунан чочулап, Сабри расмий түрдө полициядан өзү жана үй-бүлөсү үчүн баш паанек сурагандыгын, бирок полиция “чара көрбөгөндүгүн” жазып чыкты.

Дагы бир пакистандык ырчы Имран Жавад Сабрини акыркы сапарга узатуу зыйнатында сүйлөп жатып, Пакистан өкмөтүнө кайрылып, терең тынчсызданганын билдирди.

- Мен бул кандуу окуяны катуу айыптайм. Менин кайгы-муңум көөдөнүмө батпай турат. Мен өкмөттөн болгон күчүн жумшап, мындай кылмыштарды токтотууга чара көрүүсүн талап кылам.

Диний жол-жобо, эрежелерди кынтыксыз аткарууну талап кылган пакистандык талиптер сопучулук салттарын кармангандарды динбезерлер катары баалашып, аларга каршы чабуулдарды улам бир жерде уюштуруп келатат. 2010-жылы Пакистандын Лахор шаарында жайгашкан Дата Дарбардагы сопулардын сыйынуу борбору бомбаланып, натыйжада 40 адам набыт болгон.

Эки жыл мурун ушул эле Карачи шаарында куралчан жоочу 8 адамды өлтүрүп, онун жарадар кылган. Жоочу алгач сопулардын руханий лидери шакирттеринин курчоосунда отурган имаратка граната ыргыткан.

Пакистан жарандарынын 95 пайызы өздөрүн сунни мусулман деп эсептейт. Сопучулук, же суфизмдин түркүн багыттарын колдогондор диний азчылык топтору арасындагы эң чакан кыймылга кирет.

XS
SM
MD
LG