Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Пакистанда беш эмдөөчү өлтүрүлдү


Пакистанда апта башынан бери балдарды шал оорусунан эмдеген беш медициналык кызматкер атып өлтүрүлдү. Пакистанда талиптер бул программаны "Батыштын кутуму" деп айыптап келишет.

18-декабрда Карачи шаарында белгисиз бирөөлөр эки волонтер айымды атып кетишти. Карачинин полиция кызматкери Аманулла Марваттын "Азаттыкка" билдиришинче, шаарда бул күнү дагы бир волонтер айым атып өлтүрүлүп, анын эркек кесиптеши жараат алды. БУУнун маалыматына ылайык, төртүнчү аял кызматкер Карачиде дүйшөмбү күнү өлтүрүлгөн.

Үч күндүк анти-полиомиелит өнөктүгү шаршембиде аяктамак, бирок Синд дубанынын саламаттык сактоо министри Садхир Ахматтын "Азаттыкка" айтышынча, 24 миң медициналык кызматкер тартылган өнөктүк убактылуу токтотулду.

Шейшемби күнү Пакистандын түндүк-батышындагы Пешавар шаарында да эмдөө ишине тартылган дагы бир аял өлтүрүлгөнү маалым болду.

Полициянын улук кызматкери Жавед Хан Пешаварда мотоцикл минген эки киши эмдөө ишине тартылган эки аялды атканда, алардын бирине ок жаңырды. Бул кол салуулардын курмандыктары Пакистандын жарандары болгон.

Карачидеги эмдөө өнөктүгүн жетектеген Гүл Наз Сигхат өлтүрүлгөн эки кызматкер тууралуу буларды айтты:

- Ок жегендердин экөө тең менин тобумдагы кызматкерлер болчу. Бири Мадиха, экинчисинин аты Фехмида. Кимдир бирөө менин кызматкерлеримди атышканын түштөн кийин уктум. Телефон чалсам, эч ким албай жаткан.

Нигхаттын сөзү боюнча мунун алдында белгисиз адамдар «каапырлардын ишине» аралашкандарды жазалай тургандыгын телефондон эскертишкен.

Көп жылдардан бери эле Пакистанда диний өкүлдөр эмдөө программаларын "Батыштын кутуму" деп келишет. Талиптер шалга каршы эмдөөгө жамынып алып, тыңчылар АКШнын кызыкчылыгында иштеп жатышат деп ырасташат. Алар эмдөөнүн өзү да адамдарга зыян деп эсептешет.

Былтыр эмдөө программасын шылтоологон дарыгер ЦРУга "ал-Каиданын" жол башчысы Усама бин Ладендин көзүн тазалоого жардам бергенден кийин талиптер эмдөөгө ого бетер кастарын тигип калышты.

Быйыл Пакистанда буга чейин дагы үч ирет эмдөө кызматкерлерине кол салуу болгон. БУУнун агенттиктери менен бирдикте өкмөт беш жашка чейинки 34 миллион балага шалга каршы дарылоо өнөктүгүн жүргүзүп келет.

Жугуштуу полиомиелит же шал оорусу дүйнөдө 1950-жылдардагы эмдөө жолу менен дээрлик жоюлган. Бүгүн Ооганстан, Нигерия менен катар Пакистанда гана бул өтө каргашалуу илдет бойдон калууда.

Эмдөө программасы дүйшөмбү күнү башталганда Пакистан бийликтери өлкөнүн алыскы аймактарында балдарды эмдөөгө бөгөт болгон уруу башчыларын жазалайбыз деп эскерткен.

Түндүк Вазиристан уруу аймагынын жергиликтүү администрациясын жетектеген Сирай Ахмад Хан мындай уруу башчыларына айлык төлөө, өнүктүрүү иштери, жарандык кызматтарга алуу токтотулуп, паспорт берүүгө тыюу салынат деп эсерткен.

Видеону бул жерден көрүңүз.

XS
SM
MD
LG