Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:30

Пакистан: молдолор ДНКны далил тартууга макул


Пакистанда исламдык негизги орган зордуктоодо башкы далил катары ДНКны колдонууга макул болгондугу кабарланууда. Ага чейин Пакистандын Исламдык идеология кеңеши буга каршы болгон эле.

Пакистанда зордуктоону далилдөө өтө кыйын. Анткени азыркы мыйзам боюнча, зордукталган тарап төрт күбөнү, болгондо да төрт эркекти күбө катары көрсөтүшү керек. Төртөө тең бойго жеткен, жүрүм-туруму адептүү болушу да шарт.

Мындай мыйзам исламдык шариятка негизделип жазылган. Ага ылайык, ДНК сыяктуу далилдер шартка жараша гана кабыл алынат. (ДНК - адамдын генетикалык маалыматы сакталган макромолекула.)

Мына эми жакын арада мунун баары өзгөрүшү мүмкүн. Анткени Пакистандагы таасирлүү исламдык орган зордуктоодо ДНКны башкы далил катары колдонууга макул болгондугу айтылууда.

Өлкөдөгү негизги исламдык багыт берүүчү орган болгон Идеология кеңеши бул тууралуу чечим кабыл алынгандыгын 20-сентябрдагы пресс-релизде маалымдады.

Кеңештин чечими маанилүү өзгөрүшкө жол ачууда. Май айында аталган кеңеш "мыйзам Куранга негизделгендиктен аны өзгөртүүгө болбойт" деген бүтүм чыгарган эле.

Кеңештин 20 мүчөсүнүн бири Аллама Тахир Ашрафи кеңеш эми өз өкүмүн өзгөртүп, зордуктоо боюнча иштерде ДНКны башкы далил деп эсептөөнү сот өзү чечсин деген бүтүмгө келгендигин бышыктады:

– ДНК исламга каршы эмес, шариятка да каршы келбейт. Эгер айрым зордуктоо иштеринде ДНК далил катары зарыл деп тапса, аны далил катары кабыл алабы, жокпу, сот өзү билсин деп жатабыз.

"Хюман Райтс Уотч" укук коргоо уюмунун Пакистандагы баш өкүлү Али Даян Хасан кеңештин чечимин кубаттоо менен кабыл алгандыгын билдирди:

Бул оң көрүнүш, себеби кеңеште жылыш болуп жатат. Бул сөзсүз зордуктоо боюнча иштерге илимий негиз берет. Эми кеңештин сунушу менен өкмөт тийиштүү мыйзам долбоорун даярдаш керек болот.

Укук коргоочулар азыркы мыйзамдын кесепетинен зордуктоолор далилденген учурлар өтө аз экендигин айтып келишет. Хасандын эсебинде, зордуктоо боюнча козголгон иштердин төрт пайызы гана жаза берүү менен аяктайт.

Ошол эле мезгилде Лахордо жыл башында беш жаштагы кыздын зордукталышы сыяктуу айрыкча чуулгандуу кылмыштарга байланыштуу исламдык кеңешке кысым өстү.

"Бул окуялар коомду солк эттирди. Зордуктоолор боюнча айыпталгандар жазаланган учурлардын аздыгы тууралуу талаштар жана буга карата нааразылык исламдык кеңешти бул иштердин жыйынтыктуу болушун кепилдөөнүн жолдорун издөөгө мажбурлады", - дейт укук коргоочу.

XS
SM
MD
LG