Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

Пакистан: тынчтык сүйлөшүүсү үзгүлтүккө учурады


Пакистан -- Кохаттагы жардыруу болгон жер. 23-февраль, 2014.
Пакистан -- Кохаттагы жардыруу болгон жер. 23-февраль, 2014.

Пакистанда армия 40 чакты согушкер өлтүрүлгөнүн билдирүүдө. Өлкөнүн коогалуу уруулар аймагында армиянын учактары согушкерлердин турактары деп шектелген аймактарды бомбалашты.

Жемшембидеги бомбалоонун алдында Пакистандык талиптер менен сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурап калган. Өткөн аптада талиптердин "Техрик-е Талибан Пакистан" деп аталган уюшмасы менен сүйлөшүү токтоп калгандан кийин өкмөт башчысы Наваз Шариф 20-январда армияга Ооганстан менен чек ара аймактарындагы согушкерлердин турумдарын бомбалоого буйрук берген.

Пакистан армиясы жекшемби күнкү билдирүүсүндө маалымдагандай, бомбалоодо курман болгондордун арасында «талиптердин улук кор башысы бар». Ошондой эле Хыбер аймагындагы Тирах өрөөнүндөгү операцияда согушкерлердин алты турагы жок кылынган.

Мындай ырастоону көз карандысыз булактардан тастыктоо мүмкүн болгон жок. Карапайым тургундар арасында жапа чеккендер боюнча да маалымат түшпөдү. Жекшемби күнкү чабуул Пакистан аба күчтөрүнүн 20-февралдан берки үчүнчү операциясы болуп калды. Анын алтында эле Пакистан талиптери туткундагы 23 Пакистан аскеринин башын алгандыгын жар салган.

Аскерлердин өлтүрүлүшү жана өкмөттүн андан өч алуусу Пакистан талиптери менен Исламабаддын ортосунда январда башталган тынчтык сүйлөшүүсүнө көлөкө түшүрүүдө.

Сүйлөшүүнүн келечегине коркунуч келтирген дагы башка окуялардын катарында коогалуу Хыбер Пахтункхва дубанында жайгашкан Кохат шаарында, автобекетин жанында бомба жарылып, 12 кишинин өмүрү кыйылды.

Кохаттын тургуну Мужеебур Рехмна жардырууну көргөн күбөлөрдүн бири:

– Биз өтүп баратканда жардыруу болду, чоң бомба жарылды окшойт. Беш-алты киши ошол жерден эле сулап калды. 8-10 чактысы жарадар болду. Айрымдарынын жарааттары өтө оор.

Полиция маалыматына ылайык, жардыргыч зат тамак жасоодо колдонулган май куюлуучу темир контейнерде болгон. Аны Кохаттагы автобус бекетинин жанына коюп, алыстан туруп жардырышкан.

Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти ала элек. Бирок шийи азчылыгы жашаган бул шаардагы кан төгүү үчүн адатта Пакистан талиптерин күнөөлөп келишет.

Ал арада Түндүк Вазиристан уруу ооданында дүйшөмбүдө Пакистан талиптеринин улук кор башчысы белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөнү кабарланууда. "Азаттыктын" Пакистан бөлүмү жергиликтүү жана чалгын булактарына таянып билдиргендей, Түндүк Вазиристандын борбору Мираншах шаарынын жанындагы кол салууда Асматулла Шахеен Бхиттани менен катар аны айдоочусу жана эки кайгуулу окко учту.

Бхиттани Пакистан армиясынын кара тизмесиндеги өзгөчө изделген 20 кишинин катарында эле. Анын башына армия 120 миң доллар сайган. Бхиттани бир азга "Тегрик-е Талибан Пакистан" уюшмасынын башчысы болуп турган. Өткөн жылы АКШнын пилотсуз учак чабуулунда бул уюшманын башчысы Хакимулла Мехсуд деген жок кылынгандан кийин, ордуна Мулла Газлуллах дайындалганга чейин Бхиттани Пакистан талиптеринин бул таасирлүү уюшмасын башкарып турган. Ал Исламабад менен сүйлөшүүлөрдү баштоодо чечүүчү рол ойногон эле.

XS
SM
MD
LG