Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:36

Хакканинин өлүмү бийликти тайсалдатты


АКШ тарабынан эң кооптуу террорчулардын кара тизмесине киргизилген Насируддин Хакканинин Исламабадда өлтүрүлүшү Пакистан өкмөтүнүн терроризмге каршы күрөшүнө байланышкан бир топ суроолорду жаратты.

10-ноябрда Насируддин Хакканини Пакистандын баш калаасында атып кетишти. Сыягы ал Исламабадда жашырынбай эле эркин жашап жүрчү. Айрымдар дароо 2011-жылы "ал-Каиданын" ана башы Усама бин Ладендин Пакистан жергесинде жок кылынышын эстеп, окшоштуктарды издей башташты.

Экөө тең террордук уюшмалардын маанилүү фигуралары болчу, экөөнө тең АКШ издөө салган жана экөө тең жылдар бою Пакистанда жергиликтүү калк арасында эле жашап жүрүштү.

Бирок бин Ладенден айырмаланып, Хаккани катуу кайтарылган жашыруун бир комплексте эмес, борбор шаардагы люкс үйлөрүндө туруп, базар, ресторандарга барып, кыскасы, ээн-эркин эле элге аралашып жүрдү.

Пакистан армиясынын отставкадагы генералы Мехмуд Шахтын айтымында, Насируддин Хакканинин наабайканада ок жеп каза табышы Пакистан бийлигин оңтойсуз абалга кептеди:

- Ал Исламабадда эмне кылып жүргөн деген чоң суроо туулуп атат. Хакканинин согушкерлери алыскы Түндүк Вазиристанда иш алып барат деп айтылып келген. Болгондо да Ооганстан менен чек арага жакын жерде жайгашканы дешчү.

Маалыматтарга караганда, маркум Исламабаддан Перс булуңундагы өлкөлөргө барып акча чогултуп келчү.

Насируддиндин улгайып калган атасы Жалалуддин Хаккани түптөгөн топ бир кездери АКШ жана Пакистан тарапта болуп, 1980-жылдары Ооганстандагы советтик аскерлерге каршы күрөшкөн.

1990-жылдары белгилүү талаа командири катары таанылган Хаккани Талибан кыймылына кошулат. Талибдер режими кулатылгандан кийин уюм кыймылдын эң радикалдуу фракциясына айланды.

Оогандык журналист Сами Юсуфзай Насируддин Хаккани акча чогултуудан тышкары жакшы стратег, чыр-талаштарды жөнгө салган арачы катары кабыл алынчу жана уюмдун байланыштарын бекемдөө ишин алып барчу дейт:

- Хакканинин тындым кылынышы Кошмо Штаттары жана Батыштын башка чалгындоо кызматтары тарабынан изделип жаткан адамдар үчүн Пакистан коопсуз жер эместигин көрсөттү. Аларды террорчу деп жарыялап, баштарына байге сайгандар Пакистандын ичинде эч нерсе кыла алышпайт деп ойлошсо керек.

2010-жылы Вашингтон Насируддинди “глобалдык алкакта” иш жүргүзгөн террорчулардын тизмесине киргизген. Кээ бир маалыматтарга ылайык, ошол эле жылы ал Пакистанда кыска бир мөөнөткө кармалган.

2011-жылы АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Биргелешкен штабдарынын ошол кездеги кол башчысы адмирал Майкл Моллен Хаккани уюмун Пакистандын чалгындоо кызматынын “бир бутагы” деп сыпаттаган.

Исламабад өкмөтү бул айыптоолорду четке кагып келди. Бирок Насируддиндин борбор шаарда эркин жашап жүрүшү шектенүүлөргө май тамызгандай болду.

Юсуфзайдын пикиринде, согушкерлердин Пакистандагы колдоочуларынан чочулаган Исламбад иш жүзүндө эч качан оогандык жоочулардын сары изине сая түшчү эмес.

- Пакистанда америкалыктар Талибан менен сүйлөшүп алышат, сүйлөшүүлөргө шарт түзүү үчүн Катарда кеңсесин ачууга да барышат деген ой кеңири тараган. Андыктан Ооганстандагы талибдерге чечкиндүү күрөшүүнүн деле кереги жок дешет.

XS
SM
MD
LG