Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Пакистан: жапайы адаттын курмандыктары


Маркум Зинат Биби
Маркум Зинат Биби

Өткөн аптада ата-энесинин сунушун четке кагып, өзү тандаган жигитке турмушка чыккан 16 жаштагы Зинат Бибини энеси тирүүлөй өрттөп өлтүрдү. Анын өлүмү Пакистанда “намыс үчүн өлтүрүү” деген адатты токтотчудай болуп турат.

16 жаштагы Зинат Бибинин өлүмүнөн кийин Пакистандын муфтийи аялдардын эркин баш кошуусуна жол ачкан фатва чыгарды.

Ал фатвага ылайык кыздар ата-энеси сунуштаган адамга турмушка чыкпай койгону жана өзү тандаган адамга баш кошкону уят деп эсептелбейт. Демек, ал өз жакындары тарабынан өлтүрүлбөйт.

Пакистандын башкы муфтийи Саид Ризви аялдардын өзү каалаган адамы менен баш кошкону үчүн өлтүрүлүшүн "жапайылык" деп атады.

- Кудай аялды эркин кылып жараткан. Алар эки тарап тең макул болсо өзү каалаган адам менен турмуш курууга акылуу. Ислам аялдардын укугун сыйлайт. Аялды үй-бүлө намысы үчүн өлтүрүү сабатсыздыктын натыйжасы. Бул жапайылыкка бет алганыбызды далилдейт. Бардык дин аалымдары муну мыйзамсыз, Конституцияга, демократияга, этикага каршы келет деп билишет. Мындай кылмыштарды мамлекет кандай баа менен болсо да токтотушу керек. Андан сырткары өкмөт «үй-бүлө намысын» бетке кармап, адам өлтүргөндөргө жаза чегерүү боюнча мыйзам чыгарышы зарыл.

Муфтийдин бул билдирүүсүнө улай Пакистан премьер-министри Наваз Шариф Зенаттын өлүмү боюнча иликтөөнү буюрду. Бирок ошол эле күнү ата-энесинин макулдугусуз баш кошту деген жүйө менен дагы бир киши кызы менен күйөө баласын өлтүрүп салганы кабарланды.

Зинат Бибинин күйөөсү Хасан
Зинат Бибинин күйөөсү Хасан

Пакистанда "намыс үчүн өлүм" деген түшүнүк элдин аң-сезимине терең сиңип калган. Намыс үчүн өлүмгө көп учурда ата-энеси сунуштаган адамга турмушка чыгуудан баш тарткан же өзү каалаган адам менен баш кошуп алган аялдар кабылат.

Human Rights Watch уюмунун жетекчиси Брэд Адамс Пакистан өкмөтүн аялдардын өз туугандары тарабынан өлтүрүлүшүнө каршы катаал чараларды көрүүгө чакырды.

- Үй-бүлө намысына шылтап аялдарды өлтүргөн адат Пакистанда илгертен бери бар. Бул көйгөй азыр жоголуу ордуна күч алууда. Пакистан өкмөтү үй-бүлө намысына шылтап аялдарды өлтүргөн кылмышкерлер жазадан кутулуп кетпегидей мыйзамдар аркылуу кыздардын бөөдө өлүмүнө чекит коюш керек. Бийликтин мындай кылмыштарга сабырдуулук көрсөтүүсү маселени чечпейт.

Пакистандын чыгышындагы Лахор шаарында сунни мусулмандар жашайт. Ал жердегилер кызынын кимге баш байларын ата-энеси чечет деп эсептешет. Ата-энесинин эркине каршы болгон кыздар үй-бүлөнү жер каратты деп кабылданат. Өз тандоосу менен баш кошкон кызды жакындары өлтүрсө, "үй-бүлө намысын коргоду" деп эсептешет.

Бул аймакта "намыс үчүн өлтүрүү" кылмыш деп эсептелбейт. 2015-жылы Пакистанда мындай 500 учур катталган. Бул жылы жарым жыл ичинде 233 адам "намыс үчүн өлтүрүлгөн”.

193 миллион калкы бар Пакистандын 190 миллионун сунни мусулмандар түзөт. Анын ичинен аялдардын жүрүм-турумуна катуу жаза чегергенди адат кылгандар калктын 45 пайызын түзөт.

XS
SM
MD
LG