Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Ясир Арафат ууландырылган болушу мүмкүн


Ясир Арафат, 4-январь, 2004-жыл
Ясир Арафат, 4-январь, 2004-жыл

Швейцарияда өткөрүлгөн соттук-медициналык экспертизанын тыянагы Палестина лидери Арафат 2004-жылы ууландырылып өлтүрүлгөн болушу мүмкүн экенин ырастады. Бул маалыматты маркумдун аялы Суха Арафат жарыялады.

Көп жылдардан бери Францияда жашаган Суха Арафат шаршембиде анын күйөөсүнүн 9 жыл мурунку өлүмү саясий буюртма кылмыш иш болгонун билдирди. Швейцариялык судмедэксперттердин тыянагы көргөзгөндөй, Палестинанын эгемендиги үчүн күрөштү 35 жыл жетектеп, Палестин авономиясынын эң алгачкы президенти болгон Арафат полонийдин радиоактивдүү заты менен ууландырылган болушу ыктымал.

- Эмне болгонун Палестинанын өкмөттүк имараттары жайгашкан Мукатадан сурашыбыз керек. Менин күйөөм өмүрүнүн акыркы үч жылын ошол жерде камалып отуруп өткөргөн. Иликтөө комитетинин жетекчиси Тирави мырза кыңыр ишти мындан ары казып, Ясир Арафатты ким өлтүргөнүн аныктоого аракет кылат. Эл шайлаган мамлекет жетекчисин ким өлтүргөнүн аныктоо - баарыбыздын парзыбыз, - деди маркумдун аялы Суха айым.

Суха Арафат
Суха Арафат
Эксперттер тобу былтыр палестиндердин Рамалла шаарындагы көрүстөндү ачып, Арафаттын сөөгүнүн калдыктарынан ууландырууга далил боло алчу керектүү элементтерди алышкан.

Ошол ДНК жана башка анализдер менен бир жылдан бери кылдат илимий изилдөө жүргүзгөн швейцариялык окумуштуулар тобу ишинин жыйынтыгын 5-ноябрь күнү маркумдун аялы Суха Арафатка тапшырды. Алардын кагаздарын окуп чыккан Арафат айым анын колунда күйөөсү ууландырылып өлтүрүлгөнүн тастыктаган илимий далилдер бар экенин жар салды.

- Мен эл аралык таанымал медициналык эксперт Дэвид Барклай менен сүйлөштүм. Ал: "Албетте, уулуу зат Арафаттын чай, кофе, же стакандагы суусуна кошулуп, жанында жүргөн бир адам тарабынан берилген" деп айтты. Мындан шектенүү абдан кыйын болуп турат. Тилекке каршы, Арафат жанында жүргөн бирөө тарабынан ууландырылган.

Ясир Арафат (ортодо) 28-октябрь, 2004-жыл
Ясир Арафат (ортодо) 28-октябрь, 2004-жыл
Суха Арафат андай кыянатчыл адамдын болжолдуу иш орду, же кызматы тууралуу кошумча маалымат айткан жок. Ал күйөөсүнүн душмандары көп болгонун, Израил мамлекети Ясир Арафатты тынчтыкка көздөй башкы тоскоолдук атаганын эске салды.

Палестина жетекчилери көптөн бери Арафатты ууландырган деп Израилди айыптап келатышат, расмий Тель-Авив андай айыптоолорду четке кагат. Шаршембиде соңку жаңылыкты уккан Израиль өкмөтүнүн өкүлү Игаль Палмор бул окуя илимий тактыкка коошпогон, аягына чыкмагы тозок телесериалга окшоп баратат деп комментарийледи.

Анткен менен, Суха Арафат көп жылдардан бери жашаган Франциянын бийликтери былтыр Ясир Арафаттын өлүмү боюнча тергөө иштерин баштаган. 75 жашында саламаттыгы кескин начарлап, аз убакыт ичинде алдан тайып көз жумган Арафат тирүү кезинде 40 жолу өмүрүнө кол салуудан аман калганы айтылып жүрөт. Анын артында калган аялы Суха айым кызы Захва экөө күнөөкөрлөр табылмайынча, Франция жана башка жерлерде сотто акыйкаттык издей берээрин белгиледи.

Ясир Арафаттын тарапкерлери, 11-ноябрь, 2011-жыл
Ясир Арафаттын тарапкерлери, 11-ноябрь, 2011-жыл
Ясир Арафат 2004-жылы каза болгондо, догдурлар анын өлүмү кандай оорунун кесепети болгонун так аныктай албай, бузулган кандын айынан жүрөк талмасынан көз жумду деп жарыялашкан. Швейцариялык эксперттер эми тогуз жылдан кийин маркумдун сөөгүндө радиоактивдүү полоний адаттан тыш жогорку деңгээлде табылганын, андан улам ал тирүү кезинде ууландырылган болушу мүмкүн деген жоромолго жол ачылаарын кабарлашты. Бирок алардын иликтөөсү Арафаттын өлүмүнөн сегиз жыл өткөндөн кийин жүргүзүлгөндүктөн, айрым илимий жактан чечилгис проблемалар жаралганын белгилеп, кээ бир анализдердин 100 пайыз тактыгын ырастоо мүмкүн болбой калды деп кошумчалашты.

Баарынан таң калычтуусу – өлөөр алдында Арафат жаткырылган француз ооруканасында жасалган бардык анализдердин жыйынтыктары белгисиз себептерден улам дайынсыз жок болуп кеткен экен.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG