Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Кайрылмандардын үмүтү менен үшкүрүгү


2017-жылдын 13-октябрында Нарынга келген памирдик кыргыздар.
2017-жылдын 13-октябрында Нарынга келген памирдик кыргыздар.

Кичи Памирден кыргыз өкмөтү алып келген кыргыздар кайрадан Ооганстанга кайтууда. Бийлик кайрылмандарга кандай кам көрүп жатат? Кайрылмандар кадыресе кыргыз жарандарынын укуктарына эмнеге ээ боло албай жатышат?

2017-жылдын октябрында Ооганстандын Кичи Памир өрөөнүн байырлаган бир нече түтүн кыргыздарды Кыргызстанга өкмөт алып келген. Алар туура тогуз ай өткөндөн кийин бийлик убада кылган жер маселеси чечиле элек экенин айтышты жана жайкысын "элди-жерди көрөбүз, балким кайтпай деле калабыз" деп, айрымдары кайра Кичи Памирге бир жума мурда кетишти.

"Арай көз чарай" талкуусу
"Арай көз чарай" талкуусу

Бул окуя Кыргызстанга мекен издеп келген кайрылмандарга болгон мамилени дагы бир сыйра талкууга чыгарды.

Башка өлкөлөрдөгү кыргыздардын жана кайрылмандардын укуктарын, алардын азыркы акыбалын Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Жыпар Мамбетова, укук коргоочу Рита Карасартова жана жергеталдык жазуучу, аналитик, өзү да кайрылман Мирзахалим Каримов талкуулашты.

"Азаттык": "Бийлик бул кыргыздардын тобун алып келип жатканда айткан сөзүндө эмнеге турган жок?" деген суроо азыр коомдо кызуу талкууланууда. Жыпар айым, буга кандай жооп бере аласыз?

Жыпар Мамбетова.
Жыпар Мамбетова.

Жыпар Мамбетова: Кичи Памирден кыргыздарды алып келүү процессине башынан аягына чейин катышкан жооптуу кызматкер катары тактоо киргизет элем. Башында эле ооган бийлиги менен сүйлөшүүлөрдө "алардын балдарын эле окуганга алып келебиз" деп так жазылган. Чындыгында биз ал жактагы элге "балдарын эле алып кетебиз" десек, ата-энелери макул болбой коюшту. Эми балдарынан бөлүп да коё албадык. Акыры аларды бул жакка алып келдик.

Башында бийлик тарабынан "жер же турак жай беребиз" деген маселе көтөрүлгөн эмес. Аларга "Кыргызстандын жашоосун көргүлө, биздин максат - силердин балдарды окутуп берүү" деп так эле айтканбыз. Жапырт бул жакка көчүрүп келүү деген маселе такыр көтөрүлгөн эмес. Ооган бийлигинин да өз аймагында жашап жаткан кыргыздардын "массалык эмиграция болушуна каршыбыз" деген атайын бизге расмий нотасы бар. Булар биздин кандаш, боордош болгон күндө да Ооганстандын жарандары да. Колдон келген жардамыбызды берип, күйүп-бышканыбыз менен Ооганстандын бийлиги менен эсептешүүгө милдеттүүбүз.

"Азаттык": Четтеги кыргыздардын айрым үй-бүлөлөрү Нарындагы жергиликтүү элге жалданып иштеп, эмгек акысын ала албай же аз алган учурлар катталыптыр. Рита айым, айтсаңыз, бул эми чет элдик адамды мыйзамсыз иштетүү, укук бузуу эмеспи?

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Рита Карасартова: Чындыгында менде да бул кыргыздардын акыбалына байланыштуу бир топ суроолор бар эле. "Эмнеге мамлекет долбоор кылып, буларды алып келип алып, анан кам көрбөйт?" деп ойлонуп жаткам. Бирок азыр жогорудагы мамлекеттик өкүлдүн сөзүнөн кийин "көрсө бизде атайын деле программа болгон эмес экен да" деген тыянакка келдим.

"Балдарыңарды окутабыз" деген максат менен ата-энелерин кошуп көчүрүп келип алып, балдарын бөлүп кетип, калганын "эмне менен алек болсоңор өз эркиңер" деп таштап коюу мамлекеттин алысты көрө албаганын айгинелеп жатпайбы. Алакандай эл келсе, аларга кереметтүү жерибизден мүмкүнчүлүк тузүп бере албасак, мен өзүм да азыр өкүнүп отурам. Мамлекет эгер аларга жардам берип, турак жай маселесин чече албаса - анда элге жар салса болмок.

Биздин эл аябай эле кайрымдуу. Ири курулуш компаниялары бар, алар деле эптеп турак жай салып бергенге жарамак. Аймактарда, айрыкча Нарында жер деле тартыш эмес. Жергиликтүү бийлик ошол кенен жерден орун таап бере албагандан кийин мамлекеттин алсыздыгы дегенден башка эмне дейбиз?

"Азаттык": Жыпар айым, эмнеге андай чакырыктар жасалган жок?

Жыпар Мамбетова: Балдарын окутуу эле башкы максат болгон. Бийлик үй-бүлөлөрдүн болгон азык-түлүгү, кашык-чынысына чейин алып берип жардам берди. Анан алар бош жата бербей иштегиси келгенде памирликтердин алектенгени эле мал чарбачылыгы да, "жергиликтүү элдин малын багабыз" дешти. Эми биз мыйзам боюнча аларды "иштебейсиң" деп тыя албайбыз да. Анын үстүнө Кыргызстандын жашоо шарттарын көрсүн, акырындап көнүшсүн дедик.

Алар иштээрде жергиликтүү бийлик үч тараптуу келишим түзүп, макулдугун алышкан. Алгач алардын мал багарын уккан мен жеке өзүм деле чычалаган элем. "Жердин түбүнөн алып келсек, мал бактырып коюшабы" деп ойлогом. Бирок эми алар Памирде башка иш менен алектене албагандыктан убактылуу мал багышты. Ошентсе да мамлекет азык-түлүк, кийим-кечесин камдап берип жатты.

Кайрылмандардын үмүтү менен үшкүрүгү
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:26 0:00
Түз линк

"Азаттык": Мирзахалим агай, эгемендик алгандан бери эле кайрылмандар маселеси улам көтөрүлүп келет. Ооганстандык кыргыздар гана эмес, Тажикстан менен Өзбекстандан кайткан кыргыздардын азыркы кыйынчылыктары тууралуу эмнелерди айта аласыз?

Мирзахалим Каримов.
Мирзахалим Каримов.

Мирзахалим Каримов: Чындыгында памирлик боордошторубуздун тагдыры мени жакындан кызыктырды. Негизи бул кырдаалда мамлекет да, ал жактагы эл да көчүүгө жетиштүү даяр эмес экенин байкадык.

Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери кайрылман болуп келип жаткан боордоштордун өзүлөрүндө да бир топ кемчиликтер бар. Жалаң эле мамлекетти "кам көрбөйт" деп бир тараптуу айыптай берген туура эмес. "Тарыхый мекен" десе эле, "бара калса баары даяр, кош колдоп тосуп алышат" деп ойлошот. Бирок азыр биздин мамлекеттерибиздин экономикалык абалы кайрылманга эмес, өз жаранына кам көрүүгө чамасы келбей жаткан учур.

Тыштагы кыргыздарды кайтарууда мамлекеттин өзүнүн стратегиясы болушу керек. Ооганстанда эле эмес, Тажикстанда азыр жашап жаткан 40-50 миң кыргыз деле мекенине кайткысы келет. Макул, чек арадан өткөрдү дейли, кандаштардын көбү жөнөкөй документтери жок келишет. Мисалы, баласынын күбөлүгү жок же өзүнүн ким экенин аныктаган паспорту жок. Анан бул жактан ар түрдүү социалдык, укуктук кыйынчылыктарга кабылат. Демек, тарыхый мекенине кайтууну каалаган адамдарга да аябай кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек.

Боордоштор: кусалык, үмүт, келечек...
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:38 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG