Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:01
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

16:31 16.10.2020

Алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 16-октябрдагы жыйында шайлоо мыйзамына сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү биринчи окуудан өткөрдү.

Документти жалпы жыйындын кароосуна жөнөттү. Бул тууралуу парламент депутаты, аталган комитеттин мүчөсү Айнуру Алтыбаева «Азаттыкка» билдирди.

Комитет мүчөлөрү парламенттин бүгүнкү чечими менен Бишкекте өзгөчө абал режими жоюлганына байланыштуу «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү караганы белгилүү болду.

Буга чейин парламенттеги Алтынбек Сулайманов баш болгон бир катар депутаттар шайлоо босогосун 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүү, 5 миллион сомдук күрөөнү 1 миллион сомго чейин азайтуу жана форма №2 тартиби менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү аталган мыйзамга киргизүүнү сунуш кылган.

Азыркы мыйзам боюнча Кыргызстанда парламентке өтүш үчүн шайлоого катышкан партиялар жалпы добуштардын жети пайызынан көбүн алышы зарыл. 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодо мындай чектен 16 партиянын төртөө гана өтө алган. Эртеси күнү Бишкекте башталган нааразылык акциясынан кийин башталган жапырт тополоң өлкөнү саясий кризиске алып келген.

15:44 16.10.2020

15:41 16.10.2020

Депутат Алтыбаева премьер-министрди тарапкерлерин таратууга чакырды

Бүгүн, 16-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президенттин кызматтан кетишине байланышкан маселе каралган жыйында сөз сүйлөгөн парламент депутаты Айнуру Алтыбаева учурда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылып, Бишкекте топтолгон тарапкерлерин үйлөрүнө таратууга чакырды.

Депутат ар кайсы аймактардан аялдардан кайрылуулар болуп жатканын айтып, митингге чогулгандар тарашы керек деп эсептейт.

14-октябрда президенттин жарлыгы менен өкмөт башчылыкка бекитилген Садыр Жапаровдун тарапкерлери бүгүн да Өкмөт Үйүнүн алдында топтолушту. Чогулгандар журналисттерге парламенттин жыйынына байланыштуу Жапаровду колдоо максатында келгенин билдиришти.

Алар 14-15-октябрда Бишкектеги Эски аянтта, «Ысык-Көл» мейманканасынын алдында митинг өткөрүшүп, анда ар кандай талаптарды айтышкан.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акциясынан кийин Кыргызстанда саясий кризис курчуп кеткен. Бишкекте ошондон бери митингдер дээрлик токтой элек.

15:05 16.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG