Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:52
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

17:07 13.10.2020

Мадумаров: Президентти азыр кызматтан кетүүгө чакыргандар өлкөнү коркунучка кептейт (видео)

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 12-октябрда «Азаттык» менен болгон маегинде президент Жээнбековду азыр кызматтан кетүүгө чакыргандар «өлкөнү коркунучка кептейт» деп билдирди. Ал белгилегендей, учурда саясатчылар кандайдыр бир талап коюудан мурда өлкөдөгү кырдаалды эске алып, салмакташы керек.

«Саясатчылардан жападан-жалгыз президентти тааныбаган Мадумаров болгон. Аны мен коргогум келбейт. Мага өлкө, эл, мамлекет керек. Ал мен тааныбаган президент. Бирок бүгүнкү кырдаалды ал кишиден башка эч ким жөнгө сала албайт. Ошондуктан, президентти «үч күндө, беш күндө кетиши керек» дегендер өлкөнү аябагандай коркунучка салууда. Орус саясатчылары бекеринен «мамлекеттүүлүгүн жоготуп алуу алдында» деп айткан жок», - деди саясатчы.

Мадумаров президент Жээнбеков кызматтан кетсе өлкөдө легитимдүү бийлик калбай каларын белгиледи. Саясатчы ошондой эле VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин мөөнөтү эки аптадан соң бүтөрүн билдирип, ошого чейин өлкөдө толук мыйзамдуулукту орнотууга чакырды.

17:08 13.10.2020

Строкова: Мен Жапаровду колдоп добуш берген жокмун

Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова 10-октябрда "Ала Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн парламенттин кезексиз жыйынында Садыр Жапаровдун талапкерлиги үчүн добуш берген эмес. Бул тууралуу депутат “Азаттык” менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, бул жыйынга президент Сооронбай Жээнбековду колдоо үчүн катышкан.

“Мен президент отставкага кетпесин деген позициямды билдирүү үчүн баргам. Садыр Жапаровдун талапкерлиги үчүн маселе каралган учурда колумду көтөргөн эмесмин, колдобой да, каршы да болбой, калыс болгом. 6-октябрдагы жыйында мен чынында эле колдогом. Ал учурда президент калсын деген убадалар болуп, консенсус бар болчу. Бирок убакыттын өтүшү менен ишемби күнү башкача сөздөр айтыла баштады. Мени бул кырдаал тынчсыздандырды”- деди эл өкүлү.

Строкова Жогорку Кеңештин депутаттары дагы бир жолу толук курам менен жыйынга чогулушу керек деген пикирде. “Парламенттин көпчүлүк депутаттары чогулушу керек. Ишеним каттардын кереги жок. Коркоктук кылбай чогулуп, акыркы кырдаал боюнча чечим кабыл алыш керек”-деп кошумчалады депутат.

17:09 13.10.2020

Шыкмаматов: Жээнбеков менен Жапаров сүйлөшүүгө тийиш

«Кырдаал аз болсо да турукташып келе жатат, бирок дагы түрдүү интригалар токтобосо, кыйроо алдында турат». Мындай пикирин экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов «Акипресс» агенттигине билдирди. Ал учурда эң башкы маселе тынчтык жана туруктуулук экенин баса белгиледи:

«Президент менен Жапаров тирешпей, бир столго отуруп, сүйлөшүшү керек. Аларга Роза Отунбаева арбитр болуп бере алат. Садыр Жапаровду шайлашты. «Кворум жок» деп атышат, алтынчы чакырым беш жыл бою эле кворумсуз иштеп келген. Элдин баарынын эсинде, бул. Мурда унчукпай жүрүп эле, эми кворумду көрө калыштыбы?! Ошондуктан, азыр папка бөлүштүрүү, кландашып мушташуу эмес, азыр эң башкысы – тынчтык жана туруктуулук. Бизде эки саясий фигура: президент менен премьер. Артында миңдеген адамдар турган премьер-министр бар. Мен муну шайлоо учурунда эл кыдырганда көрдүм. Бардык жерден «Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгарасыңарбы?» деген суроону берип жатышты».

Шыкмаматов тараптар сүйлөшүү менен шайлоонун маселесин чечүүгө тийиш экенин, учурдагы эң маанилүү – парламенттик шайлоону өткөрүүнү боюнча сүйлөшүү зарыл болорун белгиледи.

Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына «Ата Мекен» партиясынан депутат болуп келген. Партия лидери Өмүрбек Текебаев камалгандан кийин фракция лидерлигин колуна алган. Текебаев түрмөдөн чыккан соң, пикир келишпестиктерден улам, фракциядан чыгып, мандатын тапшырган.

Жетинчи чакырылыштагы парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясынын тизмесин жетектеп чыкты.

17:10 13.10.2020

БУУ: Бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп Жээнбековду тааныйбыз

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргызстандагы конституциялык бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп президент Сооронбай Жээнбековду гана тааныйт. Бул тууралуу 12-октябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө БУУнун баш катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, БУУ өкүлү бул уюм Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү болуп келгенин жана кызматташтыгы улана берерин белгилеп, өлкөдө түзүлгөн кырдаалдан тынч жол менен чыгууга чакырды.

Герман президент мыйзамдын негизинде, бардык саясий күчтөрдүн колдоосу менен туура чечимдерди кабыл аларына үмүт бар экенин айтты. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кылдат көз салып жатканын белгилеп, кризистен чыгуу жолдорун табууга, жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүгө жана экономиканы тезинен турукташтырууга жардам берүүгө даярдыгын билдирди.

Министр Айдарбеков БУУнун өкүлүнө ыраазычылык айтып, президент Жээнбеков Кыргызстанда болуп жаткан саясий процесстерди мыйзам нугуна бурууга бардык аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG