Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Тайфундан катуу жабыркаган Филиппин жардамга муктаж


"Хайяндан" эң катуу жабыркаган Таклобан шаарынын тургундары кыйраган дүкөн-кампалардан азык-түлүк тапканга аракет кылып жатышат, 11-ноябрь, 2013.
"Хайяндан" эң катуу жабыркаган Таклобан шаарынын тургундары кыйраган дүкөн-кампалардан азык-түлүк тапканга аракет кылып жатышат, 11-ноябрь, 2013.

Филиппинде миңдеген адамдын өлүмүнө себепчи болгон “Хайян” тайфуну азыр эми Вьетнамдын түндүк жээгине жетти. Тропикалык катуу тайфундун кыйраткыч күчү бир аз басаңдаганы айтылып жатат.

Вьетнамда тайфун капташы мүмкүн делген райондордон жарым миллиондон ашуун киши башка жактарга эвакуацияланды. Андан көп өтпөй бул өлкөдө өлгөндөр тууралуу алгачкы маалымат да түшө баштады, азырынча алты кишинин өлүмү жөнүндө айтылууда. Азыр эми анын күчү басаңдап, аны биринчи категориядагы бороон-чапкын деп сыпаттап жатышат.

Коңшулаш Кытай да азыр туристтик Хайнань аралында, Гуандун провинциясында жана Гуанси-Чжуан автоном райондорунда тайфун коркунучу жогору экени жөнүндө эскертүүлөрдү жасады.

Өткөн ишембиде бешинчи даражадагы бороон-чапкын катары сыпатталган “Хайян” Филиппиндин ар кайсыл райондорун каптап, андан 10 миңден ашуун киши каза тапты. Кыйраган айрым алыскы аймактарга куткаруучулар азырга чейин жете албай жатышат.

Синоиптиктердин маалыматына караганда, тайфундун борборунда шамалдын күчү саатына 300 чакырымга жетип жатты.

Жээктеги Таклобан шаарынын мэри Алфред Ромуалдез бүгүн журналисттерге сүйлөп: "Биздин азыркы башкы проблемабыз – зарыл жардамды жеткирүү, анткени азыр жолдор да талкаланган. Мен өзүм да колуман келгенче жардам берип жатам. Бороондун эртеси да биз калдыктардын түбүнөн адамдарды издеп жаттык. Ошол эле учурда жолдорду ачып, тазалаш керек. Азыр шаардык бийликтин имаратындагылардын 95% – тайфундан жабыр тарткандар", - деди.

Бул шаар дээрлик толугу менен кыйраганы, өлгөндөрдүн көпчүлүгү ушул шаардан экенин айтышты.

“Хайян” тафунунун күчү азыр деле саатына 185 чакырымга жетип, нөшөрлүү жамгыр менен коштолушу мүмкүн дешет. Андай болсо адистердин айтымында, Вьетнамдын баш калаасы Ханой суу астында калышы мүмкүн.

Мындан улам шаардын тургундары бир канча күндүк тамак-аш камдап, дүкөндөрдө азык-түлүк тартыш боло баштаганы айтыла баштады. Көптөр тамак-аш кымбаттап кеткенине, бийликтер эвакуация жөнүндө өтө эле кеч айтышканына нааразы болуп жатышат.

Бүгүн Вьетнамдын түндүгүндө бир топ мектептер жабылды. Ички жана тышкы каттамдагы жүздөгөн авиарейстер токтотулду.

АКШнын Коргоо министри Чак Хейгел Филиппинге гуманитардык жардам операциясын баштоо жөнүндө буйрук берди. АКШнын деңиз жана аба күчтөрү куткаруу иштерине тартыла турганы айтылды.


Тасмада: «Хайян» тайфуну Кытай тарапка жетти

«Хайян» тайфуну Кытай тарапка жетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG