Сүрөттөр Украинадагы окуялар, Газадагы жаңжалдын от алуусу, "Ислам мамлекети" радикалдык тобунун Ирак жана Сириянын аймактарын басып алганын жана башка ушул сыяктуу узап бараткан жылдагы орчундуу окуяларды чагылдырат.
2014: Сүрөттөр сүйлөйт
Сүрөттөр узап бараткан жылдагы орчундуу окуяларды чагылдырат.
21
Фред Гловер - Британынын 9-парашюттук полкунун мурдагы аскери Нормандияда 70 жылдык мааракенин маалында парашютчуларга көз салууда. 6-июнь 1944. (Andy Rain, epa).
22
Жиннадагы (Jinnah) эл аралык аэропортто талиптер атып түшүргөн учак. 10-июнь. Кол салууда 27 киши набыт кеткен. (Athar Hussain, Reuters).
23
Алеппонун ал-Шаар көчөсүндө өкмөттүк күчтөр таштаган бомбадан кийин пайда болгон чуңкурга толгон сууга түшүп жаткан балдар. 10-июль. (Hosam Katan, Reuters).
24
Сребренице шаарчасындагы мүрзө (Босния жана Герцеговина). 1995-жылдын 11-июлунда сербиялык аскерлер салган кыргында миңдеген мусулман эркектер өлтүрүлгөн. (Мидхат Потурович, RFE/RL).
25
Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн Шафтарск шаарчасына жакын жерде атып түшүрүлгөн учактын калдыктарын аралаган киши. Каргашалуу окуяда учактагы 298 киши жок болгон. (Alexander Khudoteply, AFP).
26
Орозо маалында Бакунун Мешеди-Дадаш мечитинде намазга жыгылгандар, 21-июль.
(Abbas Atilay, RFE/RL).
(Abbas Atilay, RFE/RL).
27
Газа тилкесиндеги элдешүү маалында израилдик армиянын авиасоккуларынан бузулган жайлар. 26-июль. (Oliver Weiken, epa).
28
Православ диниятчы Киевдин Төбөлсүздүк аянтында активисттер менен полициянын кагылышуусунда автоунаанын дөңгөлөгүн полицияны көздөй ыргытууда. (Sergei Supinsky, AFP).
29
Косовонун Жяковица шаарчасында мелдеште 22 метр бийиктиктен сууга секирген киши. 11-август. (Armend Nimani, AFP).
30
"Ислам мамлекети" радикал тобунан качкан ирактык езиддер Сирия менен чек аралаш тарапка бет алууда. 11-август. (Rodi Said, Reuters).
31
Кытайдын Чжэцзян (Zhejiang) провинциясында Киэнтэнг (Qiantang) дарыясынын ташкынынан качкандар. 13-август. (Reuters).
32
АКШнын Улуттук гвардиясынын аскерлери Миссури штатында Фергюсондогу дөбөдө афро-америкалык өспүрүм Майкл Браундун атып өлтүрүлүшүнө каршылык билдирип чыккандарга байкоо салууда. Браундун өлүмүнө байланыштуу массалык нааразылыктар августта башталып, ок аткан полиция кызматкерин сот актагандан кийин ноябрда кайра уланды. (Larry W. Smith, epa).
33
Донецктеги үйлөрдүн бириндеги чаң баскан, сынган айнек чачыраган, ашканадагы бүлүнгөн оокаттар. 26-август. (Sergei Ilnitsky, epa).
34
Беларустун Озерцо кыштагында улуттук фестивалда адамдар саман чачышып, бийлеп жатышат. 7-сентябрь. (Uladz Hrydzin, AFP).
35
Орусиялык космонавт Олег Артемьев Эл аралык космос станциясында алты апта жүргөндөн кийин кайтып келди. Жезказган, Казахстан, 11-сентябрь. (Maxim Shipenkov, Reuters).
36
Улуттук кийимчен аялдар Ставрополдогу жарманкеде бийлеп жатышат, 21- сентябрь. Августта Орусия Батыштын санкцияларына жооп катары четтен ташылган бир катар тамак-ашка тыюу салган. (Eduard Korniyenko, Reuters).
37
Грузиядагы Гудаури кыштагындагы лыжа базасында кызын ойнотуп жүргөн аял. Тбилиси, 24 сентябрь. (Kirill Kudryavtsev, AFP).
38
Либериянын баш калаасы Монровиядагы Уэст-Пойнт районунда эбола вирусун эскерткен белги. Бул жер Батыш Африкадагы эбола вирусу чыккан кедей район деп саналат. (Ahmad Jallanzo, epa).
39
Карачи шаарында селфи сүрөткө түшүү, Пакистан. 28-октябрь. (Akhtar Soomro, Reuters).
40
Гонконгдогу нааразылыкка чыккандар демократиялык кыймылдын символу катары кол чатырларын ачып турушат. Реформаларды талап кылган манифестациянын бир айлыгын белгилөө маалы. REUTERS/Damir Sagolj (CHINA - Tags: POLITICS CIVIL UNREST TPX IMAGES OF THE DAY) - RTR4BUXS