Сүрөттөр Украинадагы окуялар, Газадагы жаңжалдын от алуусу, "Ислам мамлекети" радикалдык тобунун Ирак жана Сириянын аймактарын басып алганын жана башка ушул сыяктуу узап бараткан жылдагы орчундуу окуяларды чагылдырат.
2014: Сүрөттөр сүйлөйт
Сүрөттөр узап бараткан жылдагы орчундуу окуяларды чагылдырат.
1
Тестиер кыз Бернаур штрасседе (Bernauer Strasse) Берлин дубалынын урагандыгынын 25 жылдыгына карата роза коюуда. 9-ноябрь. (Fabrizio Bensch, Reuters).
2
Украинанын Евросоюз менен жакындашуусун колдогондор Киевдин Төбөлсүздүк аянтында Жаңы жылды тосууда. 1-январь. (Valentyn Ogirenko, Reuters).
3
Өтө катуу чилдеде Чикагодогу Мичиган көлүнө тоңгон муз, Иллинойс штаты. 6-январь. (Scott Olson, Getty Images).
4
Алепподогу өкмөттүк күчтөрдүн соккусу маалында бала көтөргөн эркек, Сирия. 21-январь. (Ammar Abdullah, Reuters).
5
Тузлада (Босния жана Герцеговина) нааразылык демонстрацияда өкмөт үйүнүн дубалына жармашып чыгып бараткан киши. 7-февраль. (Dado Ruvic, Reuters).
6
Ооганстандын Нангархар (Nangarhar) провинциясында аскерий операцияда колго түшкөн арасында эки аял бар "Талибандын" мурдагы согушкерлери курал-жарактары менен. 4- февраль. (Abdul Mueed, epa).
7
Сочидеги Кышкы Олимп оюндарынын ачылышында беш шакекченин бири күйбөй калды, 7- февраль. (Phil Noble, Reuters).
8
Киевдеги баррикадага коюлган каракчы. Евроинтеграциянын жактоочулары менен өкмөттүк күчтөр кагылышкандан кийин Украинанын президенти Виктор Янукович качууга мажбур болду. 21-февраль. (Bulent Kilic, AFP).
9
Венадагы балдын ачылышы. Катышуучулар залга кирүүдө. 27-февраль. (Herbert Neubauer, epa).
10
Бишкекте Нооруз майрамында жигиттер көк бөрү тартышууда. 17-март. (Igor Kovalenko, epa).
11
Крым аннексиялангандан кийин Орусиянын желегин желбиреткен автоунаа Феодосия шаарынын чекесинде баратат. (Shamil Zhumatov, Reuters).
12
Приморский крайындагы Фокино шаарындагы ядролук калдыктарды сактаган заводдо жарактан чыккан суу алдында жүрүүчү кеме. 28-март. (Yuri Maltsev, Reuters).
13
5-апрелде Мазари-Шарифтеги шайлоо участогунда кезекте турган ооган аялдары. Талиптер кулагандан кийин өлкөдө бийлик демократиялык жол менен биринчи жолу өткөрүлүп берилди. Шайлоодо Ашраф Гани жеңип чыккан. (Zohra Bensemra, Reuters).
14
Венгер аялдары Будапештке жакын Верешедьхазеде (Veresegyhaza) парламенттик шайлоодо добуш берүүдө, 6-апрель. Шайлоонун жыйынтыгы менен премьер-министр Виктор Орбан дагы төрт жылга бийликте калды. (Laszlo Balogh, Reuters).
15
Ереванда Осмон империясы маалындагы армян геноцидинин курмандыктарын эскерүү иш-чарасында демонстранттар Түркиянын желегин өрттөөдө. 23-апрель. (Hayk Baghdasaryan, Photolure).
16
Иракта парламенттик шайлоо маалында аялдар сыяга малынган сөөмөйүн көрсөтүүдө, Багдад, 30-апрель. (Sabah Arar, AFP).
17
"Евровидение" ыр сынагынын жеңүүчүсү Кончита Вюрст Венада жеңгенин уккандан кийин. 11-май. (Georg Hochmuth, AFP).
18
Түркиянын батышындагы Маниса шаарында көмүр шахтасы жарылганда аман калган уулун өпкөн ата, 13-май. Кырсыктан бир топ шахтерлор набыт болгон. (Bulent Kilic, AFP).
19
Аргунда Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун энеси - Аймана Кадырованын урматына салынган мечит. (RFE/RL's Radio Marsho).
20
Топчича-Польенин (Босния жана Герцеговина) тургундарын соңку жүз жылдык өтө катуу суу ташкындан сактап калуу аракеттери көрүлүүдө. (Dado Ruvi, Reuters).