Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

Польша: полиция мэрдин өлүмүн териштирүүдө


Павел Адамович.
Павел Адамович.

Дүйшөмбүдө Польшанын Гданск шаарынын мэри, бир күн мурда соопчулук иш-чарасы маалында бычак жеп жарадар болгон Павел Адамович көз жумду. Полиция шектүү катары жакында абактан бошогон 27 жаштагы жергиликтүү тургунду кармады.

Догдурлар түнү бою 53 жаштагы мэрдин өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп, аны фармакологиялык комага киргизишкен. Жергиликтүү маалымат каражаттары элге кайрылып, кан тапшырууну өтүнгөн. Кол салуудан саясатчы көп кан жоготуптур.

Окуя жекшемби күнү кечинде, кайрымдуулук концерти учурунда болгон. Салют атыла баштаганда белгисиз киши сахнага чыга калып, чогулган жүздөгөн көрүүчүлөрдүн көзүнчө мэрге бир нече жолу бычак сайган. Маалыматтарга караганда, ал адилетсиз соттолуп отуруп чыкканын, түрмөдө кыйноолорго туш болгонун айтып кыйкырган.

- Мэрди бычактаган киши жасагандарына кубанып тургандай көрүндү. Аны жашырган да жок. Кол салып туруп тез качып кеткен кишидей түрү жок болчу. Кылганына маашырланып турду, - деди күбөлөрдүн бири Жоанна Погоржелска.

Адамович оор абалда ооруканага жеткирилип, беш саат бою операция жасалды. Догдурлардын айтымында, бычак жүрөгүнө жана иче карынына тийген.

Полиция шектүү адамды кармады, ал декабрда абактан кое берилген 27 жаштагы Стефан аттуу жергиликтүү тургун болуп чыкты. Ал төрт банкты тоногондугу үчүн беш жарым жылга кесилген экен. Ички иштер министрлиги кармалган кишинин акыл-эсинде мандем бар деп маалымдады.

Тартип коргоочулар кылмышка шектүү Адамовичке кантип жакындап барганын териштиришүүдө.

- Гдансктын мэрине кантип ушунча жакындап бара алганын билүү биз үчүн өтө маанилүүү маселе. Ал “пресса” деген жазуусу бар күбөлүктү колдонгонун билебиз, - деп айтты шаар полициясынын басма сөз катчысы Карина Каминска.

Павел Адамович.
Павел Адамович.

TVN телеканалы тарткан видеолордо көрүнүп тургандай, кол салган киши бир нече секунд эки жакка басып, кийин микрофонду алып, күнөөсүз түрмөдө отуруп чыкканын, “Жарандык платформа” деген партия бийликте турган кезде соттолгонун айткан. Маркум мэр мурда ошол партиянын катарына кирчү.

Ал Балтика жээгиндеги Гданск шаарынын башында 20 жыл турду. Былтыркы жергиликтүү шайлоодо добуш бергендердин 65 проценти Адамовичке ишеним көргөзүшкөн. Адамович азчылыктардын укуктарын коргогон либерал саясатчы катары белгилүү болчу.

Польшанын ички иштер министри Йоахим Брудзинский кол салууну "түшүндүрүлгүс ырайымсыздык" деп атады.

Президент Анджей Дуда маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG