Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Бийлик президентке, өкмөткө эмне?...


Президент К.Бакиев билдирүү жасоодо. 20-октябрь, 2009-жыл.
Президент К.Бакиев билдирүү жасоодо. 20-октябрь, 2009-жыл.

Президент К. Бакиев башкаруу системасы кандай реформаланаарын жарыялады. Аны ишке ашырыш үчүн эми Конституцияга жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек. Структурасы өзгөрө турган өкмөт кызматтан кетти.

Президент башкаруу системасы кандай реформаланаарын 20-октябрда жарыялады. Мамлекет башчынын сөзүнө караганда, реформа президенттик администрацияны жоюудан башталат. Анын ордуна Президенттик институтут түзүлөт. Ал институттун курамында Президенттин аппараты, Катчылыгы, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик, ошондой эле Коопсуздук, коргонуу жана тартип боюнча мамлекеттик кеңешчи жана Мамлекеттик тышкы иштер министри болот.

Бул органдардын башчылары жана өкмөт башчы, Жогорку Кеңештин төрагасы Президенттик кеңешмеге кирет. Кеңешмеде өлкөнүн ички жана тышкы саясатына байланыштуу өтө орчундуу маселелер каралат.

Коопсуздук кеңеш жана анын катчылыгы, Мамлекеттик катчы кызматтары жоюлат.

Улуттук коопсуздук кызматы, Финансы полициясы, Интеллектуалдык менчик агенттиги Мамлекеттик кызматтарга айланып, президентке баш ийет.

Өкмөттүн структурасы да өзгөрөт. Эгерде азыркы өкмөттө 14 министрлик, беш мамлекеттик комитет жана жыйырмадан ашуун
агенттик, кызматтардан турса, жаңы структурада 14 министрлик, жети агенттик жана алты кызмат, эки фонд болот. Булардын ичинен өкмөттүн аппарат башчысы вице-премьер-министрлик деңгээлге көтөрүлүп, таасири күчөйт.

Министрликтердин ичинде функция, ыйгарым-укуктар өзгөрөт. Мамлекеттик кадр кызматы борбордук статуска ээ болот. Ал эми каттоо иштери толук Мамлекеттик каттоо кызматына берилет. Ал тууралуу президент буларды белгиледи:

- Бардык министрликтерден каттоо функциясы алынат. Мисалы, Ички иштер министрлигинен автоунааларды каттоо, паспорттук столдор, Юстиция министрлигинен никени каттоо, Айыл чарба министрлигинен айыл чарба техникаларын каттоо алынат. Бардык каттоо иштери Мамлекеттик каттоо кызматына берилет.

Реформалардын натыйжасында чиновниктердин саны кыскарып, мамлекеттик бюджет 500 миллион сом үнөмдөөрү белгиленди. Бошоп калган кызматкерлерди социалдык жактан коргоо өкмөткө жүктөлүүдө. Бул өзгөрүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн тийиштүү юридикалык база даярдыгын президент белгиледи:

- Президенттин институттары, өкмөт боюнча өзгөрүүлөр юридикалык базага ээ. Ошондуктан жакынкы күндөрү жардык жана буйруктар чыгарылып, кадрдык дайындоолор болот.

Байкоочулар реформанын натыйжасында өкмөт ого бетер алсызданарын белгилешүүдө. Тышкы иштер министрлиги өкмөттүн курамынан чыгарылып, президенттин алдындагы Мамлекеттик тышкы иштер министрлигине айлануусунан өкмөт тышкы иштерге байланыштуу толгон-токой иштерди, кызматташууларды кандай жүргүзөт деген да суроо бар.

Андан сырткары Президент алдындагы Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикке дээрлик өкмөттүн функциялары берилгени байкалып турат. Бул кайталоолордун дагы кайталанганынан кабар берет. Президенттик бөлүштүрүүлөрдө Туризм агенттиги жөнүндө сөз болгон жок. Бул тармак жаңы түзүлө турган Табийгат ресурстары министрлигине кетеби, азырынча белгисиз.

“Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов реформадан президенттик бийлик чыңдалганын билдирүүдө. Ал эми Коммунисттик партиянын лидери Исхак Масалиев буларды билдирди:

- Бир нерсеге макул болуш керек, бүгүнкү күндө башкаруу системасында иштеген кызматкерлер өтө көп болуп жатат. Бюджет үчүн оор болуп жатат. Аны кыскартууга биз барышыбыз керек.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков реформа тууралуу мындай оюн айтты:

- Президент сөзүн иш жүзүнө ашырып жатат. Сандан сапатка өтүп жатат.

Ал эми каржы министри Марат Султанов мындай пикирин билдирди:

- Президенттин көз караштарын бюджет жагынан карасак, бул биринчиден чыгымдардын кескин төмөндөшүнө алып келет. Демек бошогон каражаттарды башка жактарга жумшаганга мүмкүнчүлүк алабыз. Экинчи жагынан министрликтерден саясий, чарбалык функциялар бөлүнүп жатат. Баары так-так бөлүнүп калды.

Оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров реформадан президенттик бийлик гана күчөтүлгөнүн белгиледи.

Акыркы маалыматтарга караганда, Игорь Чудиновдун өкмөтү кызматтан кетти. Өкмөт башчылыкка жаңы талапкерди “Ак жол”
фракциясы жана партиясы жакынкы убактарда карашы күтүлүүдө.

Бийликти реформалоодон майнап чыгабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG