Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

ЖККУ НАТО менен "сүйлөшпөйт". Кыргызстанчы?


Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа ЖККУ НАТО менен диалогду токтоторун өткөн жумада жарыялады. Сүрөттө: президент Атамбаев, УКМК төрагасы Таабалдиев жана ЖККУ баш катчысы Бордюжа.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа ЖККУ НАТО менен диалогду токтоторун өткөн жумада жарыялады. Сүрөттө: президент Атамбаев, УКМК төрагасы Таабалдиев жана ЖККУ баш катчысы Бордюжа.

Орусия менен Батыштын тирешүүсүнүн натыйжасында Жамааттык коопсуздук келишими уюму НАТО менен диалогду токтоторун жарыялады.

Жамааттык коопсуздук уюмунун мүчөсү, ошол эле кезде НАТО менен да бир катар өнөктөштүк долбоорлорду аткарып жаткан Кыргызстанга ал кандай таасир этет?

Орусия менен Батыш мамлекеттери катуу тирешүүнүн жолунан чыга элек. Ал эмес дүйнөгө таанымал саясатчылар жана саясат таануучулар эки ортодо жаңы “Кансыз согуштун” эпкини ура баштаганын айтышууда.

Андай жоромолдорго күч берип, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа ЖККУ НАТО менен диалогду токтоторун өткөн жумада жарыялады.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмундагы өлкөлөрдү Орусиянын айланасында баш коштуруу айласындабы, айтор ал жыйында ЖККУнун аймагында “кырдаалды курчутуу” максатында Батыш аракеттенип жатат деген да билдирүүлөр болду. Мындай билдирүүлөр жасалган жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана башка депутаттар катышты.

Ал жыйынга катышкан депутат Туратбек Мадылбеков Кыргызстанда кырдаалды чайпалтуу максатында аракеттерди байкабагандыгын билдирди:

- Биздин чалгындоо кызматы канчалык иштейт, алардыкы канчалык натыйжалуу иштейт аны салыштыруу кыйын. Бизде андай маалыматтар жөнүндө кабарым жок. Биздин атайын кызматтардын, башка укук коргоо органдарынын берген маалыматтары жок. Мүмкүн аларда маалыматтар бардыр. Ошонун негизинде айтып жатат да.

Ошол эле учурда Кыргызстан НАТО менен жүргүзүп келаткан долбоорлорунан баш тартпайт деген пикирин Туратбек Мадылбеков кошумчалады.

Ал эми саясатчы жана коомдук ишмер Эдил Байсалов Кыргызстан НАТО сыяктуу Батыштын структуралары менен байланышын бир жактуу түрдө эле кыскарта баштаган дейт:

- Аны биздикилер эчак эле толугу менен токтотушкан. Казакстан болсо Ооганстанга да, Иракка да батальон жөнөткөн. Мына азыр Казакстан эболага каршы күрөшүүгө чейин катышууда. Бул дүйнөлүк коомчулуктун тең укуктуу, жооптуу мүчөсүмүн деп катышканы. НАТО менен да кызматташууда. Алардан курал-жарактарды алууда. Маселен, бир канча тик учактарды алышты. Каспий деңизине АКШ катерлерди берген.

Саясат таанучу Марс Сариев Бажы биримдигине бараткан Кыргызстан Орусиянын артынан кетүүгө аргасыз дейт:

- Эми Бажы биримдигине кирбесе, Кыргызстан экономика жагынан кыйрайт деп эсептеймин. Ошондуктан экономика үчүн эгемендүүлүк жагынан аябай жоготуп жатабыз. Эгемендүүлүк же экономика деген тандоо чыкты. Экономика болбосо таптакыр талкаланып кетебиз. Ошон үчүн бизде башка жол жок. Менин оюмча, биз ЖККУнун мүчөсү катары Орусиянын артынан НАТО менен диалогду токтотуунун артынан барабыз. Мунун таасири бизге тиет. НАТО менен долбоорлор токтоп калышы мүмкүн.

Марс Сариев Орусия менен да, АКШ баш болгон Батыш менен да кызматташуу Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын дал келерин белгилейт. Бирок азыркы шартта Бишкек көп вектордуу саясат жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап баратканын кошумчалады.

Түндүк альянстын октябрда дайындалган баш катчысы Йенс Столтенберг.
Түндүк альянстын октябрда дайындалган баш катчысы Йенс Столтенберг.

Кыргызстан НАТО менен “Тынчтык үчүн өнөктөштүк”, “Виртуалдык жибек жолу”, “Жибек жолу стратегиясы” программаларынын алкагында жана бир катар аскердик машыгууларга катышуу менен кызматташып келген. Алар аркылуу Кыргызстандын аскердик инфраструктурасына жардамдар берилген.

Эки тараптын акыркы келишимдеринин бири Ооганстандан НАТОнун жүктөрүн Кыргызстан аркылуу ташуу келишими. Ал учурда иштеп жатканы маалым.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG