Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:21

И.Исаковго бийликтен ыдык, аскерлерден ыраазылык


Бишкек гарнизондук сотунда оппозиция лидерлеринин бири И. Исаковго байланыштуу соттук териштирүү уланып, айыпталуучу Н. Каимов Балыкчы аскер бөлүгүндөгү кемчиликтерге Исаковдун тиешеси жоктугун айтты.

Мурунку коргоо министри Исмаил Исаковго Балыкчы аскердик бөлүгүндө техникаларга дурустап көзөмөл жасаган эмес, уулуна квартира берилген жана аскердик майрамдарда фуршеттерди уюштурган деген айыптар коюлган.

Ал эми Балыкчыдагы аскердик бөлүктө техникалардын жоголушу боюнча өткөн жылы декабрь айынын баш чендеринде ал аскердик бөлүктүн командиринин орун басары Нурдин Каимов камакка алынган. Башкы прокурордун тергөөчүсү Расуловго сурак берип жаткан учурунда Каимов өзүн жаман сезгендиктен жана ар кандай коркутуулардан улам жасалбаган айыптарды мойнуна алганын 13-ноябрда сотто айтып чыкты.

Анын айтымында, 13 техника 2008-жылы 21-ноябрда Коргоо министрлигинин Курал-жарак боюнча башкармалыгынын башчысы

Таалай Сатыбалдиев жана аскердик бөлүктөгү жоопкерчиликтүү жетекчилердин колу коюлган документ менен мыйзам чегинде эскиликке чыгарылган. Бирок коркутуулар жана адаштыруулардан улам документтер “жасалган” деп мойнуна алган.

Маселен, Каимовго полковник Сатыбалдиевдин колу жасалма экендиги тууралуу тергөөчүлөр айтышкан. Натыйжада Каимов жалпы документтерди “жасалма” деп мойнуна алып, мыйзамдуу түрдө эскиликке чыгарылган техникалардын экөөсүн аскердик бөлүккө кайтарып келген. Ал ошондой эле аскердик бөлүктөгү көптөгөн адамдардын камалып кетпеши үчүн айрым кемчиликтерди өз мойнуна алганын кошумчалады. Бирок Каимов аскердик бөлүктөн темир сыныктарын сатуу үчүн жарандардан акча алганын моюндап, ал акчалар Чолпон-Ата шаарында паркка коюлган танканы аскердик бөлүккө кайтаруу үчүн жана казармаларды оңдоо үчүн жумшалганын белгиледи.

Адвокат Азимбек Бекназаров Балыкчыдагы аскердик бөлүктөгү техникаларды эскиликке чыгарууга коргоо министри Исмаил Исаковдун тиешеси болду беле деген суроону койду.

Ага Нурдин Каимов мындай жооп берди:

- Урматтуу коргоо министри генарал Исаков Исмаил Исакович, биринчиден суранам, бизди кечирип коюңуз. Биздин айыбыбыздан сиз дагы бул жерге келип калдыңыз. Силердин бул ишке тиешеңер жок. Исмаил Исаковдун бул техникаларды эскиликке чыгарууга эч кандай тишеси жок, деген Нурдин Каимов Исмаил Исаков ал үчүн туу тутар киши экенин, анын Коргоо министрлигине келиши менен үмүттөр жанып, катардагы жоокерлер үчүн көп нерсе жасалганын кошумчалады.

13-ноябрда ошону менен Нурдин Каимов көрсөтмө берип бүттү. Эми Коргоо министрлигинин Курал-жарак, техника боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Таалай Сатыбалдиев жана Исмаил Исаков көрсөтмө бере баштайт. Соттук териштирүү дүйшөмбү күнү уланмакчы.

Ал эми 13-ноябрдагы соттук териштирүүнүн жана андагы Нурдин Каимовдун көрсөтмөсүнө карата Исмаил Исаковдун коргоочусу Азимбек Бекназаров мындай пикирин билдирди:

- Негизги соттолуучу Каимов бүгүн күнөөсүн тап-такыр мойнуна алган жок. Жандүйнөсү ооруп турган чакта баары бир болуп калганын, компьютерден чыгарган сурак протоколуна кол кое бергеннин билдирди. Мына азыр өзүнө келип, иш жүзүндө мындай болгон деп баарын айтып берди. Ошону менен ал Башкы прокуратура тарабынан коюлган айыпты эч мойнуна алган жок. Генерал Исаковдун бул эч кандай тиешеси жок экенин айтып, материалдык жоопкерчиликтүү кишилерди санап берди. Ошону менен Исмаил Исаковго аскер автотехникаларга жетиштүү көзөмөл кылбаган деген айып жок болду деп эсептесек болот.


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG