Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

А.Бекназаров: И.Исаковдун кайраты бекем


15-январда адвокат Азимбек Бекназаров 11-январдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын абагында камалып турган Исмаил Исаков менен жолугушуп чыкты. Ал эми Бишкекте жана Алайда генерал Исаковдун боштондугун талап кылып, ачкачылык жарыялагандардын саны 22 кишиге жетти.

Исмаил Исаковдун Алайдагы тарапкерлери 15-январда акыркы кадамдарга барууга, өздөрүн-өздөрү өрттөөгө даярдыгын билдиришти. Андан сырткары ачкачылык жарыялагандардын саны 12ге жетип, бийликке ишенимдери тап-такыр кетип калганын ачыкташты.

Исмаил Исаковдун боштондугун талап кылып, Бишкекте ачкачылык кармагандардын саны 10 кишиге жетти. Алардын ден-соолугуна кардиолог-дарыгер Ташболот Балтабаев көз салууда. Бишкекте ачкачылык кармап отургандардын бирөөсү Зулайка Калыева буларды
билдирди:

- Азыр абалыбыз ушул, кайнак суу ичип отурабыз. Исаковду мыйзамсыз камап койгону үчүн биз өтө кыжырдануу менен отурабыз. Оорусак да отурабыз. Аягына чыгабыз деп турабыз. Исаков үчүн отурабыз. Эл үчүн отурабыз. Кудум биздей эле абалда Петровка, Балыкчыдагы айыпталгандар турат. Биз өтө-өтө кыжырдануу менен отурабыз Бакиевге.

Исмаил Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров 15-январда Исмаил Исаков менен жолугушуп чыкты. Жолугушууга уруксат алуу жеңил болбогонун Бекназаров билдирди:

- Бүгүн эртең менен эрте келип, түшкө жакын саат 12:30да араң кирдим. Экинчи жолу судьядан уруксат алып, аны өзүбүз алып келип, көрсөтүп араң кирдик. Мурда жөнөтүлгөн уруксат абактын башчысынын колуна тийбептир. А түгүл Исмаил Исаковго ушул күнгө чейин өкүмдүн көчүрмөсү да берилбептир. Ден-соолугу абдан жакшы. Мурдагыдай эле күнөөлүү эмесмин деп жатат. Колдоочулардын баарына ыраазычылык айтты. Мыйзамды бузушпасын. Мыйзамдын чегинде талаптарды кое беришсин деген өтүнүчүн айтты мен аркылуу.

Адвокат ошондой эле дүйшөмбү күнү Кыргызстандын Аскердик сотуна апелляциялык арыз жолдоноорун белгиледи:

- Биз азыр экөөбүз сүйлөштүк. Ушул апелляциялык арызды дүйшөмбү күнү тапшыралы деп чечтик. Арызды мен жаза турган болдум. Кандай жазууну кеңештик. Ошондуктан кезектеги кадам - бул апелляциялык арыз жазуу жана дүйшөмбү күнү тапшыруу болмокчу.

Расмий бийлик Исмаил Исаковдун камалышына карата эч кандай билдирүү тарата элек. Ал эми бийликтин “Ак жол” партиясынын депутаттары “соттун чечимине каршы пикир айта албасын. Ар ким жасаган кылмышына жараша жазасын алыш керек” деген пикирлерди айтууда.

Акыйкатчы Турсунбек Акун Исаковдун соттолушуна карата мындай пикирин билдирди:

- Исмаил Исаковго мен дагы жакында кирип чыгайын деп жатам. Мен ойлоймун, албетте, биз соттун ишине, тергөө ишине кийлигише албайбыз. Бирок мен Акыйкатчы катары айтайын, соттун өкүмү көп адамдарды аябай нааразы кылып жатат. Ошонун ичинен Акыйкатчы катары мени дагы. Өкүм кабыл алаардан мурда көп фактылар менен ойлонуш керек эле. Саясат жыттанган ишти эле саясатка айландырып, чечип койгону көп адамдардын нааразылыгын жаратып жатат.

Белгилеп кете турган нерсе, Алайда нааразылык акциясына чыккандар Акыйкатчы жана адам укугун коргоочулар алардын талаптарын угушун өтүнүп жаткан. Бирок азырынча борбордук бийлик сыяктуу эле борбордогу укук коргоочулар да бул жагынан активдүүлүгүн көрсөтө элек.

Саясат таануучу Табылды Акеров бул үчүн укук коргоочуларды сынга алды:

- Бизде укук коргоочулар бийлик түзгөн уюмдарга, же болбосо комиссияларга кирип кетип, ошондуктан өздөрүнүн үнү бийликке
жетпей калып жатат. Анткени, балким ошол аркылуу алар балдарын жакшы жумуштарга коюп, окууга өткөрүп, өздөрүнүн кызыкчылыгын дагы бүткөрүп жатат. Ошондуктан өздөрүнүн үнү да жетпей алсырап, элдин дагы кызыкчылыгын мурдагыдай айта албай жатат. Биздин укук коргоочулар бүгүн Алайда болуп жаткан, же болбосо Павлюктун өлүмү боюнча эч кандай иш алып барган жери жок. Билдирүүлөрү да жок.




Тасмада: Бишкекте ачкачылык акциясы уланууда

Бишкекте ачкачылык акциясы уланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:31 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG