Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

И.Исаков: Жалал-Абадда митинг бата менен аяктады


Исмаил Исаков, коргоо министринин милдетин аткаруучу.
Исмаил Исаков, коргоо министринин милдетин аткаруучу.

Убактылуу өкмөттүн түштүк регион боюнча атайын өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков 19-20-майда Жалал-Абадда болуп, ал жердеги баш-аламандыкты токтотууну жетектеди. Абал кандай жөнгөрүлгөнү тууралуу Исмаил Исаков “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: - Исмаил мырза, Жалал-Абадда азыркы мезгилде абал кандай? Кырдаал жөнгөрүлдүбү? Эл менен жолугушуулар кандай өттү?

И. Исаков: - Азыркы мезгилде Жалал-Абад облусунда, Жалал-Абад шаарында абал туруктуу. Эл менен жолугушуу абдан жакшы маанайда өттү. Чындыгында алардын Убактылуу өкмөттүн алдына койгон бир топ маселелери туура. Бизде, өкмөттө катачылыктар кеткен учурлар болгон. Мына ошолорду оңдоо талабы менен эл намысына келгенде чыгып, сүйлөшүүлөр негизинде, алар дагы бизди угуп, түшүнүп, анан бүгүн соңунда жакшы маанай менен баарыбыз бири-бирибизге ыраазы болуп, бата берип тарап кеттик.

“Азаттык”: - Митингге чыккандар кандай талаптарды коюшту?

И. Исаков: - Негизги талап Кадыржан Батыровго байланыштуу болду. Анын сүйлөгөн сөздөрү, жасаган иш-аракеттери кыргыз
улутундагы кээ бир адамдардын намысына абдан катуу тийген экен. Анын туура эмес иштерине тартип коргоо органдары мыйзам чегинде чара көргөн эмес. Мына ошондуктан азыр эрте менен төрт саат, эрте мененки саат тогузга чейин ошол университетте тергөөчүлөр, журналисттердин катышуусунда, текшерүү иштерин жүргүзүштү. Ошол жерде мыйзам бузууларды далилдеген фактылар бар экени тууралуу тергөөчүлөр айтышты. Тергөө жүрүп жаткандыктан мен бирдемке деп айта албаймын. Кылмыш иши козголуптур. Күнөөлүүлөрдү табуу жана тергөөнү жүргүзүү боюнча прокуратура тарабынан тапшырма берилиптир.

“Азаттык”: - Кадыржан Батыров менен байланышууга сизде мүмкүнчүлүк болдубу?

И. Исаков: - Биздин тартип коргоо органдары тинтүү жасаганда Кадыржан Батыров ордунда болбоптур. Университетте башка жагынан чыгып кете турган эшик бар экен. Ошол жагынан чыгып кетиптир.

“Азаттык”: - Азыркы мезгилде Жалал-Абадка аскер киргизилип, баарын ошолор көзөмөлдөп жатабы, күч жетиштүүбү?

И. Исаков: -
Бул жерде өтө деле аскер керек дегендей абал эмес. Бирок коркунуч бар. Себеби кызуу кандуу жаштарыбыз бар. Анан эң көңүлгө аларлыгы баш-аламандыкты уюштурууну каалагандар жок эмес. Анын үстүнө ушактар, имиштер өтө эле тез таркайт экен. Ошондуктан адамдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн, алардын түнү бейпил болуш үчүн биздин тартип коргоо органдарынын жетиштүү күчү бар.

“Азаттык”: - Исмаил мырза, сизди жана облус губернатору Бектур Асановду барымтага алышты деген маалымат чыгып кетти. Анын чындыгы канчалык?

И. Исаков: - Өзүбүздүн жарандар өзүбүздү кантип барымтага алсын? Бул эми туура эмес маалымат. Бирок биз койгон маселелер чечилгенге чейин жаныбызда туруп турсун дегендер болду. Бул акыйкат. Муну кээ бирөөлөр туура эмес маалымдап, элибизди жаманатты кылып коюшат. Туура, айтышты, «мына Исмаил Исакович, сиз мына бу маселелерди чечиңиз. Мына ушуларды караңыз».
Мен дагы сурандым, мейли, анда силер тараптан дагы делегаттар шайлансын. Анан чогуу баралы. Телефон менен чечкенге болбойт дедим. Элибиз макул болду. Ага чейин Бектур Асанов жаныбызда тура турсун дешти. Мен ойлоймун, муну барымтага алды дегенге туура келбейт. Мен маселени чечип келгенден кийин Бектур Асанов жумушуна жөнөп кетти.

“Азаттык”: - Демек, барымтага алды деген туура эмес маалыматтар экен да...

И. Исаков: - Албетте. Барымтага алганда өзүңө билесиңер бир жерге камап коюп, катуу талаптарды коет эле. Губернатордун бир гана кемчилиги кечээ күнү митингге чакырганда ал кандайдыр бир себептер менен барбай калган экен. Ошого митингчилер ызаланып, эмне үчүн губернатор бизге келбейт, эмне үчүн түшүндүрбөйт, эмне үчүн так айтпайт, бизден качып жатат, башкалар менен мына минтип биригип жатат деген ушактар тарап кетиптир. Ошонун негизинде ызалары болгон. Бүгүн аны көрсөткөнгө да аракет кылышты. Эми эл деген эл да. Бирок аша чапкан жок. Арасындагы кызуу кандуу жаштар кол көтөргөнгө аракет жасашты. Бирок катуу мыйзам бузууларга барган жок. Бектур Асанов чыгып кетти.

«Азаттык»: - Негизинен азыркы мезгилде митинг аяктап, баары үй-үйлөрүнө тарап кетти да?...

И. Исаков: - Ооба. Мен, эл койгон маселелердин баарына далил менен так, ачык жообун бердим. Ошондуктан баары ыраазы болушту. Анан баарыбыз бата кылып, бири-бирибизге ыраачылык айтып, ырахматты айтып, жакшы маанайда тарап кеттик.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG