Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Апта: Кадр жана шайлоо жүрүштөрү, Москва мамилеси


Орусия Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын күтпөстөн эле стратегиялык болгон аскердик багыттагы сүйлөшүүлөрдү баштады.
Орусия Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын күтпөстөн эле стратегиялык болгон аскердик багыттагы сүйлөшүүлөрдү баштады.

Үгүт өнөктүгү башталып калган мезгилде президент Роза Отунбаева күч структураларында олуттуу кадрдык өзгөрүүлөрдү жүргүздү. Мындай өзгөртүү шайлоо өнөктүгү учурунда партияларды теңдештирүү үчүн жасалганы айтылды, бирок ошол эле учурда бул кадрдык жүрүштөрдүн соңунда кээ бир партиялар алсызданса, башкалар күчтөндү. Ал ортодо Москвада кыргыз-орус аскер кызматташтыгы жөнүндө сүйлөшүүлөр болду.


Кадрдык жүрүштө ким каржалды?

Кызмат которуштурууларга токтолсок, 7-июлдан бери ички иштер министрин жетектеп келген Кубатбек Байболов Башкы прокурор кызматына дайындалды. Ал эми кызматынан бошотулган башкы прокурор Байтемир Ибраев азырынча жумушсуз.

Ички иштер министрлигине болсо Бишкек шаардык милициясынын башчысы Зарылбек Рысалиев келди. Жогорку Соттун төрагасы милдетин аткарып келген Кубанычбек Момбеков да кызматынан четтетилип, анын ордуна Феруза Жамашева дайындалды.

Президент Роза Отунбаеванын бул кадрдык жүрүштөрү вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровго жаккан жок. Анткени муну менен Бекназаров ыңкылаптан кийин күч структуралары, сот системасын көзөмөлдөгөн учурда жетишкен кадрдык таянычтарынан ажырап калды. Бул Бекназаровдун саясий келечеги үчүн өтө олуттуу сокку болуп калышы мүмкүн. Анткени өзү шайлоого барууга даабаган Азимбек Бекназаров БЭК партиясын мына ушул күчтөрдүн жардамы менен жок дегенде 5% тосмодон алып өтүүгө үмүттөнүп жаткан. Эми бул үмүттүн ишке ашуусу ого бетер оорлошуп калды.

Ал эми БЭКтин атаандашы болгон “Ата Мекен” жана Кыргызстан социал-демократиялык партиялары 7-апрелден кийин коюлган кадрларын толук сактап, ал эмес акыркы акыркы өзгөрүүлөрдө күчтөнүп алды. Муну Азимбек Бекназаров да өз билдирүүсүндө белгиледи:


- Муну мен кадимки ак сарай оюндары катары баалайм. Президент жаңы парламенттен көпчүлүктү алып, өкмөт түзүүгө кызыкдар, бири Жогорку Кеңешке төрага, бири өкмөт башчысы болууну самап, күндө түш көрүп жатышкан партия лидерлеринин буюртмасын аткарды. Башкача айтууга мүмкүн эмес. Бирок бул жерде алар үстөмдүк кылуунун рычагдарын колго алууга аракет кылып жатышканы менен анын жыйынтыгы теңирден тескери болуп калышы да мүмкүн. Мен Роза Отунбаевага жолукканда айттым, “Эгерде Акаев менен Бакиевге алардын үй-бүлө мүчөлөрү буюртма берип жүрүп, тагдырына балта чабышса, эми сиздин саясий тагдырыңыз менен сизге буюртма беришкен партиялардын жетекчилери ойнобошу керек” деп айттым. Ажырымдын башы мына ушундай көшөгө артында чечилген оюндардын айынан болуп жатпайбы.

Президенттик администрациянын башчысы Эмил Каптагаев саясий оюндарга байланыштуу айыптоолорду четке какты:

- Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу дагы жок, эч кандай саясий оюндар да жок. Президент шайлоо өнөктүгүнө карата укук коргоо органдарындагы иштерди өзүнүн көз карашына ылайык жөнгө салууга карата эле жасаган чечимдери болду. Эч кандай кызыкчылык көздөбөсүн, мыйзамдуулук так сакталсын, бардык саясий күчтөрдүн ортосунда калыс анан катуу туруп берсин дегенди бая күнү мамлекет башчысы айтпадыбы. Мына ошол саясатты жүзөгө ашыруу максаттында гана жасалган кадам.

Жума башындагы кадрдык өзгөрүүлөрдө жылдызы дагы бир жолу жанган Кубатбек Байболовго токтолсок, ал бир жагынан ири ишкер, экинчи жагынан КГБнын мурунку офицери жана саясатчы. Курманбек Бакиевдин учурунда коопсуздугуна байланыштуу АКШга көчүп кетүүгө аргасыз болгон. 7-апрелдеги окуялардан кийин ал Кыргызстанга келип, түштүктөгү кандуу окуялар учурунда Жалал-Абадда коменданттын милдетин аткарып, андан кийин ички иштер министри кызматына дайындалган. Кубатбек Байболов партиялык иштерге да активдүү катышып, кезинде “Ак шумкар” партиясын түптөөчүлөрдөн болгон. Акыркы кезде “Ата Мекен” партиясы менен байланышып, бул партиянын тизмеси менен шайлоого бараары күтүлгөн. Бирок ал мамлекеттик кызматта кала берди.

Өр алган өнөктүк

Мына ушундай кадрдык өзгөрүүлөр менен катарлаш Кыргызстанда парламенттик шайлоо өнөктүгү өр алды. Бул өнөктүктө 150 млн. долларга чейин каражат чачылары айтылууда. Шайлоого катышып жаткан 29 партияга шайлоо фондуна 100 млн. сомго чейин каражат топтоого уруксат берилген. БШКнын мүчөсү Айнура Абдыкалыкова бир дагы партия азыркы мезгилге карай шайлоо фондуна 100 млн. сом сала электигин белгилеп, фондуга акчалар мезгил-мезгили менен салынып жатканын кошумчалады.

29 партия 100 млн. сомдон салган күндө дагы жалпы каражат 150 млн. долларга жетпейт. Анын үстүнө мына ошол 29 партиянын ичинен саналуу гана партиялар мына ошончо каражат топтоого жөндөмдүү. Ал эми каражаты жана адам ресурстары жетиштүү, уюштуруу иштерин жолго койгон партиялар стадиондорго эл толтуруу, көчөлөрдөгү көрнөк-жарнактардын көптүгү боюнча мелдеш өткөрүүдө.

Маселен, 16-сентябрда “Ата Журт” партиясы Ошто, ага чейин “Ата мекен”, “Республика” партиялары миңдеген шайлоочулар катышкан үгүт-шоу кампаниясын өткөрүштү. 17-сентябрда “Республика” партиясы Бишкекте мына ошондой иш чара өткөрдү. Бул иш чараларга киши толтуруу үчүн ырчы, куудулдардын жардамы пайдаланылууда. Ушундай эле жолугушууларды “Бүтүн Кыргызстан”, “Ак шумкар”, “Ар намыс”, “Замандаш”, Социал-демократиялык партиялары жер-жерлерде өткөрүүдө.

Көчөлөрдө, маалымат каражаттарында үгүт жүргүзүү боюнча алдыңкы саптарда “Республика”, “Ата Мекен”, Социал-демократтар, “Ата Журт” партиялары баратканы байкалат.

Азырынча мына ушундай жолдо бараткан шайлоо өнөктүгү 10-октябрдагы добуш берүү менен жыйынтыкталат. Анда кайсы партия жеңишке жетишери ачык эмес. Анткени ачыктан-ачык алдыга суурулуп чыккан “күлүк” байкала элек.

Бирок шайлоодо ким жеңбесин Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы орнойт. Анткени 27-июнда кабыл алынган Конституцияда мына ошондой жол-жоболор бекитилген. Кыргызстан түшкөн бул жол Россия баш болгон кошуна өлкөлөргө жага бербегени буга чейин айтылган.

Парламенттик башкаруу системасы Кыргызстанга бейкутчулук алып келбесин стратегиялык өнөктөш Кремль жакында бир жолу эскертти. Орус президенти Дмитрий Медведев парламенттик башкаруу кыйроого алып келерин ачык эле айтты:


- Албетте, башка саясий системаны да элестетип көрсө болот. Маселен, Орусияга парламенттик демократияны киргизүүнү. Мына биздин кыргыз досторубуз ошондой жолго түштү. Бирок мен ачык эле айтып коеюн, Орусия үчүн, анан да чочулаганым Кыргызстан үчүн деле бул - кыйроо.

Орус президентинин парламенттик башкаруу системасын айыптаган сөзүнө улаалаш Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жетекчиси Николай Бордюжа Кыргызстанда кырдаал курчушу мүмкүндүгүн эскертти.

Бул эскертүү жана билдирүүлөрдүн кооптуу жагы бар. Анткени Россия КМШ аймагын, анын ичинде Кыргызстанды өз кызыкчылыгында жаткан аймак катары эсептейт. Ошого жараша бул чөлкөмдөгү кырдаалды ар тараптан көзөмөлдөөгө, бардык иштер Москванын ишарасына жараша болушуна аракет жасап келет. Ошондуктан Кремль, эскертүүлөрүн чындыкка айлантууга салым кошпойбу деген чочулоо да жок эмес.

Негизи эле парламенттик башкаруу системасы кайсы жагынан кыйроо алып келиши мүмкүн? Биринчиден бул күчтүү бийликтин болбошу менен опурталдуу. Шайлоо соңунда бир дагы партия өкмөттү түзүүгө мүмкүнчүлүк бергидей добуш чогулта албай, натыйжада коалициялык өкмөт түзүү зарылдыгы келип чыгат. Коалициялык өкмөттө адатта бекем боло албайт. Кандайдыр бир популярдуу эмес, бирок мамлекет үчүн зарыл чечимдерди кабыл алуу татаалдашат. Регионализм коркунучу да жок эмес. Ири партиялар тизмелерин түзүүдө өлкөнүн бардык аймактарын камтууга аракеттишти. Бирок ага карабай регионализм илдети кимдир-бирөөлөрдүн көкүтүүсү же жеңилүү ызасы менен күчөп кетиши ыктымал. Мындай коркунучтар бизде такай болуп келгенин мурунку тышкы иштер министри Эднан Карабаев белгилейт:

- Кептин мааниси башкаруу формасынын тууралыгына байланышкан жери жок. Атүгүл монархизм деле дурус дегидей жыйынтыктарды бериши ыктымал. Буга чейин айтып келгендеримди дагы кайталап коеюн. Баары даярдыкка байланышкан. Батыштын парламенттик башкаруу формасын биздин республикадагы жердешчилик, уруучулук-кландык бөлүнүштөргө кантип айкаштыра алабыз? Мына ушуга келгенде бизде такай тирешүүлөр боло берет.

Бийлик шайлоо учуру жана анын жыйынтыгын чыгаруу учурунда кокус боло турган опурталдарга даярдык көрүп, добуш берүү күндөрү алдында күч органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөрүн белгилеп жатат. Бирок алсыз күч органдары толкундаган массага туруштук бере албасын жакынкы эле тарыхыбыз көрсөттү.

Өзүнө ишенимдүү Кремль

Кремль парламенттик башкаруу системасынын коркунучтуулугун эскертүү менен катар Кыргызстанда бекемделүүгө аракет жасоодо. Кыргызстандагы ички күчтөр да бири-бири менен канчалык карама-каршылыкта болбосун, Орусия менен жакындашууга келгенде басымдуу көпчүлүгү бир пикирде болууда.

Бул факторлор өз кезегинде Бишкек менен Москванын парламенттик шайлоонун жыйынтыгын күтпөстөн эле стратегиялык болгон аскердик багыттагы сүйлөшүүлөрдү баштоого негиз болгондой.

Белгилүү болгондой 13-сентябрда Кыргызстан коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Москвада орус министри Анатолий Сердюков менен жолугушуп, аскердик кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Кыргыз тарап сүйлөшүүдө Кыргызстандагы орус аскер базаларына ижара акысын көтөрүү маселесин койгонун Кудайбердиев маалымат жыйынында айтып берди:

- Ижара боюнча айта кетсем. Ушул мезгилге чейин эски келишим боюнча 4,5 миллион доллар төлөнүп келген. Азыркы жаңы
келишимге азырынча кол коюла элек. Сүйлөшүп атабыз. Биз тараптан ошол ижараны көтөрүү үчүн албетте сунуштар болду. Биз аны көбөйтөбүз. Билесиңер да, 1993-жылы 17 жыл мурда 4,5 миллион болуп турганда шарттар кандай эле? Азыр кандай? Азыр инфляция ж.б. болду. Ушуга байланыштуу биз өз талаптарыбызды коёбуз. 3-4 эсе көбөйткөнгө аракет кылабыз.

Кыргыз тарап ижара акысын акчалай түрдө эмес, курал-жарак менен алууну көздөп жатат.

Кудайбердиевдин сапарынан кийин 20-сентябрда орус коргоо министрлигинин жогорку даражалуу генералы Герасимов, андан кийин 25-сентябрда коргоо министри Анатолий Сердюков Бишкекке келе турган болууда.

Байкалып тургандай бул сапарлар парламенттик шайлоого чейин жасалат. Демек, шайлоодо ким жеңбесин, Кыргызстан Москвадан алыс кетпесин орус бийлиги билип турат...
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG