Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Апта: Астана менен Сочинин айырмасы, саясий күрөштүн желаргысы...


Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Сочидеги жолугушуусу.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Сочидеги жолугушуусу.

Узап бараткан жумада президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине 2015-жылы кирүү максатын тастыктады.

Өкмөт энергетика тармагындагы оор абалды моюнга алды. “Ата Мекен” партиясы саясий демилгени колго алуу аракетин кайра баштады.

Бажы биримдигине кирүүгө саналуу айлар калды...

Кыргыз бийлиги Бажы жана Евразия экономикалык биримдигине 2015-жылдан баштап кирүү максаты олуттуу экенин көрсөтүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев 11-августта Сочиде орус президенти Владимир Путин менен жолугушуу учурунда Кыргызстан келерки жылдан баштап Орусия жетектеген интеграциялык бирикмелерге кирүүгө катуу даярдык көрүп жатканын билдирди. Президенттин сөзү менен удаалаш өкмөт Жогорку Кеңештин күзгү сессиясына республиканын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланыштуу мыйзамдардын пакети жөнөтүлөрүн маалымдады. Андан сырткары Экономика министрлиги автоунааларга бажы төлөмдөрүн көтөрүп, Бажы биримдигинин шарттарына жакындата баштады. Ишкерлер ошондой эле импорттук башка товарларга да бажы төлөмдөрү жакынкы айларда көтөрүлүшүн күтүп жатышканын айтышууда. Мына ушул көрүнүштөрдүн баары Кыргызстан Бажы биримдигине кирип баратканын айгинелейт.

“Бажы жана Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы сакталса гана киребиз” деп кыргыз жетекчилиги керектүү жерде айтып келет. Мына ошол “улуттук кызыкчылыкты” сактоо үчүн Орусия май айында Астана саммитинде 1 млрд. 200 млн. доллар убада кылса, эми ал эки эседен көпкө кыскарып калганы маалым болду. Кыргыз-орус президенттеринин Сочидеги сүйлөшүүсүнөн кийин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү жана экономикалык өсүшүн камсыздоо үчүн Орусия 500 млн. доллар бөлөт”,- деп билдирди.

Батыш менен санкциялык согуштарды жүргүзүп жаткан Москванын бул суммадагы акчаны берүүсүнө күмөн санагандар дагы бар. Маселен, Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков:

- Менин Орусияда азыр болуп аткан жараяндарды байкоомо караганда, берүүсү өтө кыйын болот. Анткени өздөрүнүн проблемалары көп. Бир аз бериши мүмкүн. 500 млн. доллардын баарын бере албайт. Анткени абалдары мындан ары оорлорун билишет. Эркин акчалары азаят.

Кыргызстан коомчулугунда эки мамлекет убадалашкан энергетикалык долбоорлордун аткарылышына күмөн саноо дагы өсүүдө. Бул Жогорку Нарын каскадында төрт ГЭСтин курулушуна даярдыктын солгундашы, ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунан али күнгө чейин кабар жоктугу менен тастыкталууда. Ал эми “Кыргызгаздын” “Газпромго” сатылышы менен түштүк региондо газдын жоголушу ишенимге олуттуу сокку урду.

Айтмакчы, президенттер Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин ГЭСтердин курулушун дагы талкуулап, алар боюнча кошумча тапшырмалар бергени маалымдалды. Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев Жогорку Нарында курулуш өз нугунда жүрүп жатат деп, ал эми Камбар-Ата-1 техника-экономикалык негиздемеси даярдалып бүттү дейт:

ГЭС курула турган жер. Нарын.
ГЭС курула турган жер. Нарын.

- Камбар-Ата-1 техника-экономикалык негиздемеси бүттү. Аны биз Орусия тарапка жөнөттүк. Өзүбүз болсо бекиттик. 1860 мегаватт кубаттуулукта болот. Бул биз үчүн өтө пайдалуу жана натыйжалуу. Биздин экономикабызга пайда келтирет. Эми Орусия тараптан кабар күтүп жатабыз. Алар бекитер замат бул маселени жылдырганга катуу киришебиз.

Артыкбаевдин айтымында, ГЭСтин курулушу үчүн 3 млрд. доллардын тегерегинде каражат кетери эсептелген. Ал Токтогул ГЭСинен да кубаттуу болот. Маселен, Кыргызстандын азыркы кездеги эң ири ГЭСи Токтогулдун кубаттуулугу 1200 мегаватт.

Энергетикалык кризистин алдындагы саясий күрөш...

Кыргызстандын тышкы интеграциялык багыттагы саясаты бекем мүнөзгө ээ боло баштаганы менен ички саясаттагы проблемалары оркоюп чыгып, саясий күрөштөргө старт бериле баштады. Саясий демилгени колго алууга көнгөн “Ата Мекен” фракциясы кылмыштуулукка каршы күрөшүү “туусун” кайрадан көтөрүп, Чолпон-Атадагы ат майданга берилген кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Камчы Көлбаевдин атасы Асанбек Көлбаевдин ысымын алмаштыруу талабы менен чыкты. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары" башталганга чейин ат майдандын атын өзгөртүү керек деп, аны мындай негиздеди:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

- Бүгүнкү кырдаалда атасын сыйлап анын атын койсоң, демек баласы тың чыккан экен дейт. Ат майданга Көлбаевдин атасынын атынын берилиши саясий жактан туура эмес. Президент Алмазбек Атамбаев жарыялаган идеологияга караманча каршы келген сокур кадам деп эсептейм. Бул криминалдык идеологиянын салтанаты, даңазалоо болуп калды. Аны көргөн жаштар, башкалар “балаң ушундай болсо, ушинтип атасын дүйнөгө даңазалайт экен” деп айтышат.

Чолпон-Атадагы ат майданга Асанбек Көлбаевдин ысымы 2012-жылы ыйгарылган. Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев Асанбек Көлбаев Ысык-Көл районунда белгилүү адам болгон, ошондуктан ысым туура ыйгарылган деп чыкты.

“Ата Мекен” партиясы кылмыштуулукка каршы күрөшүү “туусун” эле эмес, колундагы негизги рычагы болгон өкмөттү да натыйжалуураак пайдаланууга өттү шекилди. Маселен, Жалал-Абад облусунун губернатору, КСДПчы Жусупжан Жээнбеков өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин чечими менен кызматынан бошотулду. Аны менен кошо кезинде мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияда иштеген учурда мамлекеттик кызматтагы айрым адамдар да иштен бошотулду. Белгилүү болгондой “Ата Мекен” фракциясы мамлекеттик дирекциянын ишиндеги коррупциялык көрүнүштөр үчүн Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүн кызматтан кетирүү демилгесин көтөрүп чыккан.

Мына ушул көрүнүштөр “Ата Мекен” партиясынын, өкмөттөгү анын өкүлү Жоомарт Оторбаевдин күзгү саясий күрөштө, андан ары парламенттик шайлоо өнөктүгүндө демилгени колдон чыгарбоо аракетинен кабар берет.

Бирок бийлик башындагыларды, анын ичинде “Ата Мекенди” энергетика тармагында кризистик кырдаал, анын канчалык катаал болушу көбүрөөк тынчсыздантып жатканы маалым. Анткени энергетикалык кризис канчалык оор болсо, бийлик, өкмөткө ошончолук ишенимди кетирет, маселе жаратат. Алар үчүн шайлоо жылы алдында бул өтө жагымсыз жагдай.

Бүгүнкү күндө энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев оптимисттик маанайды сактап, жалпы элге электр энергиясын берүүдө чектөөлөр киргизилбесин айтууда:

Осмонбек Артыкбаев
Осмонбек Артыкбаев

- Биз жалпы элге электр энергияны өчүрбөйбүз. Биз электр энергияны жылуулукка колдонгонду өчүрөбүз. Элге электр энергиясын өчүрбөйбүз.

Бирок өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев энергетика тармагында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу калкка кайрылуу менен чыгары күтүлүүдө. Анда энергетикалык чектөөлөр боюнча ачык маалымат берилери күтүлүүдө. Кыргызстандык энергетикалык эксперттер Токтогулдагы 12 млрд. куб метрге жетпеген суу менен электр энергиясына чектөөлөр киргизбөө мүмкүн эместигин буга чейин эле эскерткен.

Жогорку Кеңештин депутаттары да күзгү сессияны кышка даярдыктын абалынан баштары күтүлүүдө. Анда өкмөттү кызматтан кетирүү демилгеси көтөрүлүшү мүмкүндүгү учурда көп айтылууда.

Экономикада өсүштүн басаңдашы да өкмөттүн пайдасына эмес. Белгилүү болгондой жети айдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукция 103.3% өскөн. Кумтөрдү кошпогондо өсүш 3% жетпей калган. Өткөн жылы бул мезгилде өсүш 107.7% түзгөн.

Экономика министрлигинин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев экономикалык абал тууралуу буларды айтты:

- Айыл чарбасы такыр төмөндөп кетти. 98.2% болуп калды. Анын себеби талаачылык, өсүмдүк өстүрүү 9% төмөндөп кетти. Курулуш дагы анчалык чоң эмес. Тейлөө тармагы 2% тегерегинде эле өстү. Соода начар болуп атат. Анткени Бажы биримдигине киребиз деп, эрежелер катуулап, Кытайдан келген товарлар азаюуда. Ички суроо-талап дагы аз болууда.

Кыргызстан экономикасы бюджет кабыл алынып жатканда быйыл экономика 6% ашыкка өсөт деп белгиленген. Бирок азыркы кезде өкмөт божомолун кескин кыскартууга барууда.

Мына ушундай экономикалык кырдаалда өкмөт Социалдык фондду реформалоону баштаарын жарыялады. Бюджеттен дотацияланып турган Соцфонд мамлекет үчүн оор жүк болууда. Маселен, келерки жылы Социалдык фондго бюджеттен 17 млрд. сом бөлүнүүгө тийиш. Мурунку каржы министри Акылбек Жапаровдун пикиринде, Социалдык фондду реформалоодо Кыргызстан бир топ кечикти. Реформанын негизинде пенсиялык фондго ким канча акча которсо, ошончо өлчөмдө пенсия алыш керек деген формула иштеп, теңдөөчүлүк жоюлушу керектиги айтылууда. Бирок жумушсуздук күчөгөн, демек пенсиялык фондго которо турган мүмкүнчүлүгү чектелүү Кыргызстанда бул реформаны жүргүзүү да жеңил болбосу турган иш.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG